Эл үнү  - Азаттык үналгысы
Эл үнү  - Азаттык үналгысы
"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
            <description>Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.</description>
Зардалыдагы турмуш: жол салынды, интернет жетти  
            <description>Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Зардалы айылынын тургундары көп жылдар бою жарыксыз, интернетсиз жана жол азабын тартып жашап келген. Кышында тышкы дүйнө менен байланышы үзүлүп, тургундар кооптуу тоо жолдорун жөө басып каттоого аргасыз болушкан. Бүгүн тоо койнундагы бул айылга жаңы жол салынып, интернет менен электр жарыгы жетти. Бул өзгөрүүлөр Зардалынын жашоосун канчалык жеңилдетти? “Данисте” цивилизация кеч жеткен Зардалынын азыркы турмушун баяндайт.</description>
"Жылына жүздөй бут кесилет". Кант диабети кантип ооздукталат?
            <description>Бишкекте диабеттик бут синдромун дарылаган адистердин алгачкы бейформал жыйыны өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан дарыгерлер келип, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. </description>
"Буга чейин мындай сел болгон эмес". Ысык-Көлдө адам өмүрүн жалмаган кырсык
            <description>5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынын ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 6-июндагы соңку маалыматына караганда, издөө иштери уланууда.Мекеме билдиргендей, түнкү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркек жарандын сөөгү табылган. Ал эми экинчи адам изделүүдө.Кырсыкка, ӨКМ билдиришинче, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору ураганы себеп болгон. Сел суусуна кошулуп баткак...</description>
"Өлкө өз жаранын коргошу керек". Түркияда Эрмек Сабыржанов кармалды
            <description>Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды. Алдын ала маалымат боюнча Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Анын жакындары мындан он жыл мурун Түркияда билим алганы болбосо эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн жардам сурашууда. </description>
"75чилердин каты": Экс-депутат Өмүркулов, мурдагы элчи Жунусов сотко келди  
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бар экени белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Ал кезде канча киши каза тапканы так айтылбай келет. Индиядагы мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза болду. </description>
Тяньаньмендеги кыргынга 37 жыл болду 
            <description>4-июнда Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Кытай бийлиги коммунисттик партияны төңкөрүү аракети деп сыпаттаган ал окуяны эскерүүгө тыюу салган. 1989-жылдын 4-июнунда канча киши каза тапканы да так айтылбайт. Укук коргоочулардын айтымында, ошондо жүздөгөн, а балким миңдеген киши набыт болгон. Шаршембиде АКШнын малекеттик катчысы Марко Рубио Бээжиндин цензурасы аскерлердин зомбулугун элдин эсинен жок кыла албайт деп билдирди. </description>
Жаш балдарды тарткан "Юнармиянын” көздөгөнү эмне?  
            <description>“Служу России” деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыгышат. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт. Айрым серепчилер соңку жылдары Орусия Кыргызстанда өз идеологиясын активдүү пропагандалап жатат дешет. Ал арада Кыргызстандагы улуттук борбор, китепканалар “Жеңиш диктанты”, “Географиялык диктант” акциялары менен Орусиянын пропагандасын...</description>
“Батиримди суу каптады”. Караколдо МИК курган үйдүн сапаты суроо жаратты   
            <description>Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөргө нөшөрлөгөн жаандан кийин суу кирип, курулуштун сапатына байланышкан суроолорду көтөрүлүүдө. Социалдык тармактарга тараган видеолордо суу подъезддер менен тепкичтерден шаркырап акканы, айрым батирлерге чейин киргени көрүнөт. Курулушка жооптуу тараптар кемчиликтерди жоюу иштери башталганын билдирди. "Азаттык" Караколго барып, тургундардын дооматтарын жана жооптуу мекемелердин жообун угуп келди.</description>
“75чилердин каты”: Сот ишти ачык кароону четке какты
            <description>УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болду. </description>
ЕАЭБ: Санарип доорундагы жасалма интеллектин жарышы 
            <description>28-29-май күндөрү Астанада ЕАЭБдин саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деп аталган жыйынга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.</description>
Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт 
            <description>ЕФЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. 
Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек. </description>
Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. 
АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда.</description>
"Орусияны карап отура бербейли деп жатабыз". Тигүү тармагынын түмөн түйшүгү
            <description>Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарларын жөнөтүүдө кайрадан көйгөйлөргө туш болгонун айтууда. Алар бул өлкөгө товар сатууда талаптар күчөгөнүнө байланыштуу тонналаган жүк чек арада турганын билдирди. Өкмөт болсо бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.</description>
"Тапканыбыз тамак-ашка жетпейт" 
            <description>Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өсүүдө. Улуттук банктын эсебинде майга карата расмий инфляциянын көрсөткүчү 10,9% жетти. Айлык акылар инфляцияны кууп жете албай келет. Азык-түлүк баасы менен кызмат көрсөтүүнүн акысы кескин өстү. Ошол эле маалда күйүүчү май жакынкы күндөрү 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылууда. Инфляциянын себептерин жана алдыдагы жылдарга экономисттердин божомолдору тууралуу айтып беребиз.
"Жумушчу жок". Кыргызстан чет элдиктерге эмгек квотасын эки эсе көбөйттү
            <description>Кыргыз өкмөтү өлкөгө сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйттү. Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. </description>
"Сарык болдук, оорудук". Таза сууга зар болгондор 
            <description>Кыргызстанда таза суу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө. Статистикага караганда Кыргызстанда калктын дээрлик 97% таза сууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок анын инфраструктурасы түзүлгөн эмес. “Азаттык” ондогон жылдар бою таза сууга зар болгон элдин турмушун Ош облусундагы эки айылдын мисалында көрсөтүп берет.</description>
Президенттин мурдагы кеңешчиси камакка алынды
            <description>Президенттин мурдагы кеңешчиси эмнеге кармалды? Трамп Польшага кошумча беш миң аскер жөнөтөрүн жазды. Бул билдирүү АКШнын Европадагы аскерлеринин келечектеги саны боюнча түшүнбөстүктөрдү күчөттү. Кант диабетине чалдыккан бейтаптардын бутун кестирбей сактап калган жаңы ыкма иштей баштады.</description>
"Күйөө балам төрт жыл кордоптур". Таласта зордукталган кыздын жакындары бийликке кайрылды
            <description>Таласта аялынын биринчи турмушундагы кызын сегиз жашынан бери зордуктап келгени сотто тастыкталган жаран 20 жылга кесилген. Өгөй атанын жакындары ошондон бери тынчтык бербей жатканын кыздын таятасы айтып чыкты. </description>
"Неберемди төрт жыл кордоп жүргөн". Таластагы зомбулук  
            <description>Таласта облус жана район жетекчилеринин катышуусундагы жыйында тургундардын бири 13 жаштагы небереси өгөй атасы тарабынан зордукталганын  айтып, күнөөлүү адамдын катуу жазаланышын талап кылды. Жабыркаган өспүрүмдүн жакындары окуянын чоо-жайын айтып беришти. Айыпталуучу тарап комментарий бере элек. </description>
“75чилердин каты”: Адвокаттар шаардык сотко даттанды
            <description>“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.  
"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук  термининен чыккан талкуу  
            <description>Орусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администрация" жана “административдик иш-чаралар” сыяктуу аталыштарды сунушташкан. Бирок Кыргызстанда мындай сунуштар кескин реакция жаратты. Кыргызстандын эксперттери башка өлкөнүн идеологиясына ылайык тарыхый фактыларды жана документтерди кайра...</description>
"Үч күндөн бери кезекте турам". Онкологиядагы оор жагдай, бейтаптын зары 
            <description>Өткөн жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборуна күтүүсүз барды. Өкмөт башчы мындай кадамын элден арыз-даттануулар көп түшкөнүнө байланыштырды. </description>
"Маселе көп, жоопкерчилик аз". Көйгөйүн айткан элеттиктер 
            <description>Учурда жер-жерлерде облус жетекчилери, шаар мэрлери бардык жергиликтүү тармак башчылары менен чогуу райондорду кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Сааттап созулган жыйындарда таза суу,  жер, социалдык жардам, укуктук маселелер, билим берүү тармагындагы бир топ көйгөйлөр айтылууда.</description>
Хантавирустун вакцинасы качан табылат?
            <description>Саякат кемесинде жайылган хантавирустан үч киши көз жумду, дагы бир нечеси ооруну жуктуруп алды. Британиядагы Бата университетинин химия боюнча профессору, EnsiliTech компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Асел Сартбаева хантавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.</description>
Эки оттун ортосунда калган Ливан
            <description>Ливан качан жана кандайча Жакынкы Чыгыштагы согушта экинчи фронтко айланды? 17-апрелде жарыяланган убактылуу элдешүүгө карабай Израил менен “Хезболланын" Ливандагы кармашы уланууда. 1948-жылдан бери расмий түрдө согуш абалындагы Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгабы? </description>
Бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?
            <description>Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти. </description>
Бээжин: Трамп менен Си эмнени сүйлөштү?
            <description>УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш ишин козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Дональд Трамп Си Цзиньпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү?
Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.</description>