[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 19-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] ЖАҢЫРГАН АПТАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ
Бүгүн улуттук консерваторияда хормейстр, кыргыз эл артисти Султан Юсуповдун 90 жылдыган арналган хор музыкасынын кечеси өтөт. Кече 21-майда улуттук опера жана балет театрында эскерүү жөрөлгөсү менен уланат.


Эртең 20-майда “Кыргызстандын булбулдары” аттуу концерт болот. Ага борбордогу хор жамаатары катышат. 23-майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Студенттик жаз” фестивалынын гала концертин өткөрөбүз деп кабарлады Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов.

20-майдан 25-майга чейин “Тунгуч” театрынын артистери кыргыз элинин “Чолпон” аттуу уламышынын негизинде коюлган “Махабат жылдызы” мюзиклин тартуулашат.

23-майда Улуттук филармониянын чоң залында кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев чыгармачылыгынын 40 жыл толгонун белгилейт. Кечеде акындын шакирттери да катышып, өнөрлөрүн тартуулашат. Үсөнбаевдин билдиргенине караганда Бишкектеги концерттен соң Кыргызстандын аймактарын кыдырат.

Орус улуттук драма театрынын артистери бул жумада Мар Байжиевдин чыгармасына коюлган “Кыз-күйөө” спектаклин, Фрейндин “Сахна артындагы ызы-чуу” комедиясын жана балдар үчүн “Сыйкырдуу гүл” жомогун тартуулашат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында 24-майда Адольф Адандын “Жизель” балети, 25-майда Джузепе Вердинин “Аида” операсы тартууланат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Жазгы сүрөт көргөзмөсү” өтүүдө. Анда эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Тактап айтканда сүрөт күйөрмандары тажрыйбалуу он төрт сүрөтчүнүн ар кыл темадагы, түрдүү жанрдагы сүрөттөрүн көрө алышат.

Бишкектеги М галлереясында сүрөтчү, сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Петр Куринскийдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда графикалык иштери жана живопистери коюлган. Ошондой эле чебер Анара Касымбекованын кийизден жасалган буюмдарынан турган “Аялзатынын бактысы” аттуу көргөзмө жүрүүдө.

Айжан Шаботоева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]