[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 6-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ
Бүгүн Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жазгы сүрөт көргөзмөсү ачылат. Сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы Таалай Курмановдун билдиргенине караганда бул жолку көргөзмөдө жалаң эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Тактап айтканда он төрт сүрөтчү ар кыл темадагы, түрдүү жанрдагы сүрөттөрүн көрсөтүшөт.


Раззаковдун үй музейинде “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” көргөзмөсү өтүүдө. Бишкек шаарынын 130 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чарада шаар жашоосун чагылдырган эмгектер коюлган.

Бишкек шаардык маданият башкармалыгы бул жумада 9-май жеңиш күнүнө карата бир катар иш-чараларды уюштурат. Алардын бири “Кызыл гвоздика” фестивалынын галла концерти. Курамы ардагерлерден турган топтордун чыгармачылыгына арналган бул маданий иш-чара 7-майда тарых музейинде өтөт.

Улуттук китепканада лирик акын Барктабас Абакировдун 75 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтүүдө. Анда акындын чыгармалары жана Барктабас Абакиров жөнүндө замандаштарынын ой-толгоолору коюлган.

“Учур” телетеатрынын Ысыккөл жергесине болгон гастролу бул жумада да уланат. Театрдан билдиргендей Саруу, Покровка, Ак-Сай айылдарын кыдырышып, 8-майда Балыкчыда чыгармачылык сапарды жыйынтыкташат.

Айжан Шаботоева, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]