[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
КЫРГЫЗ ТАМГАЛАРЫН ОРНОТУУ
Жума, 9-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
Эл аралык жаңылыктар
Улуттар Уюму Мянма бийлигин эл аралык уюмдар көрсөткөн жардамды өзүнө ыйгарып алды деп айыптоодо

Бул жагдай оңолмоюнча бороондон запкы жеген өлкөгө жардам жөнөтүү убактылуу токтотулганы кабарланды. Мындан мурдараак БУУ Мянма өкмөтүн жардам берүүгө ашыккан топторду өлкөгө киргизбей жатканын сынга алган эле. Жекшембиде катуу бороондон бир миллиондой эл үй-жайсыз жана ичээр тамагы жок калганы маалымдалгын. Жыйырма үч миңдей адам каза болуп, дагы кырк эки миңге чукул адам дайынсыз жоголууда.

--
"Хезболла" тобу өкмөт башчыны колдогон күчтөр менен үч күндүк кагылыштан кийин Бейруттун батышын толук ээлеп алды

Кагылышта баш-аягы ондой адам набыт болуп, жыйырма киши дараат алганы кабарланууда. Жаңжал шаршемби күнү "Хезболла" тобунун лидери өкмөттү "согуш баштоону жарыя кылды" деп айыптап чыккандан киийн башталган. Бириккен Улуттар Уюму Ливанда каршылашкан тараптарды сабырдуулукка чакырды.

--
Орусияда Улуу Жеңиш майрамында оор аскердик техника коштогон парад өттү

Кызыл Аянтта мындай иш-чара советтер доорунан бери алгачкы жолу өткөрүлүп отурат. Жаңы президент Дмитрий Медведев анда биринчи жолу башкы командачы катары сүйлөп, эл аралык жаңжалдарга алып келчү “жоопкерчиликсиз дымактарга” каршы экенин билдирди. Иш-чарага кызматка жаңы бекиген өкмөт башчы Влидмир Путин да катышты.

--
Улуттар уюму чет элдик жардамдан баш тартып жаткан Мянманын аскердик бийлигин сындады

Аскерий Хунта жардам берүү үчүн өлкөгө кирүүнү сурап кайрылган эл аралык гуманитардык уюмдардын биринин да визасын тездетип, маселени чечиле элек. Маалыматтарга караганда жекшембидеги катуу бороондон бир миллиондой эл үй-жайсыз, ичээр тамагы жок калды. Жыйырма үч миңдей адам каза болуп, дагы кырк эки миңге чукул адам ың-жыңсыз жоголууда.

--
Ооганстанда куралдуу кагылышта алты талип өлүп, үч карапайым тургун жараат алды

Ооган расмий бийлиги маалымдагандай бейшембиде Гхор аймагында козголоңчулар менен полиция кагылышкан. Ички иштер министрлиги өлгөн талиптердин бири аталган аймакта кол бошчы болчу. Дагы башка окуяда жан кечти чет өлкөлүлүк аскерлердин жүрүшүнө кол салып, үч карапайым тургуна жарадар болгон. НАТОнун баш катчысы Яап де Хоп Скеффер Ооганстандын улуттук армиясын өлкөдөгү туруктуулукту жакшыраак сактоосу үчүн батыштык күчтөр аларды окутуу аракеттерин күчөтүүсү керек экенин билдирди.

--
Иран лидери АКШны Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга жолтоо болуп жатат деп айыптады

Ирандын рухий лидери, аятолла Али Хаменей мындай пикирин мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Израил мамлекетинин алтымыш жылдыгына карата оюн айтып, Кошмо штаттарын жөөттөр өлкөсүнө колдоо көрсөтүп жатат деп күнөөлөдү.

--
АКШнын аскердик күчтөрү “ал-Каиданын” Ирактагы лидери кармалганын төгүнгө чыгарды

Бүгүн Ирак бийлиги Мосул шаарында Абу Аяб ал-Масри полициячылардын чалгынында колго түшүрүлгөнүн кабарлаган эле. Расмий Вашингтон ал-Масрини ири терракт чабуулдарын уюштурган деп айыптап, аны кармап же жок кылгандарга беш миллион доллар сыйлык берилерин жарыялаган.

--
Михаил Саакашвили Грузия Орусия менен согушууга жакын экендигин билдирди

Орусиялык маалымат агенттиктер кабарлагандай, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Грузия-Орусия ортосунда согуш тутанып кетиши толук ыктымал экендгин билдирген. Кечээ Москва эгерде Грузия Абхазиядагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтсө, расмий Москва регионго кошумча аскер жибере тургандыгын билдирген. Абхазияда азыр Орусиянын эки жарым миңдей жоокери бар. Кечээ орусиялык маалымат агенттиктери дагы бир маалымат таратышкан. Ага ылайык, Абхазия дагы бир Грузиялык адамы жок учакты атып түшүргөн.

--
Ливияда жардыруулар жана атышуулар эки күн бою уланууда

Ливиянын борбору Бейрутта куралданган шиилердин “Амаль” жана “Хезболла», сунниттердин “Аль-Мустакбаль” кыймылдарынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар кечээ кайрадан күчөдү. «Хезболла» бийлик менен жарашпай тургандыгын билдирди. “Амаль” менен “Хезболланы” ирандык тарап колдосо, суниттерддин артында Ливиянын мамлекет башкаруучулары турат. Ар кыл маалыматтар боюнча, кагылуушулардан улам дээрлик 7 киши каза тапты.

--
Ирак бийлиги "ал-Каиданын" лидери Абу-аюб ал-Масри кармалганын кабарлоодо

Ирактын аткаминерлери ал Мосул шаарында камалганын айтышты. Коргоо министринин өкүлү ал-Масринин кармалганы тууралуу Мосулда жүргөн колбашчы кабарлаганын билдирди. Ички иштер министрлиги бул иш полициянын рейди учурунда болгонун кабарлоодо. АКШ командачылыгы бул маалыматты тактап жатат. Абу аюб ал-Масри Ирактагы "ал-Каида" уюмун 2006-жылы мурдагы лидер Абу Муса аз-Заркави АКШ күчтөрүнүн аба соккусунан өлтүрүлгөндөн тартып жетектей баштаган.

--
24 жыл бою кызын жертөлөдө кармап, андан 7 балалуу болгон австриялык кылмышкердин соту болот

Бүгүн 74 жаштагы Йозеф Фритцлдин иши райондук сотто карала баштайт. Ал жасаган кылмыштын ачыкталганына 14 күн болду.

--
Чеченстан автоунааларды чыгарууда

Чечен республикасынын расмий өкүлдөрү ырастагандай, кечээ жаңы курулган автозавод биринчи машиналарын чыгара баштады. Учурда Чеченстан акыркы 10 жыл ичиндеги согуштан кайра калыбына келүүдө деп мактангысы келген Орусия үчүн автоунаа заводу - жакшы белги. Грозныйда жайгашкан бул завод «АвтоВАЗ» менен биргеликте иштеп, күнүнө 20 автонуаа бөлүкчөлөрүн даярдамакчы. 10 миңдей адам жумуш менен камсыз болот. Чеченстанда жумушсуздук 75 пайызды түзөт.

--
Орусия Жеңиш күнүн аскердик парад менен белгилейт

Жылына өтчү бул аскердик парад 1945-жылы фашисттик Германияны жеңгендердин жаркын элесине арналат. Парадда президент Дмитрий Медведев сөз сүйлөйт. Өкмөттүн планы боюнча, бүгүн Кызыл Аянтта Совет доорундагыдай түрдүү аскер жабдыктарынын парады президент жана башка жогорку кызматтагы адамдардын алдынан өтөт.

--


Негизги бет
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар

English content


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]