Орусиялык автокербен Украинага кирди
Жикчилдердин көзөмөлүндөгү Луганск жана Донецк облустарынын элине суу, электрогенератор, азык-түлүк, төшөнчү-баштык жана башка заттар жүктөлгөн автоунаалар кечээ украиналык бажычылардын текшерүүсүнөн өткөрүлө баштаган. Гумжардамды коштоп жүрчү Эл аралык Кызыл Чырым уюму өз кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн кепилдик талап кылган. Украина автокербенди Москва аскер киргизүү үчүн пайдаланат деп кооптонуп, 270 автоунаа гумжардам бир нече күн чек арада кармалып турду. 22.08.2014