Борбор Азия - Азаттык үналгысы
Борбор Азия - Азаттык үналгысы
Армения: Пашинян жеңди, орусиячыл эки партия да парламентке өттү 
            <description>“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты.
Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
Кыргызстан быйыл Тажикстан менен чек арасына толук инженердик тосмо тартып бүтүрүүнү көздөп жатат. Зым тартуу иштери Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында жүрүүдө.</description>
БУУда Кыргызстан Борбор Азиянын атынан cүйлөйт
            <description>Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. 2027-жылдан тарта эки жыл аралыгында Коопсуздук кеңешиндеги 15 мүчө-мамлекеттин катарында эл аралык маселелерди талкуулап, чечим кабыл алууга катышмакчы. Бул Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана жоопкерчиликти берет? Бул суроону Казакстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси, дипломат Дулат Бакишевге жолдодук. 
"Кальян паашасы". Данияр Үсөновдун уулу Алматыда кармалды 
            <description>Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, ишкер Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганы кабарланды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды. </description>
Жаш балдарды тарткан "Юнармиянын” көздөгөнү эмне?  
            <description>“Служу России” деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыгышат. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт. Айрым серепчилер соңку жылдары Орусия Кыргызстанда өз идеологиясын активдүү пропагандалап жатат дешет. Ал арада Кыргызстандагы улуттук борбор, китепканалар “Жеңиш диктанты”, “Географиялык диктант” акциялары менен Орусиянын пропагандасын...</description>
Лейлек: Эски темир жол, ээн калган Кольцо
            <description>Кольцо - Лейлектин көпчүлүк айылдары сыяктуу эле сууга жана айдоо жерлерге жетпеген конуш. Бул жерге Орус империясынын тушунда темир жол түшүп, чакан станция курулса, совет доорунда айыл болуп түптөлүп, орусча “Кольцо” деп аталган. Ошондон бери айылдын аталышы өзгөрүүсүз калыптыр. Эгемендик жылдарында темир жолдогу кыймыл токтогон. Күүлдөп турган турмуш дагы токтоп калгандай болду дейт айылдагылар. “Данисте” бул жолу кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги Кольцо аталган айылдын турмушу тууралуу...</description>
Орусия мигрантты RuID тиркемеси аркылуу көзөмөлдөйт 
            <description>Быйыл 30-июндан тарта Орусияда мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркеме - RuID ишке кирет. Ага ылайык, Орусияга кирүүнү каалагандар эң кеминде 72 саат мурда  тиркемеден арыз толтурушу керек. Аны колдонууга чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер милдеттүү болот.</description>
Алымкул аталыктын тарыхтагы орду кандай болгон?
            <description>“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул аскер башы - Алымкул Асан уулу тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек курабыз.  </description>
Ереван менен Москва тиреши артында эмне турат? 
            <description>Жылдар бою Орусиянын орбитасында айланган Армения Еврошаркетке ыктаган сайын орусиялык бир катар саясатчылар армян жетекчилигин ачыктан ачык сындаган билдирүүлөрдү жасап жатышат. Армениянын бир катар продукциясына тыюу салынды. Ереван менен Москванын бул жолку тирешинин себеби эмнеде? </description>
Путиндин Астана сапары: Казакстандагы биринчи АЭСти Орусия курат 
            <description>28-майда Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путинди салтанаттуу тосуп алды. Бул Путиндин Казакстанга соңку бир жарым жыл ичиндеги экинчи мамлекеттик сапары.Орус президентинин урматына Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик учактары асманда Орусиянын желегин элестеткен ак, көк жана кызыл түстөгү из калтырып учушту. Ошондой эле ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.Андан кийин Токаев менен Путин...</description>
            <category>Борбор Азия</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/5b39483d-c440-4f8f-747a-08debadc3b87_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/></item>
Дрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы
            <description>Москва украин дрондорунун эң ири чабуулуна дуушар болду. Орусиянын мунай заводдорун жүздөгөн чакырым аралыктан дрон соккулары бутага алды. Азыр фронтто айрым чечимдерди адам эмес, алгоритм кабыл алууда. Ал эми Киев менен Москва технологиялык таймашка түштү. </description>
"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук  термининен чыккан талкуу  
            <description>Орусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администрация" жана “административдик иш-чаралар” сыяктуу аталыштарды сунушташкан. Бирок Кыргызстанда мындай сунуштар кескин реакция жаратты. Кыргызстандын эксперттери башка өлкөнүн идеологиясына ылайык тарыхый фактыларды жана документтерди кайра...</description>
Орусиялык тарыхчыларды териктирген "оторчулук" термини
            <description>Орусиялык айрым тарыхчылар Кыргызстандын мектептериндеги тарых китебинен "оторчулук" деген терминди алып салууну сунуштады. Бул тууралуу Москвада өткөн Кыргызстан менен Орусиянын тарых боюнча эксперттик кеңешинин жыйынында сөз болгонун бир катар орусиялык басылмалар жазды.</description>
"Кош бойлуу келин үч баласы жана сиңдиси менен каза болду". Кашка-Суудагы каргаша
            <description>Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында беш кишинин өмүрү жол кырсыгында кыйылды. Алардын төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, энеси жана балдары экени белгилүү болду.  Маркум аталган айылга конокко барган. Бул окуядан кийин  милиция 22 жаштагы айдоочуну камакка алды. </description>
"Алаканы арттырууну талап кылган абал". Түрк мамлекеттери уюмунун бейрасмий саммити
            <description>15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун бейрасмий саммити өтүүдө. Негизги тема жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү. </description>
            <category>Борбор Азия</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/ae84ab55-556b-4851-2071-08de3bed1b27_w800_h450.png" length="0" type="image/png"/></item>
"Сегиз миллиард долларлык". Тажикстан менен Кытай жаңы келишимдерге кол коюшту
            <description>Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кытайга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн деңгээлинде да, компаниялар менен мекемелердин ортосунда да ондогон келишимдер жана кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы көлөмү сегиз миллиард доллар деп бааланды.Эки тарап бири-бирине түбөлүк достук тууралуу убада берип, бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдиришти. Эки өлкөнүн расмий маалымат каражаттары бул сапардын жыйынтыгын эки тараптуу кызматташтыктын...</description>
            <category>Борбор Азия</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/dff3a56d-c9c5-415b-2004-08de3bed1b27_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/></item>