Алепподогу уруш сириялыктарды үркүттү
Акыркы эки күндө эле 35 миңдей сириялык качкын Сириянын Түркия менен чектешкен аймактарындагы лагерлерге келип баш калка тапты. Бул тууралуу Түркиянын Килиш провинциясынын губернатору билдирди. Качкындардын агымы Сириянын өкмөттүк армиясы Алеппо шаарын камоого алган кандуу кармаштары күчөгөндөн кийин көбөйгөн. (Рейтер агенттигинин видеосу).