Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Арменияда нааразылык акциясы уланууда


Арменияда нааразылык акциясы уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

Арменияда 20 миңдей киши катышкан наарызылык уланууда. Жекшемби күнү түн жарымга чейин полициянын элди таратуу аракетинен майнап чыккан жок. Баш калаа Еревандагы Баграмян проспектисине чогулган жарандар электр энергиясына бааны кымбаттатуу токтому биротоло күчүн жоготмоюнча митинг улана берерин билдиришкен. Наарызылыктардан улам өткөн жума соңунда президент Серж Саргсян жарыкка бааны көтөрүү буйругун өзгөртүп, эски жана жаңы тарифтердин ортосундагы айырманы өкмөттүн эсебинен убактылуу жабуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок жарандар буга макул болбой, кымбаттатууну биротоло алып салууну талап кылып жатышат. 19-июнда башталган митингди бийлик күч менен таратмакчы болуп, 23-июнда полиция чогулган элге суу чачкан. Бирок ошол эле күнү кечинде акция кайра жанданган. Арменияда 1-августтан тарта электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынган. Өлкөнүн электр тармактарына Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG