Сатылган ооган балдары
Согуш менен жакырчылык баскан Ооганстанда балдар кулчулукка сатылып, оор тагдырга туш келишет. Адатта алар абдан жакыр үй бүлөлөрдөн чыккандар. Сатылган балдардын айрымдарын талиптер жанкечтиликке колдонушат. «Азаттыктын» ооган кызматы адам саткан соодагерлердин капканына түшкөн эки баланы кепке тартты.