АЗАТТЫК ТВ - Азаттык үналгысы
АЗАТТЫК ТВ - Азаттык үналгысы
        <ttl>60</ttl>        
"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
            <description>Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.</description>
Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды 
            <description>Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн. Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго сокку урууда. Бул арада орус аскерлеринин чабуулунан Харьковдо төрт киши набыт болду. “Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолгон саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу президентке кайрылды. Ал атасы сегиз айдан бери террорист-экстремисттер кармалган камерада жатканын айтууда.</description>
Зардалыдагы турмуш: жол салынды, интернет жетти  
            <description>Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Зардалы айылынын тургундары көп жылдар бою жарыксыз, интернетсиз жана жол азабын тартып жашап келген. Кышында тышкы дүйнө менен байланышы үзүлүп, тургундар кооптуу тоо жолдорун жөө басып каттоого аргасыз болушкан. Бүгүн тоо койнундагы бул айылга жаңы жол салынып, интернет менен электр жарыгы жетти. Бул өзгөрүүлөр Зардалынын жашоосун канчалык жеңилдетти? “Данисте” цивилизация кеч жеткен Зардалынын азыркы турмушун баяндайт.</description>
Аннексияланган Крым: Украина логистикалык жайларды бутага алууда  
            <description>Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго жана логистикага сокку урууда. Жарым аралда күйүүчү май тартыштыгы майдын этегинен бери сезилип жатат. 8-июнда дрондордун бири поездге тийгенде темир жол кыймылы үзгүлтүккө учураганы маалымдалган.</description>
Согушка 100 күн. Иран менен Израил бири-бирине сокку урду 
            <description>7-июндун кечинде Иран Израилге бир нече ракета аткандан кийин ЦАХАЛ  Ислам жумуриятындагы аскердик жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран өз чабуулун израилдик аскерлердин Бейрутту бомбалаганына жооп чара деп атаган. Израил "Хезболла" согушкер тобунун Ливандагы буталарына чабуул койгонун айтууда. </description>
Армения: Пашинян жеңди, орусиячыл эки партия да парламентке өттү 
            <description>“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты.
Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
Кыргызстан быйыл Тажикстан менен чек арасына толук инженердик тосмо тартып бүтүрүүнү көздөп жатат. Зым тартуу иштери Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында жүрүүдө.</description>
Армяндар парламенттик шайлоодо кимди тандайт? 
            <description>Бишкектеги “Тюбетейка” кафесинин кожоюндары бул жайды башкалар рейдерлик менен тартып алып жатканын
айтып чыкты. Сот аткаруу кызматы түшүндүрмө берди. Армениядагы парламенттик шайлоого эки күн калды. Ереван Еврошаркет менен жакындашуу жолуна түшкөнү Москванын кысымы күчөдү. Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун окуясы көзөмөлдө экенин билдирди. Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” кыймылына байланышы бар деген шек менен камалганы...</description>
"75чилердин каты": Экс-депутат Өмүркулов, мурдагы элчи Жунусов сотко келди  
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бар экени белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Ал кезде канча киши каза тапканы так айтылбай келет. Индиядагы мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза болду. </description>
БУУ: Өнүгүп келаткан, чакан өлкөлөрдүн колдоосуна таянабыз
            <description>Санкт-Петербургда эл аралык форум башталып жатканда шаар аткылоого кабылды. Ленинград облусунун бийлиги 60тай учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Боршайкомдун кыскартылган жаңы курамына Жогорку Кеңештин беш экс-депутаты, мурдагы үч кызматкери кирди. Боршайком канчалык көз карандысыз мекеме боло алат? Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышууда. </description>
Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды  
            <description>Ленинград облусунда шаршембиге караган түнү украиналык 60тай дрон атып түшүрүлгөнүн жергиликтүү бийлик билдирди. Аймакта ири танкер порттору орун алган. Санкт-Петербург шаары эл аралык экономикалык форум башталып жаткан күнү аткылоого туш болду. Украина Орусиянын агрессиясына жооп кайтарып, армияны күйүүчү май менен камсыздаган, согуш жүргүзүүгө зарыл болгон жабдуулар чыгарылган ишканаларды бутага алып келет. Ушул эле түнү украин полициясы Херсон, Сумы облустарында турак жайлар аткыланганын...</description>
"Кассандра": Туула элек баланын кылмышы
            <description>Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын идеясынын негизинде "Кассандра" аттуу хоррор тасма тартылды. Фильмдин режиссеру Бекзат Пирматов. Анын буга чейин тарткан "Аврора" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңип алган.
Режиссер бул ирет эмнеге хоррор жанрына кайрылган жана тасма аркылуу кандай ойду бергиси келген? Мындан ары кандай жанрдагы тасма тарткысы келет?</description>
Бишкек соту журналисттин ишин кыскартуу өтүнүчүн четке какты
            <description>Шаардык сот Махабат Тажибек кызынын ишин кыскартуу боюнча адвокаттын өтүнүчүн четке какты. "Циркон", "Калибр" "Искандер-М" ракеталары жана 656 дрон. Орусиянын Украинага жасаган ири чабуулунан 17 киши мерт кетип, жүздөн ашык киши жарат алды.  
Криптовалюта жаатында мамлекеттик саясат кандай жүрөт? Президент виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. </description>
Кыргызстандын криптосаясаты жана Батыштын "кара тизмеси"
            <description>Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу. Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган. Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын ошол компаниясына санкция салды.</description>
“75чилердин каты”: Сот ишти ачык кароону четке какты
            <description>УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болду. </description>
Лейлек: Эски темир жол, ээн калган Кольцо
            <description>Кольцо - Лейлектин көпчүлүк айылдары сыяктуу эле сууга жана айдоо жерлерге жетпеген конуш. Бул жерге Орус империясынын тушунда темир жол түшүп, чакан станция курулса, совет доорунда айыл болуп түптөлүп, орусча “Кольцо” деп аталган. Ошондон бери айылдын аталышы өзгөрүүсүз калыптыр. Эгемендик жылдарында темир жолдогу кыймыл токтогон. Күүлдөп турган турмуш дагы токтоп калгандай болду дейт айылдагылар. “Данисте” бул жолу кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги Кольцо аталган айылдын турмушу тууралуу...</description>
Израил армиясы Ливандын ичкери аймагына кирди
            <description>Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз жарандын үстүнөн соттук териштирүү бүгүн уланды. Айыпталуучуларга иш менен таанышууга бейшембиге чейин убакыт берилди. Европа өлкөлөрү, Араб Лигасы Израил аскерлеринин Ливандын ичкери аймагына басып кирүүсүн айыпташты. БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулганы жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адилет Балтабай президенттин ырайымы менен абактан бошотулду. </description>
Алымкул аталыктын тарыхтагы орду кандай болгон?
            <description>“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул аскер башы - Алымкул Асан уулу тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек курабыз.  </description>
Ереван менен Москва тиреши артында эмне турат? 
            <description>Жылдар бою Орусиянын орбитасында айланган Армения Еврошаркетке ыктаган сайын орусиялык бир катар саясатчылар армян жетекчилигин ачыктан ачык сындаган билдирүүлөрдү жасап жатышат. Армениянын бир катар продукциясына тыюу салынды. Ереван менен Москванын бул жолку тирешинин себеби эмнеде? </description>
ЕАЭБ: Санарип доорундагы жасалма интеллектин жарышы 
            <description>28-29-май күндөрү Астанада ЕАЭБдин саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деп аталган жыйынга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.</description>
Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт 
            <description>ЕФЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. 
Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек. </description>
"Абалды курчутуу аракети". Румыния дрон чабуулу үчүн Орусияны айыптады
            <description>29-майга караган түнү НАТОнун мүчөсү болгон Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийгенде эки киши жараат алганы маалымдалды. Расмий Бухарест окуяны "олуттуу эскалация" деп атады жана ал үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөдү. </description>
Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду
            <description>“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. 
АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда.</description>
Орусия чет элдиктерди Киевден чыгып кетүүгө чакырды  
            <description>АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урду. Аба чабуулу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени айтылгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду. 
Кыргызстанда азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүнүн баасы өстү. Буга кошул-ташыл бензин, солярка кымбаттап, өкмөт күйүүчү  май ташыган компанияларга субсидия бермей болду. 
Москва Киевге катуу соккулар болорун эскертүүдө. Сергей Лавров Марко Рубио менен сүйлөшүп, америкалык дипломатиялык кызматкерлерди жана АКШ жарандарын Киевден...</description>
Бир айда үч өспүрүм. Өзгөндөгү суициддин себеби эмнеде? 
            <description>Оштун Өзгөн районунда бир айдын ичинде өз өмүрүнө кол салган үч учур катталды. Анын экөө мектеп окуучулары болгон. Өспүрүмдөрдүн жакындары алардын өлүмгө жеткирген себептер ачылбай жатат деп айтууда. Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр жылдан-жылга көп катталып жатканына кабатырлануулар күч. Өткөн жылы жүз өспүрүм өз жанын кыйган. Буга эмне себеп? Миграция, мектеп рэкетчилиги жана коомдогу агрессиянын таасири канчалык? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди.  </description>
АКШнын Иранга соңку соккусу, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 
            <description>Америкалык аскерлер 25-майдын кечинде Ормуз кысыгынын түштүк тарабына жана Ирандын башка аймактарына сокку урду. Аба чабуулу эки тарап Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдиргенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.</description>
Жапырт соккунун кесепети: Киевдеги кыйроолор 
            <description>Орусиянын жапырт соккусунан Киевде адам өмүрү кыйылды, жараат алгандардын үчөө балдар. Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп атады. Нөшөр жаандан улам Манас шаарында "өзгөчө кырдаал" жарыяланды, Кара-Сууда 48 баш койду сел суусу агызып кетти.</description>
Киев Орусиянын катуу соккусуна кабылды
            <description>Киевдин эки районунда жекшемби күнкү аткылоонун кесепетин жоюу иштери уланып жатканын 25-майда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, башкалаада 300дөй жай, көбүнчө турак үйлөр жабыркады. </description>
Кант диабетинин бутту кестирген кесепети
            <description>Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда 90 миңдей адам бул оору менен каттоодо турат. Диабет бейтаптын көзүн, бөйрөгүн жана нерв системасын иштен чыгарганы менен кооптуу. Айрыкча нервдер жабыркаганда адам бутунан ажырашы мүмкүн.
АКШ Европадагы аскерлеринин санын кыскартабы?
            <description>АКШ президенти Дональд Трамп Польшага кошумча беш миң аскер жөнөтөрүн жазды. Бул билдирүү АКШнын Европадагы аскерлеринин келечектеги саны боюнча талкуу жаратууда.</description>
Президенттин мурдагы кеңешчиси камакка алынды
            <description>Президенттин мурдагы кеңешчиси эмнеге кармалды? Трамп Польшага кошумча беш миң аскер жөнөтөрүн жазды. Бул билдирүү АКШнын Европадагы аскерлеринин келечектеги саны боюнча түшүнбөстүктөрдү күчөттү. Кант диабетине чалдыккан бейтаптардын бутун кестирбей сактап калган жаңы ыкма иштей баштады.</description>
Дрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы
            <description>Москва украин дрондорунун эң ири чабуулуна дуушар болду. Орусиянын мунай заводдорун жүздөгөн чакырым аралыктан дрон соккулары бутага алды. Азыр фронтто айрым чечимдерди адам эмес, алгоритм кабыл алууда. Ал эми Киев менен Москва технологиялык таймашка түштү. </description>
“75чилердин каты”: Адвокаттар шаардык сотко даттанды
            <description>“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.  
Израилдик министрдин сынга кабылган жоругу 
            <description>Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин жоругу Европа, Канада, Жаңы Зеландияда гана эмес, Тел-Авивдин өнөктөшү болгон АКШда, өлкөнүн өзүндө катуу сынга кабылды.  </description>
Путин менен Си газ кууру боюнча макулдашкан жок
            <description>Бүгүн Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Си Цзиньпин менен Владимир Путин Батыш үстөмдүк кылган глобалдык түзүлүшкө каршы биргелешип туруштук бергенин көрсөтүүгө умтулат. </description>
Шаирбек Ташиевдин абактагы мөөнөтү эки айга узарды 
            <description>Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабат үйлөргө нөшөрлөп жааган жаандан улам суу өтүп, батирлерге чейин кирди. Аймактарда жаан менен келген сел түйшүк жаратууда. 
Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Москва Кытай менен энергетика тармагында кирешелүү келишимдерди түзүүгө аракеттенүүдө.
Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин тергөө абагында калды. Экс-депутатка “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган эле.</description>
Жакынкы Чыгыш: АКШ менен Ирандын "олуттуу сүйлөшүүсү"
            <description>АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы чабуулду  Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотконун, ушу тапта "олуттуу сүйлөшүүлөр" жүрүп жатканын билдирди. Ислам жумуриятынын бийлиги сүйлөшүүлөр уланганын ырастады. </description>
Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт 
            <description>Америкалык укук коргоочу Стив Свердлов Кыргызстанга киргизилбей, Түркияга депортация болду. Кыргызстандык укук коргоочулар бул чечимди айыпташты. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу кымбаттайт. Өкмөт мунун себебин дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензин кымбаттаганы менен түшүндүрүүдө.</description>
Москвадагы кыргыздар: Дрон тийгенде эсибиз чыкты
            <description>Москва шаары жана Москва облусу дрондордун болуп көрбөгөндөй ири соккусуна дуушар болду. Үч киши каза тапты. Соңку чабуул ал жактагы кыргызстандыктарды дагы сестентти. Украин армиясынын дрондору Москванын абадан коргонуу системасын кантип жырып өтө алды?</description>
Ташиев жана сегиз кишинин соту башталды
            <description>Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын аба соккусунан 20 чакты адам жабыркады. Мурдагы түнү Орусиянын баш калаасы жана Москва облусу ири дрон чабуулуна кабылган.  
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кирүүгө талапкерлигин расмий жарыялап, кайрылуу жолдоду.</description>
Жылкыбаев: Ташиевдин соту ачык өтүшү керек
            <description>“75чилердин каты” делген кайрылуу президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин ажыратты. ЖКда 10дой депутат мандаттан ажырады. Айрымдар бул толкун уланарын болжоп жатат. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев соңку саясий окуялар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.</description>
"Апрелчилер" Бакиев боюнча президентке кайрылды
            <description>Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду, алардын төртөө жаш балдар. Киев аза күтүүдө, Орусиянын өткөн түнкү соккусунан 24 киши мерт болду, арасында үч жашы жете элек бала бар.</description>
            <category>Бүгүн Азаттыкта</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/c58bf460-6e0d-4937-4f64-08de3c92853e_tv_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/></item>
Эки оттун ортосунда калган Ливан
            <description>Ливан качан жана кандайча Жакынкы Чыгыштагы согушта экинчи фронтко айланды? 17-апрелде жарыяланган убактылуу элдешүүгө карабай Израил менен “Хезболланын" Ливандагы кармашы уланууда. 1948-жылдан бери расмий түрдө согуш абалындагы Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгабы? </description>
Салижан Жигитовдон уланган сөз
            <description>Кыргыздын Сократы атыккан айтылуу даанышман адабиятчы, акын Салижан Жигитовдун курч айтылган таамай пикири бийликке да, кээде жамы журттун айрым катмарына да жаккан эмес. Мындай оюн Салижан Жигитовдун шакирти, белгилүү мамлекеттик ишмер, адабиятчы, академик Абдыганы Эркебаев билдирди. </description>
Бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?
            <description>Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти. </description>
Бээжин: Трамп менен Си эмнени сүйлөштү?
            <description>УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш ишин козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Дональд Трамп Си Цзиньпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү?
Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.</description>
Армения ЕАЭБ жыйынынан баш тартты 
            <description>Камчыбек Ташиев,  Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп сотко өттү. Милиция ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан эми сот отурумдары жабык өтөт.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Астанада өтө турган Евразия экономикалык саммитине барбайт.
Серепчилер Пашиняндын баш тартуусун орус президенти Путиндин соңку коркуткан сөздөрүнө байланыштырууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин жетекчиликтери...</description>
Жогорку Кеңеште дагы бир депутат мандаттан ажырады  
            <description>Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатынан ажыратылды. Депутататтардын парламенттен кетиши "ташиевчилерден" тазалануубу? Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк «элдешүү» мөөнөтү аяктагандан кийин Киев бүгүн кайрадан аткыланды. </description>
            <category>Бүгүн Азаттыкта</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/0f7e4e2f-4df5-4751-4206-08de3be37656_tv_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/></item>
Украина: Орусиянын чабуулу, коррупция чыры
            <description>Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк "элдешүү" мөөнөтү аяктагандан кийин Киев кайрадан аткыланды. Украин президенти билдиргендей, 12-майга караган түнү орус армиясы 200дөн ашык дрон менен чабуул койду. Өлкөнүн өзүндө коррупцияга байланыштуу чуу уланууда. Президенттин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермак арам акчаны адалдаштырууга шектелүүдө. Ал эми Зеленскийдин экс маалымат катчысы Юлия Мендель аны баңгиликке айыптады.</description>
АКШнын планы, Ирандын жообу, мунайдын баасы 
            <description>2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге "кун үчүн куруп берди" делген ишкана бир-эки айда кишке кирери кабарланды. АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын Вашингтондун тынчтык планына кайтарган жообун четке какты.  
Трамптын реакциясынын кийин мунай кымбашттады. 9-майда Караколдо өткөн концертте Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган “Z” белгиси жана башка элементтердин көрсөтүлүшү коомчулуктун сынына кабылды.  </description>