[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Бейшемби, 8-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Эл аралык жаңылыктар
НАТОнун Ооганстандагы жаңы атуулдук өкүлү италиялык дипломат болот

Фернанда Хентилини голландиялык Даана Эверттин ордуна дайындалды. НАТО Ооганстандагы жаңы өкүлү уюмдун аймактагы күчтөрү, Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдар менен ооган өкмөтүнө көмөк көрсөтүү үчүн тыгыз кызматташуусу керек деп билдирди. Хентилини буга чейин Евробиримдиктин Косоводогу өкүлү болчу.

--
Улуттар Уюмунун жардамы жүктөлгөн алгачкы учак Мянмага конду

Катуу бороонго кабылган өлкө эл аралык биринчи жардамды кырсыктан алты күн өткөндөн кийин алды. Мянма бийлиги коогалаңдан жыйырма үч миңдей адам өлгөнүн кабарлаган. Кырк эки миңге чукул адам дайынсыз жоголууда. Бир миллиондой адам үй-жайсыз талаада калды. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү бул сандар алда канча жогору болушу ыктымалдыгын билдиришти. Мянма өкмөтү жардам көрсөтүүгө далалат кылган топтордун өлкөгө киришине тоскоол кылып жатканы эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда.

--
Владимир Путин өкмөт башчы кызматка бекиди

Мамлекеттик Думада бүгүн Путиндин талапкерлигин үч жүз токсондон ашык депутат колдоду. Коммунисттер фракциясы гана каршы чыкты.

--
Иран бийлиги Шираз мечитин жардыргандар кармалганын кабарлады

Кармалган алты адам чет өлкөдөн колдоо алып турган террористтер деп шектелүүдө жана алар жардыруучу заттар менен жашырынып калууга аракет кылып жатканда колго түшкөн. 11-апрелде Шираз мечитинде болгон жардыруудан он төрт адам мерт кетип, дагы жүз токсон адам жараат алган.

--
Ооганстанда ирандык тыңчылар деп шектелген эки адам камалды

Ооган коопсуздук өкүлдөрү кармалгандар расмий Тегерандын пайдасына тыңчылык кылган деп маалымдады. Нимроз облусунун губернаторунун билдиришинче, кармалгандардын бирөөсүнөн согушчандар менен байланышы бардыгы далилдеген документтер менен сүрөттөр табылган.

--
Орусия Абхазиядагы куралдуу күчтөрүн көбөйтүүгө даяр

Орус Коргоо министрлиги эгерде Грузия Абхазиядагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтсө, расмий Москва регионго кошумча аскер жибере тургандыгын билдирди. Абхазияда азыр Орусиянын эки жарым миңдей жоокери бар. Орусия Тбилисини Абхазияны кайтарып алуу үчүн аскерий даярдык көрүүдө деп айыптоодо. Грузия бул айтылгандарды четке кагып, Москваны Грузияга караштуу аймакты басып алуунун жолун издөөдө деп күнөөлөдү. Грузин-орус жаңжалына байланыштуу Улуттар Уюму, Евробиримдик жана АКШ тынчсыздануусун билдирген.

--
Азербайжанда сот былтыр Бакуда кыйраган имараттын урашына күнөөлүү адамдарды жоопко тарты

Беш адамга имаратты куруудагы коопсуздукту сактаган эмес деп айып тагылды. Кесилгендер куруучу ишкананын жумушчулары жана башкы инженери. Башкы инженер тогуз жылга эркинен ажыратылды, калгандарына ар кандай мөөнөттө - төрт жылдан жети жылга абакка кесилди. Былтыр Бакы шаарында жаңы курулуп жаткан он беш кабаттык имарат урап жыйырма беш адам каза болгон.

--
Владимир Путиндин премьер-министрлик кызматка дайындалышы күтүлүүдө

Бул маселени орус думасы бүгүн карайт. Формалдуу түрдө Путин шаршемби күнү президенттик кызматты өзүнү мураскору Дмитрий Медведевге өткөрүп берди. 42 жаштагы Дмитрий Медведев расмий түрдө Орусиянын президенти кызматына өтүү аземинен көп өтпөй премьер-министрлик кызматка Владимир Путинди сунуш кылды. Медведев - Орусиянын үчүнчү президенти.

--
Олимпиада оту Эверестке жетти

Кытай менен Олимпиаданын желектери Кытайдын альпинисттери тарабынан дүйнөнүн эң бийик туу чокуларынын бири –Эверестке илингендиги шейшемби күнү сыналгы аркылуу түз алынып көрсөтүлдү.

--
БУУ Мьянмадагы циклондон набыт болгондордун саны “эселеп” өсүшү мүмкүндүгүн эскертти

Мьянмада өткөн жекшемби күнү болгон бороон-чапкындан улам дээрлик 1 миллион адам үйсүз калды. Өлкөнүн 5 миң чарчы километр аянты суу астында калган. Мьянмада жайгашкан АКШ элчилигинин ишенимдүү өкүлү Шари Вилароса өлгөндөрдүн саны 100 миңден ашышы мүмкүндүгүн айтты. Мьянманын расмий бийлиги 23 миң адам мерт кеткенин кабарлоодо.

--
Абхазиянын лидери Косовонун жолун жолдогусу келет

Грузиянын жикчил аймагы болгон Абхазиянын лидери Косовонун мисалында өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялашы мүмкүн экендгин эскертти. Сергей Багапш бул оюн Испаниялык “Эль Пайс” гезитине билдирген. “Косово көз карандысыз боло алса, Абхазия да боло алат. Биз мыйзам чегинде эгемен жана демократиялык өлкөнү кургубуз келет”, - деп билдирген Абхазиянын лидери. Учурда Абхазия аймагы боюнча Орусия менен Грузиянын мамилелери чыңалып жаткан кез. Өткөн жумада Тбилиси менен Москва – экөө тең өз аскерлерин чек араларына жөнөтүштү.

--
Иранда бомба жардырган деп шектелген 6 адам кармалды

Бул тууралуу Ирандын чалгындоо министри билдирди. Чоң жардыруу өткөн айда Ирандын түштүгүндөгү мечитте болгон. 12 адам мерт болуп, 190 ну жаракат алган.

--
АКШ жана Евробиримдик Орусия-Грузия тирешүүсү боюнча олуттуу тынчсызданууда

Еврошаркеттин тышкы иштери боюнча жогорку даражадагы кызматкери Бенита Феррерро-Вальднердин айтымында, Орусиянын жикчил эки аймак (Абхазия, Түштүк Осетия) менен алакаларын күчтөндүрүшү, Грузиянын көз карандысыздыгына, аймактык бүтүндүгүнө шек келтирет. Аны менен биргеликте Евробримдик бул суроону тынчтык жол менен чечүүнү колдоорун ырастады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Стефен Хадли аймактагы тирешүүнү басаңдатуу үчүн Орусияны “тизгинди тартууга” үндөдү.

--
Ирландиянын парламенти жаңы премьер-министрди шайлады

Брайан Коуэн Ирландиянын жаңы премьер-министри болуп шайланды. Аны көпчүлүк депутаттар колдошту. Ирландиянын премьер-министри болуп көп жылдан бери эмгектенген Берти Ахерн шейшембиде кызматтан кетти. Серепчилердин баамында Коуэн өкмөттө бир катар өзгөртүүлөрдү жасайт. Брайан Коуэндин мурдагы кызматтары – вице-премьер-министрликке жана каржы министр кызматына да башка адам дайындалат.

--
Израиль 60 жылдыгын белгилөөдө

Израил өзүнүн мамлекеттүүлүгүн 1948-жылы 14-майда жарыялаган. Майрамдык салтанат Иерусалимде желек көтөрүү аземинен башталды. Бул күнү араб согушкерлери кол салышыш мүмкүн деп, коопсуздук иш-чаралары күчөтүлдү.

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]