[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 24-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] “ЧЫҢГЫЗХАНДЫН АК БУЛУТУ” ПЬЕСАСЫ ТҮРКИЯНЫ БАГЫНДЫРДЫ
“Чыңгыз Айтматов жана доор” аттуу түрмөктүн бүгүнкү мейманы Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы Академиялык драма театрынын директору, Республиканын эл артисти Кыргызбай Осмонов. Таанымал актер театрдын босогосун аттаган күндөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сахналаштырылган оюндарындагы ар кандай мүнөздөгү каармандардын ролун аткарып, көрөрмандардын алкоолоруна арзып келүүдө. Жакында эле алп жазуучу Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу театрга коюлган оюнунан баш каарман Чыңгызхандын ролун аткарды. Кыргызбай Осмонов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов маектешти.


- Кыргызбай мырза, жакында өзүң жетектеген театрдын чыгармачылык жамааты Чыңгыз Айтматовдун кутмандуу 80-жылдык мааракесине карата республикадагы театрлардын ичинен алгачкы жолу “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу пьесасын коюшту. Ордо калаада оюндун бет ачаары өтөөрү менен Түркияга барып бейтааныш көрүүчүлөргө тартуулап, байгеге ээ болуп келдиңиздер. Кут болсун. Өзүң болсо оюндагы баш каарман Чыңгызхандын ролун аткардың. Деги эле буга чейин Ч. Айтматовдун сахналаштырылган оюндарындагы кайсы каармандардын ролдорун аткардың эле?

-Албетте, биз актер болгондуктан ылайыгы келген ролдорду аткара беребиз. Мен эң алгачкы жолу институтту бүтүп жатканда дипломдук ишим үчүн Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу оюндан Ильястын ролун аткардым. Андан кийин Ысыккөл облустук Касымаалы Жантөшев атындагы музыкалуу драмалык театрды ачканда Ч. Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” деген оюндан Советжан менен Манкурттун ролдорун аткардым.

1985-жылы Советжан менен Манкурттун ролдорун жакшы аткарганым үчүн республикалык жаш актерлордун сынагында биринчи орунду ээлеп, жаштардын лауреаты болгонмун. Ал эми акыркы жылдарда ойногон ролдорумдун бири жакында эле коюлган “Чыңгызхандын ак булутунан” Чыңгызхандын ролун аткардым.

-Кыргызбай мырза, эми “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу оюнда ойногон баш каарман Чыңгызхандын монологунан тартуулап койсоң.

- Оо, түпсүз асман. Түбөлүктүү чексиз асман. Аалам менен адамдардын тагдырын калчаган жараткан мен сага арнап, тобурумду курмандыкка чалдым. Өтүнөөрүм сен мага ырайымдуу бол. Тегеректин төрт бурчун ээлеп, бүтүн адамзатты кыңк этпей башкарууга мага көмөк көрсөт.

Эгер бул ааламда биздикиндей ай жарыгында жашашкан адамдардын жашоосу түмөн болсо, анда жер бетиндеги бийликти бүтүн бойдон мага башкартып койгондон сенин эмнең коройт? Анткени адамзаттын ичинде менден кубаттуу, менден күчтүү, менден кыйын кимиси бар?! Ошондуктан, бүтүн калктардын, бүтүн адамдардын үстүнөн үстөмдүк кыла турган бирөө - сенин уулуң, көк теңирдин уулу - Чыңгызхан! Жортуулга!

- Рахмат Кыргызбай. Ишиңде ийгилик болсун.

Балбай Алагушов, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]