[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 22-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] АЗЫРКЫ ТУРМУШТУ ЧАГЫЛДЫРГАН “БЕЛГИСИЗ БАГЫТ” ТАСМАСЫ
Кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасы тартылып бүтүп, Бишкекте бетачары өткөнү турат. Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасында – белгисиз бир тарапка кетип бараткан айылдык автобустун ар түрдүү жүргүнчүлөрүнүн өз ара сүйлөшүп кетип баратышы менен, Кыргызстанда учурда болуп жаткан ар кандай маселелер козголот.


Автобусту да демократиялык заманга ылайык, айыл эли акча чогултуп өздөрү сатып алышкан. Жүргүнчүлөрдүн арасында – коммунист, демократ, соодагер, молдо, ырчы, ишкер дагы башка кесип ээлери бар.

Кыргыз Эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасында айылдык автобустун айдоочусу болуп ойногон:

-Ооба, мен бул тасмада айдоочунун ролун ойнодум. Ал бүгүнкү заманга ыңгайлашкан, “делегой” адам... Жолкире баасын да өзү каалагандай тез-тез көтөрүп турат. Адам көңүлүнөн акчаны жогору коет.

Темир Бирназаров өзү сценарийин жазган бул кинотасманы тартуудагы башкы максатына токтолду:

-Биз бул тасманы жаратуу менен бүгүнкү күндө Кыргызстанда түзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана руханий проблемаларды алып чыгууну көздөдүк.

Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасына артисттер – Акылбек Мураталиев, Күмөндөр Абылов, Бакыт Мукул жана башкалар тартылышкан. Тасмада айдоочунун ролун ойногон Дүйшөн Байтөбөтов фильмдин идеясын мындайча түшүндүрдү:

-Кетип бараткан жүргүнчүлөрдүн баарынын тилеги - жакшылык. Келечекке чоң үмүт артып баратышат. Чынында жалпы Кыргызстан бүгүн эртеңге үмүттүү карап турбайбы...

Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасынын бетачары келаткан аптада “Алатоо” кинотеатрында, кийинчерээк “Манас” кинотеатрында өтмөкчү. Ал эми кийинки учурда кыргыз тасмаларынын аймактарга чыгышы мүмкүн деле болбой калды деди кинорежиссер Темир Бирназаров:

-Облустардагы, райондордогу кинотеатрлар негизинен жабылган. Ал жайлар жетекчиликтерге иштеп, ижараларда турушат. Мына ушундай жаңы тасмаларды элге кантип жеткирүүнү биз да ойлонуп, чечалбай отурабыз.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]