[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 21-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] “УЧУР” ТЕАТРЫ КЫЗЫКТУУ ОЮНДАРГА ЧАКЫРАТ
Бул жумада “Учур” телетеатрынын артистери Бишкектин тургундарына бир катар спекталдерди тартуулап, 7-театралдык сезонун жабат.


21-22-майда “Учур” театрынын артистери Султан Раевдин пьесасынын негизинде коюлган “Меккеге карай узак-узак жол” деген спектаклин тартуулашат. Оюнда ар кыл кесиптеги адамдардын образы бар. Негизинен катышып аткан каармандардын баары жан дүйнөсү ооруп, кыжаалат болуп, Меккеге баргысы келген адамдар. Бирок спектаклде кандайдыр бир диний агымга үгүттөгөн окуялар жок.

Тажик режиссеру Барзу Абдразаков койгон бул оюн формасынын өзгөчөлүгү, драматургиялык сюжети, мазмуну жагынан айрымаланып турат. Ошондой эле жасалгасында да бир топ өзгөчөлүктөр бар деп билдиришет артистер.

Бул оюн менен катар артистер 23-майда “Учур” театрынын репертуарына жаңы эле кошулган “Апендинин беш аялы” спектаклин тартуулашат. Оюн өзбек драматургу Иброгим Содиковдун чыгармасы боюнча коюлган. Анда апенди кыз-келиндерди сындан өткөрүп, беш аял алып, алар менен кандайча өмүр сүргөндүгү баяндалат.

Негизинен бул спектакль башынан аягына чейин күлкүлүү окуялар менен коштолот. Ал эми башкы ролду, апендинин образын театрдын актеру Улан Өмүралиев жаратат. “Учур” театрынын көрармандары жогоруда айтылган спектаклдерге гана күбө болбостон, театрдын актрисалары даярдаган “Шок кыздардын” шоу концертин көрө алышат.

Мына ушундай оюндары менен “Учур” телетеатры бул жумада 7-театралдык сезонун жабат. Андан соң алдыда Түркияда өтүүчү фестивалга даярдыктарды көрүшөт. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун билдиргенине караганда Түркияга Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына коюлган “Жаабарс” спектаклин алып барышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]