[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Жума, 9-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Кыргызстан жаңылыктары
19:15 Кыргыз футболчулары Бангладеш тобун 2:1 эсебинде утуп алышты

Бул тууралуу “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Mакеш кабарлады. Бүгүн Спартак стадионунда өткөн мелдеш Азия континенталдык футбол федерациясынын "Чакырык" Кубогунун “С” тобунун алкагында жүрдү. Бирок Кыргызстандын футбол командасынын бүгүнкү жеңиши анын финалдык беттешүүгө катышуусуна укук бербейт. (TD)

--
Аба ырайы: 10-майда күндүз Кыргызстанда жаан-чачын болбойт

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда,10-майда күндүз Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен мелүүн жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Баткен аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градус болот.
Нарын жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +24...+26 градус.

--

17:46 9-майда Жалалабатта Жеңиш күнү белгиленди

Облуста Жеңиш күнүнө байланыштуу салатанаттуу митинг болуп, майрамга келгендерди губернатор Кошбай Масиров куттуктады. Аскердик парад уюштурулуп, ага тармактык 9 министрликтин аскерлери катышты. Согуш күндөрү менен Улуу жеңишти чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кайтпай калгандар бир мүнөт үндөбөй туруу менен жана асманга ок атуу менен эскерилип, алардын жана майдандан уулун күткөн эненин эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Коммунисттик партиянын облустук комитетинин биринчи катчысы Тагайбек Жаркынбаев митингдегилерди куттуктоо үчүн “Ак жол” партиясына сөз берилип, өзүнө сөз тийбей калгандыгын жана коммунисттердин параддан өтүүсүнө да тоскоолдук жасалганын билдирди. Атамекендик согушка Жалалабат облусунан 30 миңге жакын адам чакырылып, алардын жетөөнө Советтер Союзунун баатыры деген наам ыйгарылган. Азыркы тапта облуста Атамекендик согуштун 1345 катышуучусу жашап жатат. (YA)

--
17:03 Нарын шаарында Жеңиш майрамын белгилөө учурунда бир жоокер эсин жоготту

Улуу жеңиштин 63 жылдыгына арналган салтанат Нарындагы Тяньшань паркында өттү. Салатанатты генералдык формасы менен облус губернатору Өмүрбек Субаналиев ачып, айрым согуш ардагерлерине президенттин атынан миң сомдон тапшырды. Учурда Нарын облусунда согуштун 219 ардагеринин көзү тирүү. Аларга жылына бир жолу берилүүчү жөлөк пулдун суммасы быйыл 580 миңден ашык сомду түзүп, таратылып жатат. Салатанат учурунда өчпөс оттун жанындагы ардактуу кароолдо турган жоокер эсин жоготуп жыгылып, облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Догдурлар жоокердин газга ууланганын билдиришкен, учурда абалы дурус. (JI)

--
16:40 17-майда “Замандаш” партиясынын II курултайы өтөт

Бул тууралуу билдирген партиянын мүчөсү Жума Абуллаевдин айтымында, учурда жер жерлерде курултайга делегаттарды шайлоо иш чарасы жүрүүдө. 10-майда аталган партиянын Бишкектеги штабында жыйын болуп, анда партиянын уставына толуктоолорду киргизүү маселеси каралат. (AJ)

--
16:05 Улуу жеништин 63 жылдыгы Баткен облусунун баардык район шаарларында белгиленди

Баткен шаарындагы өткөн майрамдык салтанаттуу жыйын, «Улуу Атамекендик согуштун каармандары» эстелигине таазим этип, гүл чамбарларын коюу менен башталды. Согушта курман болгондор жана андан кийин көзү өткөндөр үчүн куран окулуп, куралдан эскерүү октору атылды. Андан соң согуштун жана ооруктун ардагерлери үчүн аскердик парад тартууланып, жергиликтүү бийлик уюштурган концерттик программа менен сый тамактар тартылды.
Белгилеп кетсек облуста жалпы Улуу Атамекендик согуштун 2290 ардагери бар. Аларга КРсынын «Улуу Атамекендик согуштун, куралдуу күчтөрүнүн жана ооруктун ардагерлери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жыл сайын бир жолу берилүүчү жалпы суммасы 354 миң сомду түзгөн жөлөк пул тарктатылган. (SA)

--
13:50 Орусиянын президенти КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын жеңиш майрамы менен куттуктады

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өлкө башчысы Курманбек Бакиевге жолдогон майрамдык куттуктоосунда 9-май элдердин баатырдыгынын символу катарында калаарын билдирген. Ошондой эле жоогер заманда сыналган достук мамиле мындан ары Орусия менен Кыргызстандын өнөктөштүгүнө жана кызматташтыгына кызмат кылары айтылган. Медведев бул мамиле келечек муундарга үлгү болоорун белгилеген. Орус президенти КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларына дагы жеңиш майрамы менен куттуктоо жолдогон. (AJ)

--
13:05 Жалалабат шаар башчысын шайлоо 2008-жылдын 16-майында өтөт

Бул тууралуу буйрукка президент Курманбек Бакиев 8-майда кол койду. Буйрукка ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдын 36-беренесинин негизинде Жалалабат мэрин шайлоо 2008-жылдын 16-майына дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

--
13:00 Бүгүн Бишкекте “Лейлек күрөшү” өтүп жатат

Кожомкул атындагы спорт сарайында ушул сааттарда жүрүп жаткан “лейлек күрөшүнө” көрүүчүлөр көп келип жатканы айтылууда. Адатта, бул таймашка бир эле Кыргызстандын эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин да балбандары катышып жүрүшөт. Күрөш жылына эки ирет, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун атына жана 31-августта Абдрахман балбандын атына арналып, өткөрүлүп келет. Бул жолку күрөштө баш-байге катары мамлекет президентинин атынан “Нива” автоунаасы коюлган. Күрөш быйыл Бишкекте 34-жолу өтүп жатат. (TD)

--
12:20 Президент коопсуздукту камсыз кылууга Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Курманбек Бакиев жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстандыктар радикалдуу экстремизм менен террордук эмне экенин жакшы билишерин, Баткен окуясы алигиче элдин эсинде калганын белгиледи. Бакиев: “Биздин негизги милдет - элдин тынч жашоосу үчүн жергебизге тыштан кол салуу аракеттерге, ар кандай басып алуучулукка каршы дайыма даяр туруу. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга Кыргызстандын бардык жактан толук мүмкүнчүлүктөрү бар”,-деди. Өлкө башчысынан кийин согуш ардагерлеринин атынан Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматов, Бишкек аскердик жогорку окуу жайынын тарбиялануучусу Азамат Качкынбаев дагы майрамдык куттуктоолорун билдиришти. Митинг-реквиемди Бишкек гарнизондук аскер бөлүктөрүнүн жоокерлеринин маршы коштоп, Жеңиш аянтында орнотулган талаа ашканасында ардагерлерге аскердик ботко, бир кесим кара нан, фронттук жүз грамм арак берилди. Майрамдын урматына Борбордук аскер үйүнүн жана Коргоо министрлигинин оркестри, чыгармачыл жамааттар концерттик программа тартуулашты. (AJ)

--
12:15 “Дордой” Ассоциациясынын Кубогуна арналган эларалык турнир аяктады

Өспүрүмдөр арасындагы турнир 5-майдан бери өтүп жаткан. Ага Кыргызстандан “Дордой”, “Алга” жана Бишкек футбол мектеби, Өзбекстандан “Пахтакор”, Казакстандан “Кайрат”, “Цесна”, “Тараз” футболдук командаларынын өспүрүмдөрү катышты. Натыйжада биринчи орунга “Пахтакор” (Өзбекстан), экинчи орунга “Цесна” (Алматы) жана үчүнчү орунга “Алга” (Бишкек) командалары ээ болушкан, деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы Акан Иманов. Жеңишке ээ болгондорго атайын белектер тапшырылды. Үч негизги орунду ээлеген командаларга 300 АКШ долларынан белек берилди. (TD)

--
11:00 Бир суткада жол кырсыгынан 11 адам каза болду

7-майда республиканын аймагында 10 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болду. Ошондой эле 157 кылмыштын бети ачылды. Ыкчам аракеттеги иш чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү “Аргымак” акционердик бирикмсеинин короосунан 57 жаштагы Ш.Алиев аттуу жарандын баштыгынан 980г героин алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.(AJ)

--
10:56 Оштун жанындагы Тээке айылында эки өспүрүм жарылуудан каза болду

Бул тууралуу билдирген ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-майда кечки саат алты жарымдарда Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылынын тургуну Абдимиталип Рахмановдун үйүнүн короосунда белгисиз жардыргыч зат жарылып, 15 жаштагы Муканбет Рахманов жана анын досу 15 жаштагы Гүлжигит Баймурзаев жеринде каза болгон. Үй ээси А.Рахманов менен анын аялы Жыргал Рахманова жаракат алышып оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Адын ала маалыматка караганда 17:30да Мырзаев атындагы №45 мектептин 8-классынын окуучулары М.Рахманов менен Г.Баймурзаев Ош шаарындагы Коргоо министрлигинин аскердик машыгуу полигонунун аймагында мал жайып жүрүшүп жарылуучу зат таап алышкан. Аны үйлөрүнө алып барып ажыратабыз дегенде жарылуу болгон. Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо жайын иликтеп, териштирүүдө. Соттук-медициналык, биологиялык жана жардыруу-техникалык экспертиза түзүлдү, деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан. (AJ)

--
10:20 К.Бакиев: Улуу ата мекендик согушта Кыргызстандыктар кайталангыс эрдик көрсөтүшкөн

Согуштун жана ооруктун ардагерлерин куттуктоосунда президент Ата мекендик согушта 360 миңден ашуун Кыргызстандыктар катышып, алар фашизмге каршы урушта кайталангыс эрдик көрсөткөндүктөрүн баса белгиледи. Бакиевдин айтымында он миңдеген Кыргызстандыктар орден, медалдар менен сыйланышып, алардын 73 Советтер союзунун баатыры, жыйырмадан ашууну Даңк орденинин толук ээси болушкан. Кыргызстандык 130 миңден ашуун адам согуштан кайтпай калган. (AJ)

--
10:08 Бишкекте улуу жеңиштин урматына байланыштуу салтанат башталды

Шаар башчысы Данияр Үсөнов салтанатты ачты. Куттуктоо сөз өлкө башчысы Курманбек Бакиевге берилип, ал Улуу ата мекендик согуштун жана ооруктун арадагерлерин улуу жеңиштин 63 жылдыгы менен куттуктап, бакубат жашоо, тынчтык каалады. Өз сөзүндө президент согуш ардагерлерине социалдык жардам көрсөтүү иретинде 19 млн. сом каражат бөлүү үчүн жардыкка кол койгонун, аларга мамлекет тарабынан ар кандай жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи. (AJ)

--
8:45 Турсунбек Акун: Биздин бийлик демократиядан артка кетти

Буга Түптөгү окуя, Кадырбековдун камалышы жана пикет-митингдер боюнча айрым мыйзам долбоорлору себеп, дейт Акыйкатчы “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда. Анын айтуусунда дүйнө Кыргызстанды КМШ өлкөлөрүнүн ичинен демократия жашаган өлкө катары таанып атканда, мындай мыйзамдардын каралып жатышы жакшы болбой калды. Турсунбек Акун экинчи жагынан мамлекет башчы Конституция күнүндө сүйлөгөн сөзүндө адам укугун коргоочуларынын аракеттерине баа бергени үмүттөндүрөт, деп билдирди. (ZKo)

--
8:20 Экинчи тилди үйрөтүүнүн жаңыча усулдары боюнча семинар өткөрүлөт

13-майдан 17-майга чейин өтө турган семинарда тилчи мугалимдер “Тил үйрөнүү жараянында мугалимдин орду. Тил мугалимине адискөй талаптар”, “Тил үйрөнүүнүн мүнөзү жана деңгээлдери” деген сыяктуу темаларда билимдерин кеңейтишет. Семинарды илим жана билим министрлиги жалпы билим берүүчү орто мектеп мугалимдеринин адистигин жогорулатуу максатында уюштурууда. Аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мындай семинар 8-майдан 12-майга чейин Ош шаарында өтүп жатат. (ZKo)

--
8:00 Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда жүрүүсүн каттоо тартиби бекитилди

Мындай токтомго өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ кол койду. Бул документ сырттан кирген жарандардын жана атуулдугу жок адамдардын Кыргызстанга келүүсүн жөнгө салуу максатында кабыл алынды, деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы. (ZKo)

--
7:45 Казакстан Кыргызстандан картошка алып кирүүгө уруксат берди

Казакстандын бийлиги Кыргызстандан картошканы беш бажы постунан гана өткөрүүгө уруксат берди. Картошка Кеген, “Бибиайша”, “Сыпатай баатыр” жана Курдай бажы түйүндөрүндө ачылган атайын карантиндик көзөмөл түйүндөрү аркылуу текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана Казакстандын базарларына жиберилет. Казак тарап картошкадан жылтырак курт –нематода табылган учурда жүк кайра кайтарылат жана киргизилип жаткан картошка үрөн катары эмес, тамак-аш үчүн гана пайдаланышы керек, деп эскертүүдө. Өткөн айдын ортосунан тартып Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан картошкада зыяндуу жылтырак курт –нематода бар деген себеп менен аны алып кирүүгө тыюу салган. Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин кабарлаганы боюнча импортко келген жана экспортко кетип жаткан азык-түлүктүн баары Кыргызстанда да карантиндик инспекция аркылуу текшерүүдөн өткөрүлөт.(ZKo)

--
7:30 “Ош ТВ” телекомпаниясы “теле берүү жана радиоуктуруу” боюнча мыйзам долбоорун кайра артка кайтарууну өтүнүп президентке кайрылуу жолдоду

Кайрылууда апрель айынын аягында ЖК тарабынан кабыл алынган “теле берүү жана радиоуктуруу” боюнча мыйзам долбоору ишке киришсе майда телекомпаниялардын жабылышына алып келет, бул болсо өз кезегинде анда эмгектенип жатышкан жүздөгөн адамдарды жумушсуз, ал эми калкты маалымат булагысыз калтырат, деп айтылат. Кайрылуу ээлери бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө шек келтирет, деп белгилеп, мамлекет башчыдан бул мыйзам долбоорун кайрадан иштөөгө Жогорку Кеңешке жиберүүсүн өтүнүшкөн. Кечээ ушундай эле маанидеги кайрылууну “Медиа өкүлү” институту президент Курманбек Бакиевге жолдогон.(ZKo)

--
7:15 Мадалбек Көчөрбаев: “Кыргызстанда демократиянын орношуна АКШнын салымы чоң, ошондуктан биз “Манас” аба базасын колдойбуз”

Мындай пикирин “Ата Мекен Америка менен бирге” коомдук уюмунун жетекчиси Мадалбай Көчөрбаев “Азаттыкка” билдирди. Ал АКШ Кыргызстанда жайгашкан “Манас” аскерий аба базасы үчүн жыл сайын өлкөгө 18 млн доллардан ижара акысын төлөп жаткандыгын, мындай өлчөмдөгү каражат өлкөнүн бюджети үчүн чоң киреше экендигин белгиледи. Анын айтуусунда Америка эгемен Кыргызстанга он беш жыл ичинде 2 млрд долларлык гуманитардык жардам, грант түрүндө 1 млрд долларга чукул жардам берген. Кабарларда айтылгандай аталган уюм эртең, 10-майда антитеррордук күчтөрдүн аскерий “Манас” аба базасын колдоп, иш-чара өткөрүүнү көздөөдө. Пикетте 11 талап коюлат, анын бири Орусия Канттагы аба базасы, Чалдовардагы байланыш полигону , Ысыккөлдөгү торпедо сыноочу жана Оштогу талаа полигону үчүн ижара акысын төлөөгө тийиш, деген талап болмокчу. Буга чейин “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” коомдук уюму Коомунисттер партиясы менен чогуу АКШнын аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабын коюп келишкен.(ZKo)

--
7:00 Бүгүн Жеңиш майрамына карата иш-чаралар өткөрүлөт

Улуу Жеңиштин 63 жылдыгына карата митинг-реквием бүгүн Бишкектеги «Жеңиш» аянтында өткөрүлөт. Ага президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Коргоо министрлигинин маалымдаганы боюнча аянтка талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилет. Ушундай эле эскерүүлөр Кыргызстандын башка облустарында да уюштурулмакчы. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган. 1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган. (ZKo)

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]