Эркиндик - Азаттык үналгысы
Эркиндик - Азаттык үналгысы
"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
            <description>Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.</description>
"Өлкө өз жаранын коргошу керек". Түркияда Эрмек Сабыржанов кармалды
            <description>Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды. Алдын ала маалымат боюнча Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Анын жакындары мындан он жыл мурун Түркияда билим алганы болбосо эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн жардам сурашууда. </description>
"75чилердин каты": Экс-депутат Өмүркулов, мурдагы элчи Жунусов сотко келди  
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бар экени белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Ал кезде канча киши каза тапканы так айтылбай келет. Индиядагы мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза болду. </description>
"Гүлен кыймылына байланышы бар деп айыпталууда". Түркияда дагы бир кыргызстандык кармалды   
            <description>Түркияда Кыргызстандын дагы бир жараны диний аалым Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды. Ал 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов.  Үй-бүлөсү менен Анкара аркылуу Кипр аралына эс алууга бараткан жерден кармап кетишкен. </description>
            <category>Эркиндик</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/2be90a9d-bd65-4105-e53f-08debadc7311_cx0_cy66_cw0_w800_h450.jpeg" length="0" type="image/jpeg"/></item>
Жаш балдарды тарткан "Юнармиянын” көздөгөнү эмне?  
            <description>“Служу России” деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыгышат. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт. Айрым серепчилер соңку жылдары Орусия Кыргызстанда өз идеологиясын активдүү пропагандалап жатат дешет. Ал арада Кыргызстандагы улуттук борбор, китепканалар “Жеңиш диктанты”, “Географиялык диктант” акциялары менен Орусиянын пропагандасын...</description>
"Талкуусу жок эле шайлап коелу". БШКнын жаңы курамына кимдер кирди?
            <description>3-июнда парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Президент жана Жогорку Кеңеш сунуштаган БШКнын жаңы курамына мурдагы депутаттар жана бийликке жакын адамдар кирди. Буга чейин БШКнын мүчөлөрүнүн саны азайтылып, бул органдын көз карандысыздыгына байланыштуу талкуулар болгон эле. Шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Тынчтыбек Шайназаров кайрадан шайланды. Президенттик шайлоо алдында түзүлгөн БШКнын жаңы курамына кимдер кирди? </description>
Салянова: Позициям өзгөргөн жок, президент менен шахматты сүйлөштүк
            <description>Мурдагы башкы прокурор, Кыргызстандын шахмат биримдигинин президенти Аида Салянова “Азаттыкка” маегинде президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу, өлкөдөгү саясий кырдаал, шахматты өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. </description>
Кыргызстандын криптосаясаты жана Батыштын "кара тизмеси"
            <description>Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу. Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган. Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын ошол компаниясына санкция салды.</description>
“75чилердин каты”: Сот ишти ачык кароону четке какты
            <description>УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болду. </description>
"ЕАЭБ же Еврошаркет". Астана саммитинде Арменияга шарт коюлду
            <description>Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн төртөө Арменияга шарт коюп, же ушул бирикмени, же Европа биримдигин тандоону талап кылышты. Алар Еревандын Европа менен жакындашуусу ЕАЭБдеги башка мүчөлөрдүн "экономикалык коопсуздугуна зыян тийгизет" деген жүйөсүн келтирди.</description>
ЕАЭБ: Санарип доорундагы жасалма интеллектин жарышы 
            <description>28-29-май күндөрү Астанада ЕАЭБдин саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деп аталган жыйынга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.</description>
Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт 
            <description>ЕФЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. 
Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек. </description>
Агартуу министри: “Биздин ишибизге тыштан бут тосуу аракети болууда”
            <description>Интернет айдыңында Агартуу министрлигинин ишин сындап, министрди кызматтан алуу талабын койгон петиция тууралуу маалыматтар пайда болду. Буга байланыштуу министр Догдургүл Кендирбаева “Азаттыкка” маек куруп, мындай аракеттерди тыштан "бут тосуу аракеттери" катары кабылдап жатканын билдирди. Ал тармактагы өзгөрүүлөр, 12 жылдык билим берүүгө өтүү жараянынын жүрүшү, заманбап китептерди даярдоо аракеттери, электрондук билим берүү ресурстары жана билим берүү процессине санарип...</description>
Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. 
АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда.</description>
"Орусияга жиберген 20 тонна жүгүм жолдо калды"
            <description>Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарын жөнөтүүдө кайрадан көйгөйлөргө туш болгонун айтууда. Алар бул өлкөгө товар сатууда талаптар күчөгөнүнө байланыштуу тонналарган жүгү чек арада турганын билдирип жатышат. Өкмөт болсо бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатканын билдирип келет. </description>
“75чилердин каты”: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу сотко келди
            <description>Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын соту уланды. Ташиев менен кошо иш козголгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул иш боюнча алгач ирет үн катты. ИИМ бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон.</description>
Президенттин мурдагы кеңешчиси камакка алынды
            <description>Президенттин мурдагы кеңешчиси эмнеге кармалды? Трамп Польшага кошумча беш миң аскер жөнөтөрүн жазды. Бул билдирүү АКШнын Европадагы аскерлеринин келечектеги саны боюнча түшүнбөстүктөрдү күчөттү. Кант диабетине чалдыккан бейтаптардын бутун кестирбей сактап калган жаңы ыкма иштей баштады.</description>
Дрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы
            <description>Москва украин дрондорунун эң ири чабуулуна дуушар болду. Орусиянын мунай заводдорун жүздөгөн чакырым аралыктан дрон соккулары бутага алды. Азыр фронтто айрым чечимдерди адам эмес, алгоритм кабыл алууда. Ал эми Киев менен Москва технологиялык таймашка түштү. </description>
"Неберемди төрт жыл кордоп жүргөн". Таластагы зомбулук  
            <description>Таласта облус жана район жетекчилеринин катышуусундагы жыйында тургундардын бири 13 жаштагы небереси өгөй атасы тарабынан зордукталганын  айтып, күнөөлүү адамдын катуу жазаланышын талап кылды. Жабыркаган өспүрүмдүн жакындары окуянын чоо-жайын айтып беришти. Айыпталуучу тарап комментарий бере элек. </description>
“75чилердин каты”: Адвокаттар шаардык сотко даттанды
            <description>“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.  
Ташиевге тиешелүү "Регион ТВ" кимге өттү?
            <description>Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү "Регион" телеканалы кожоюнун алмаштырганы белгилүү болду. Канал Ташиев кызматта турганда аны колдоп-коштоп, позициясын чагылдырып келген. Анын ээсинин алмашуусунун соңку саясий окуяларга кандай таасири бар?</description>
"Бийлик аныктаган жерде гана өтөт". Тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору 
            <description>Тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизип, акция, митинг сыяктуу иш-чараларды белгиленген жерлерде гана өткөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды. </description>
            <category>Эркиндик</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/785a322c-61a4-4654-a9ae-6ad4332b5fc9_cx0_cy18_cw0_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/></item>
"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук  термининен чыккан талкуу  
            <description>Орусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администрация" жана “административдик иш-чаралар” сыяктуу аталыштарды сунушташкан. Бирок Кыргызстанда мындай сунуштар кескин реакция жаратты. Кыргызстандын эксперттери башка өлкөнүн идеологиясына ылайык тарыхый фактыларды жана документтерди кайра...</description>
"Кыргызстанда абал мындай деп ойлогон эмеспиз". Бишкекке келаткан укук коргоочу киргизилген жок
            <description>Укук коргоочу, АКШнын Түштүк Калифорния университетинин профессору Стив Свердлов 19-майда таңга маал Кыргызстанга учуп келип, бирок өлкө аймагына киргизилген жок. Ал “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Түркияга депортация болду. </description>
Камчыбек Ташиевдин алгачкы соттук иши кандай өттү?
            <description>Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. Аларга "бийликти күч менен басып алууга аракети" беренеси менен иш козголуп, тергөө аяктаганы өткөн аптада маалым болгон.
Сот отуруму беш саатка созулду. 75чилердин катына байланыштуу камакта жаткандардын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Кийинки отурум 24-майга белгиленди.</description>
Эки оттун ортосунда калган Ливан
            <description>Ливан качан жана кандайча Жакынкы Чыгыштагы согушта экинчи фронтко айланды? 17-апрелде жарыяланган убактылуу элдешүүгө карабай Израил менен “Хезболланын" Ливандагы кармашы уланууда. 1948-жылдан бери расмий түрдө согуш абалындагы Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгабы? </description>
Бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?
            <description>Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти. </description>
Бээжин: Трамп менен Си эмнени сүйлөштү?
            <description>УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш ишин козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Дональд Трамп Си Цзиньпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү?
Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.</description>
"75чилердин каты": Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү 
            <description>Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 12-майда анын адвокаты Икрамидин Айткулов Фейсбуктагы баракчасына жазды. </description>
Караколдогу концерт Кремлдин пропагандасыбы? 
            <description>Караколдо Жеңиш майрамынын урматына уюштурулган концертте орусиялык “Любэ”, “Блестящие” эстрадалык топтору жана ырчы Николай Басков ырдап жаткандагы жасалгалар маалымат кызуу талкууда. Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты. </description>
Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу 
            <description>2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге "кун үчүн куруп берди" делген ишкана бир-эки айда кишке кирери кабарланды. Бишкекте ксалынган фабрикага президент Жапаров барды.</description>