[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Дүйшөмбү, 12-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Кыргызстан жаңылыктары
Аба ырайы: 13-майда Кыргызстанда күн ачык болот

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда,13-майда Кыргызстанда күн ачык болуп, батыш тараптан мелүүн жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31 градус ысык.
Жалалабат, Ош, Баткен жана Чүй облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30 градус.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +28...+30 градус болот.

--

18:32 Бакыт Бешимов: Демократия жана бекем тартип болмоюнча Кыргызстан өнүкпөйт

Кыргызстанда учурдагы саясий акыбал канаттандырабы? Өлкөнүн келечеги кандай болот? Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуусунда ушундай суроолордун тегерегинде кеңири талкуу жүрдү. Парламент мүчөсү Кыргызстан Борбор Азиядагы лидер державалар менен союз түзмөйүнчө, ошондой эле өлкөдө демократия жана бекем тартип болмоюнча өнүкпөйт деген пикирин билдирди. (АТо)

--
18:23 Түркиялык “Текар” фирмасы Нарындагы Кажырты каналын оңдоо иштерин алиге баштай элек

Нарын районундагы Кажырты каналы менен жалпысы 3 миң гектар аянт сугарылат. Бирок өткөн кылымдын 50-жылдарында пайдаланууга берилген каналдын башкы суу берүүчү жана мерчемдүү суу бөлүштүрүүчү жайлары эскирип, керектен чыга баштагандыктан, секундасына 3 жарым метр куб суу ордуна 2 жарым метр куб суу берилип калган. Канал Дүйнөлүк банктын долбоор алкагына кирип, 57 млн. сомдук жумуш башталмак. Бирок жыл башында эле тендерден утуп алган түркиялык “Текар” курулуш фирмасы ишти бүгүнкү күнгө чейин баштабай жатат. Мындай маалыматты Нарын райондук суу чарба башкармасынын жетекчиси Анарбек Сокеев бүгүн билдирди. Анын айтымында, канал талаптагыдай иштебей жаткандыктан Нарын районундагы 5 айыл өкмөтүнүн дыйкандарына суунун тартыштыгы келип чыгууда. (KUs)

--
17:58 Парламент комитети Өзбекстанга болгон карызды реструктуризациялоо боюнча келишимди жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети 2008-жылдын 15-январында Ташкент шаарында кол коюлган, Өзбекстанга болгон карызды реструктуризациялоо боюнча эки тараптуу келишимди бир добуштан жактырды. Бул документти тез арада ратификациялоо керектигин Каржы министри Тажикан Калимбетова айтып чыккан. Анын айтымында бүгүнкү күнү Кыргызстандын Өзбекстанга болгон карызы 8,6 миллион долларды түзөт жана карыз чукул арада төлөнсө кыргыз тарап 4 миллион долларга чукул акча үнөмдөп калат. (IJz)

--
17:53 Баткен облустук ооруканасынын дебитордук карызы 760 миң сомго жетти

Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо боюнча облустук координатор Сайпидин Тороев билдирди. Облустук оорукананын карызынын негизги бөлүгүн электр энергия акысы, тамак-аш жана медикаменттерге кеткен чыгымдар түзгөн. Облустук оорукананын былтыркы бюджети 242 млн сомду түзүп, учурда 2007-жылдагы аткарылган иштер жана дебитордук карыздар боюнча атайын облустук комиссия иш алып барууда. Баткен облусу боюнча стационардык ооруканаларда жалпы болуп 1879 жатуучу орун бар. (SA)

--
17:51 Атка минерлердин 80 пайызы жаңы кызматтык автоунааларды алышты

Мамлекет башчы бардык айыл өкмөттөрүн жана шаар башчыларын кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу тууралуу тапшырмасы аткарылгандыгы тууралуу маалымат алды. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 472 айыл өкмөтүнүн жана шаар башкармалыктарынын 376 сы жаңы кызматтык автомашина менен камсыз болду. Бул айыл өкмөттөрү менен шаар башчыларынын 80 пайызын түзөт. Калган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башчыларында пайдаланууга жарамдуу кызматтык автомашиналары бар. Бул маалымат бүгүн Президент өзүнүн администрациясында өткөргөн салттуу кеңешменин учурунда айтылды. (KCh)

--
16:17 Өкмөт башчынын Ысыккөлдөгү иш сапары башталды

Эки күндүк иш сапарынын алкагында премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн Тоң жана Жетиөгүз райондорун кыдырууда. Премьер-министр эртең Кумтөр алтын кениндеги абал менен таанышмакчы. Сапар Кумтөр боюнча “Центерра голд инк” компаниясы менен түзүлө турган жаңы келишимге байланыштуу болмокчу. Аталган компания менен кыргыз өкмөтү май айынын аягына чейин бул алтын кени боюнча жаңы келишимге жетишүүнү белгилеген. (SM)

--
15:40 Жогорку сот Кумтөр боюнча өкмөт токтомун жана келишимдерин токтотту

Мындай чечим бүгүн кабыл алынганын ЖК төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. Вице-спикердин айтымында, Жогорку сот бүгүн анын “Кумтөр” долбоорун жаңылоо боюнча өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жана өкмөт менен “Кумтөр Голд Компани” жана “Центерра Голд Инк.” компанияларынын ортосундагы инвестициялык келишимди жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Ал соттон Кумтөр алтын кениндеги үч участокту иштетүүгө берилген лицензияны да жокко чыгарууну суранган. К. Исабеков бүгүнкү маалымат жыйынында ошондой эле “Центерра Голд Инктин” ишмердигин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия бир катар мыйзам бузууларды аныктаганын белгиледи. “Эми фискалдык органдар Жогорку соттун чечими менен өкмөттүн Кумтөр боюнча келишими жокко чыгарылганын эске алышы керек”, - деп белгиледи Кубанычбек Исабеков.(SM)

--
15:39 Азиза Абдрасулова: Мурдагы акыйкатчы тушунда коомдук кеңеш түзүү оюбуз ишке ашпай келген

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын билдиргенине караганда, бүгүн түзүлгөн Акыйкатчы институтунун алдындагы коомдук кеңешти түзүү идеясы мурда эле кыйла көтөрүлүп, бирок эмнегедир ишке ашпай келаткан. “Бул идеяны укук коргоочулар мурдатан эле көтөрүп келатканбыз. Бирок мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун тушунда муну ишке ашыра алган жокпуз. Мына азыр муну түптөп, адам укуктарын коргоо жаатында бир топ жылыштарды жасоого шарт түзүлүп атат”,- дейт Азиза Абдрасулова. (IJz)

--
14:43 Ветеринардык кызмат: Малдын жугуштуу ооруларына каражат жок, коркунуч сакталууда

Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматы өтө коркунучтуу малдын жугуштуу ооруларына каршы дарылары жок отурушканын, Каржы министрлиги беш айдан бери керектүү каражаттарды бөлбөй келатканын айтып коңгуроо кага баштады. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда сибирь жарасы, шарп, малдардагы чечек, бурцеллез, кутурма сыяктуу оорулар жайылып кетүү коркунучу бар. Жыл сайын жогоруда саналган жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн казынадан 126 миллион сом бөлүнүп, ага тиешелүү биологиялык дарылар алынат. Бирок 2008-жыл үчүн бул ооруларды алдын алууга 41 миллион сом гана караштырылган. “Бул 41 миллион сомдун 17 миллиону ветеринардык милицияны кармап туруу үчүн керектелет. Ошентип бул жылы 24 миллион сом гана вакциналарды алууга жумшалышы керек. Бирок ошол акча дагы беш айдан бери бөлүнбөй келет”,- дейт Мамлекеттик ветеринардык департаментинин директору Калыс Жумаканов. (IJz)

--
13:29 БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы жаңы өкүлү дайындалды

Бул кызматка дайындалган Ханс Фридрих Шоддер мырзаны бүгүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев кабыл алды. Тараптар анда жарансыздыкты азайтуу маселелери боюнча кызматташтыкка жогору баа берип, бул багытта борбордук жана жергиликтүү органдар менен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Кыргызстан БУУнун 1951-жылы кабыл алынган качкындар макамы боюнча Конвенциясына 1996-жылы кошулуп, качкындарды кабыл алуу боюнча толук укуктуу 141 өлкөнүн катарына кирген. Бул боюнча алган милдеттемесине ылайык, Кыргызстан 20 миңден ашуун качкынга эл аралык коргоо сунуштаган. Быйылкы жылдын 1-майына карата өлкө аймагындагы качкындардын саны 343 адамды түзөт. Алардын 79у Тажикстандан, 242си Ооганстандан, калган 22си башка өлкөлөрдөн орун которгондор. Былтыркыга салыштырганда өлкөдө качкындардын саны эки эсеге азайган. (SM)

--
13:10 «КР администрациялык – аймактык түзүлүшү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Аталган мыйзамга өлкө башчысы кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам өлкөнүн администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн түшүнүгүн, принциптерин, бул түзүлүш боюнча маселелерди чечүүнүн тартибин, администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүдө жана жоюуда, алардын чегараларын аныктоодо жана өзгөртүүдө, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алуу жана каттоо маселелерин, ошондой эле администрациялык - аймактык түзүлүшкө байланышкан башка маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.(SM)

--
12:40 Акыйкатчы институтунун алдында коомдук кеңеш түзүлдү

Бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун укук коргоо жаатында иш алып барган жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, Акыйкатчы институтунун алдында коомдук кеңеш түзүү боюнча маселени талкуулады. Талкуунун жыйынтыгында коомдук кеңешти түзүү боюнча даярдалган жобонун долбоору жыйындын катышуучулары тарабынан бир добуштан жактырылып, эми эмки жумада анын төрагасы, орун басарлары жана жалпы курамы шайланып, бекитилмекчи. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, бул коомдук кеңеш укук коргоо жаатындагы ал-абалды кыйла жакшыртып, акыйкатчы институтунун дагы да демократиялуу, эркин иштешине, ошондой эле каражаттарды үнөмдөөгө жардам берет. “Биздин орган мамлекеттик болуп саналат. Ошол себептүү мамлекеттик жогорку органдардын арасында адам укуктары бузулган учурда мен ушул коомдук кеңешке таяна алам. Мурда мамлекеттик орган болгон биздин институт үчүн андай кадамдарга баруу кыйыныраак болсо, эми коомдук кеңеш ал кенемтени толтуруп турат”,- дейт Т.Акун. Ошондой эле акыйкатчы, бул коомдук кеңеш түзүлгөн соң институтта иштеген кызматкерлердин жарымын кыскартууга мүмкүн боло турганын, анткени эч кандай акысыз иш алып бара турган коомдук кеңеш алардын ордун дагы да эффективдүү деңгээлде толуктай аларын айтты. Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, коомдук кеңештин негизги милдети акыйкатчыга адам укуктарын коргоо жаатында жардам берүү, сунуштарды киргизүү экендигин билдирди. “Биз акыйкатчыга көңүл бура турган нерселерди көргөзүп, сунуш жасап турабыз, бирок акыркы чечим акыйкатчынын өзүндө болот”,- дейт ал. (IJz)

--
11:28 Тынычбек Табылдиев миграция боюнча мамкомитетке статс-катчы болду

Аны бул кызматка дайындаган буйрукка премьер-министр Игорь Чудинов кол койгонун, Тынычбек Табылдиевди бүгүн өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов аталган комитеттин жамаатына тааныштырганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Тынычбек Табылдиев 1987-1990-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп иштеп, эгемендик жылдарында мамлекеттик бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 2006-2007-жылдары болсо вице-премьер-министр, өкмөт аппаратынын башчысы болуп, акыркы жылда “Түндүкэлектро” ААКсында жетекчинин орун басары кызматында иштеген.(SM)

--
11:12 ВИЧке чалдыккан балдарды колдоо максатында президент каражат бөлдү

Өлкөнүн түштүк аймагында ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдарга материалдык колдоо көрсөтүү максатында президенттин резервдик фондунан беш жүз он миң сом бөлүндү. Мындай буйрукка өлкө башчысы Курманбек Бакиев кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)

--
10:40 Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы алгачкы оюнда жеңишке жетти

Таиланд баш калаасы Бангкокто өтүп жаткан бул мелдеште Кыргызстандын тандалма командасы кечээ Индонезиянын командасын 5:1 эсебинде утуп алды. 11-18 май күндөрү өтчү бул мелдеште чүчү кулак кармоого ылайык, Кыргызстандын командасы А тобунда Индонезия, Ирак жана Таиланд командалары менен таймаша турган болгон. Бүгүн биздин тандалма топ ирактыктар менен беттешмекчи. (SM)

--
10:10 ЖК төрагасы ШКУ өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушат

ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен төрага Адахан Мадумаровдун жолугушуусу эртең мамлекеттик резиденцияда өтмөкчү. Анда ШКУга кирген өлкөлөр ортосундагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланат. Ошондой эле бул уюмдун Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү жана анын баш кеңсесин Чолпоната шаарында жайгаштыруу демилгеси тууралуу маселе козголот. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. ШКУ 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жолугушуусунун учурунда түзүлүп, ага аталган өлкөлөр мүчө болгон.(SM)

--
8:30 Өзбекстандан саясий башпаанек сурап, качып келип жаткандар бүгүн да бар

Мындай маалыматты “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда, качып жүргөн укук коргоочулардын, журналисттердин, же болбосо жөнөкөй эле карапайым адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргызстанга качып келүүсү бүгүнкү күндө да болуп жатат. Ондогон баш баанек сураган адам бар Кыргызстанда. Аларды чет жакка жөнөтүү боюнча аракеттер жасалууда.Ал эми Батыш өлкөлөрүнө качкын катары барып, кайра Өзбекстандын коопсуздук кызматы аркылуу кайра мекенине кайтып келген качкындардын бүгүнкү тагдыры тууралуу маалыматтар жок. Укук коргоочу Анжиян окуясына эл аралык деңгээлде да жетиштүү баа берилбегенине байланыштуу ушу окуядан кийин кыргыз бийлиги да элге карата катаал чара көрүүнү баштады, буга өткөн жылкы апрель окуялары мисал боло алат, деп эсептейт. (ZKo)

--
8:15 Бишкекте Исламды окутуу жана иликтөө боюнча жыйын болот

14-майда өтө турган “Исламды окутуу жана иликтөөлөрдөгү усулдук проблемалар” деп аталган регионалдык конференцияда ислам теологиясы, тарыхы, өзгөчөлүгү жана бүгүнкү күндө мусулмандар туш болуп жаткан кырдаал талкууланат. Конференция ЮНЕСКОнун жардамы менен уюштурулуп, кыргыз-орус славян университетинде өтөт. Иш чарага чет өлкөлүк жана жергиликтүү окумуштуулар катышат. Бул тууралуу АКШнын Гарвард университетинин Борбор Азияны иликтөө борборунан кабарлашты. (ZKo)

--
8:00 12-май Бүткүл дүйнөлүк мээрман айымдар күнү

Майрамга 100 жыл чамалуу болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана жүргүзүлүп келет. Медициналык сестра –мээрбан айымдардын кызматы эң биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Крым согушу учурунда колдонулган. Флоренс Найнтингейлдин урматына анын туулган күнү мээрман айымдардын күнү катары белгиленип келет. Кыргызстанда бул күн 1993-жылдан бери белгиленет. Ушул тапта өлкөдө 29 миңден ашуун мээрбан айым иштейт. Алардын айлык акылары 700 сомдон 1500 сомго чейин.(ZKo)

--
7:45 Бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов Кумтөр алтын кенине карай сапар алат

Алгач Ысыккөлдүн Тоң, Жетиөгүз райондорун кыдырган премьер-министр жергиликтүү активдер менен жолугушуп, аймактын жашоо-турмушу менен таанышат. Эртең Кумтөр алтын кенине жумушчу сапар менен барат. Сапардын максаты –Кумтөр алтын кени боюнча “Центерра голд инк” компаниясы менен жаңы түзүлгөн келишимге байланыштуу. Белгилүү болгондой аталган компания менен кыргыз өкмөтү май айынын аягына чейин жаңы келишимге жетишүүнү сүйлөшкөн. (ZKo)

--
7:30 Кыргыз парламенти тыныгуудан кийинки ишин баштайт

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар жана парламенттик кызматташуу комитети бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоону карайт. Алардын ичинде интеллектуалдык менчикти коргоо, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында бажы тармагында кызматташуу жана Кыргызстандын Өзбекстанга карызын реструктуризациялоо боюнча келишимдер бар, деп кабарлайт парламенттин басма сөз кызматы. (ZKo)

--
7:15 Анжиян окуясынын үч жылдыгына байланыштуу тегерек үстөл болот

Аны “Кылым шамы” бейөкмөт уюму уюштурууда. Аталган кыймылдан маалымдашкандай тегерек үстөлдө 2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон кан төгүүдө курман болгондорду эскерүү жана Анжиян окуясынын Кыргызстанга тийгизген таасири боюнча талкуу болот. Мындан тышкары Анжиян окуясында жана Кыргызстанда болгон трагедиялык окуялар тууралуу кинотасмалар көрсөтүлөт. Тегерек үстөлгө расмий бийлик, өзбек элчилигинин өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдар чакырылган. (ZKo)

--
7:00 Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын координациялык кеңеши кезектеги жыйынын өткөрөт

Жыйында Коомдук парламенттин кезектеги отурумун өткөрүү жана анда карала турган маселелердин тизмеси такталат. Мындан тышкары “Акыйкат үчүн” кыймылынын аракеттерин күчөтүү, мындан аркы жүргүзүүчү иш-чаралары талкууга алынмакчы. Бул тууралуу кыймылдын штабынан маалымдашты. (ZKo)

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]