Назарбаевдин китепканасы эшигин ачты
Астанада Назарбаев борборунда көрүүчүлөр үчүн алгачкы экскурсиялар башталды. 2012-жылы ачылган борбор азыркы имаратка былтыр көчүрүлгөн. Назарбаев өзү жаңы имарат жеке каражатка салынды деп ырастап, президенттердин борборлору дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар экенин, жаш муун ал жерден мекен тарыхы, тил боюнча билим алышарын айткан. Экспозицияларда казак президентине башка мамлекеттердин башчылары тартуулаган белек-бечкектерди, Назарбаевдин курал коллекциясын да көрсө болот.