[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 26-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ



Бул жумада Бишкекте кинорежиссер Темир Бирназаров тарткан “Белгисиз маршрут” тасмасынын бет ачаары өтөт. Режиссердун айтуусунда фильмдеги окуя башынан аягына чейин автобустун ичинде өтөт. Ал жерде каармандардын ыйы-күлкүсү, бири-бирине болгон мамилелери чагылдырылат.

31-майда Бишкекте “Витлайн” промоушн борбору “Сулуулар сынагын” өткөрөт. Бул туурасында аталган борбордун аткаруучу жетекчиси Яна Осипова кабарлады. Анын айтуусунда сынакка 23 кыз катышат.

-Ал кыздардын арасында облустардан да келген айымдар бар. Сынакта бир катар номинациялар боюнча ат салышат. Жыйынтыгында баш байгени алган жеңүүчүгө эл аралык сынакка катышууга жолдомо берилет.

Бишкектеги М галереясында шейшемби күнү сүрөтчү Толят Мирахимовдун жеке көргөзмөсү ачылат. Анда анын графикалык иштери жана живопистери коюлат. Ошондой эле чебер Анара Касымбекованын кийизден жасалган буюмдарынан турган “Аялзатынын бактысы” аттуу көргөзмө өтүүдө.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде эл сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүлөрдүн ар кыл темадагы, түрдүү жанрдагы эмгектери коюлган. Маданият жана маалымат министрлигининин башкы адиси Дамира Алышбаева бул көргөзмөнү эл сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык дараметин сыноо максатында уюштургандарын айтты.

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ырчысы Гулнур Сатылганова бул жумада Бишкекте жеке концертин тартуулайт. Ырчынын айтуусунда кечеде анын элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгармалары жана жаңы ырлары жаңырат. Концерти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри коштойт.

Орус драма театрынын артистери бул жумада театр күйөрмандарына Дядя Ваня Антон Чеховдун “Ваня байке” спектаклин жана француз жазуучусу Клод Маньенин чыгармасына коюлган “Блез” комедиясын тартуулашат.

Айжан Шаботоева, Бишкек



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]