[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 19-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] ЧЫҢГЫЗ АЙМАТОВ НЮРНБЕРГ КЛИНИКАСЫНДА
Чыңгыз Айтматов учурда Германиянын Нюрнберг клиникасында дарыланууда. Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан.


Чыңгыз Айтматов Татарстанда өзү тууралуу тартылып жаткан “Кылымга тете күн” даректүү тасмасына тартылып жаткан учурда 16-май күнү бөйрөгү ооруп, Татарстандын республикалык ооруканасына жаткырылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров "Азаттыкка" Чыңгыз Айтматовдун 19-майдын түнүндө Германиянын Нюрнберг клиникасына жеткирилгенин маалымдады.

Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгы боюнча кыргыз саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев мырза Татарстандын саламаттык сактоо министри Айрат Фаррахов менен байланышканын айтып, жазуучунун оорусунун диагнозу тууралуу буларды айтты:

-Чыңгыз Айтматов Татарстандын республикалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө бөйрөгүнүн чукул начарлашы менен түшкөн. Чыңгыз Айтматовду Нюрнбергге Москванын башкы нефрологу Татьяна Томилина баш болгон дарыгерлер коштоп барышты. Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна: септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан. Азыр Чыңгыз Айтматовдун абалы оор эле. Кудай деп туралы. Германиянын медицинасы күчтүү - өзүңүздөр билесиздер. Жакшы болуп кетет деп турабыз.

Мадамин Каратаевдин Бишкек-пресс борборуна берген маалыматында жазуучунун жанында жубайы, уулдары Аскар жана Элдар Айтматовдор бар экендиги айтылган. Чыңгыз Айтматовдун карындашы, белгилүү коомдук ишмер Роза Айтматова да жазуучунун жанында жубайы, балдары бирге болуп атышканын маалымдады.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]