Анжелина Жоли Мьянмага барды
Төрт күндүк сапарынын үчүнчү күнүндө Голливуд жылдызы Анжелина Жоли Мьянманын өндүрүштүк райондорун кыдырып, фабрика-заводдордо иштеген аялдар менен жолукту. Ал жергиликтүү фабрикага Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чинин коштоосунда барды. Мьянмага БУУнун жогорку комиссарынын атайын өкүлү катары келген Джоли аймагындагы каякындар лагерине барды, зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен иштеген уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Анджелина Джолини өлкө президенти Тейн Сейн да кабыл алды.