[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 9-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНЫН САЛТАНАТЫ
Бүгүн Кыргызстанда Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанаттар өтүүдө. Башкы салтанат Бишкектин Жеңиш аянтында болду. Согуштун жана тылдын ардагерлерине майрамдык үлпөттөр уюштурулуп, аянтка келалбаган оорулуу ардагерлерге “Кадырман”медалы жана белек-бечкектер үйлөрүнө жеткирилди. Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алардын 73 Советтер союзунун баатыры, жыйырмадан ашууну Даңк орденинин толук ээси болушкан. 130 миңден ашуун адам согуштан кайтпай калган.


Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев согушта төрт жыл болгон. Согуштан Атажуртка кайтып келаткан учурун акын мындайча эскерди:

-Менин согуш талаасында төрт жылым, аны менен кошо ден соолугум, жаштыгым калды. Атажуртка кайтып келатканда абалым абдан начар эле. Басалчу эмесмин. Үйгө чейин атайын фронттон бир кыз жеткирип келди. Кудайга миң мертебе шүгүр, Атажуртка келгенден кийин оңолуп кеттим. Кудай мени элиңе калемиң менен кызмат кыл деди. Мына жетимиш жылдан бери элиме ыр жазып кызмат кылып келатам.

Акын Сүйүнбай Эралиевдин согуш талааларындагы күндөрү тууралуу ырынан төрт сап келтирели:

Траншея тынч бүгүн, бейпил кандай,
Ак булуттар каалгышат алда кайда.
Моюндары мейкинден уюп, талып,
Куштар учуп келатат алыс жактан.

Кыргыз элинин дагы бир атактуу акыны, кыргыз республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев да Улуу Атамекендик согушка 18 жашында 1943-жылы жөнөп, жеңишти согуш талаасынан тоскон.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]