Эки көсөмдүн миң жылдагы жолугушуусу
Рим папасы Франциск менен орус проваслав чиркөөсүнүн патриархы Кирилл 12-февралда Кубада жолугушту. Эки саат аңмелешкен соң эки руханий көсөм биргелешкен деклорацияга кол койду. Анда алар эл аралык коомчулукту Жакынкы Чыгыштагы христандарды коргоого чакырган. Бул - 1054-жылы христиан дүйнөсү экиге бөлүнүп кеткенден бери рим-католик жана проваслав чиркөө башчыларынын өз ара алгач ирет кездешүүсү.