[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 13-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА: ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫ МАМЛЕКЕТ КОЛДОШУ КЕРЕК
Кыргыз Эл акыны, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Майрамкан Абылкасымова Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалы менен сыйланды. Акындын пикиринде ойлоп табуучулар мамлекеттик камкордукка алынышы керек.


-Майрамкан эже, сиздин чыгармачылыгыңыз дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалын алууга татып отурат. Куттуктайбыз. Ушул сыйлык тууралуу айта кетсеңиз?

-“Кыргызпатент” же болбосо кыргыз интеллектуалдык менчик уюму он беш жылдан бери дүйнөнүн эки жүздөй өлкөсү менен чыгармачылык байланыш жүргүзүп келет. Швейцариядагы дүйнөлүк интеллектуалдык уюм жыл сайын ойлоп табуучуларды белгилеп, уюмдун алтын медалы менен жана акчалай сыйлык менен сыйлап келатат.

-Кыргыз интеллектуалдык менчик уюму бир топ жаш ойлоп табуучулардын эмгектерин коомчулукка белгиледи. Мына ушундай жаштар мамлекеттин келечеги го, кандай дейсиз?

- Жел тегирмен жасаган, Күндүн нуру менен жылытууну ойлоп тапкан жаштарыбыз бар экен. Кайсы тармактан болбосун, мындай ойлоп табуучуларды мамлекет колдоого алышы зарыл. Себеби мамлекеттин өсүшү - мына ушул жаштар менен таразаланат.

-Майрамкан эже, кыргыз адабиятынын учурдагы абалына оюңузду айтсаңыз?

-Адабиятыбыз деле токтоп турат. Жазуучулар мамлекеттик камкордукка алынбай, адабият элге жайылбай калды. Жазуучулардын журналы чыкпай турат. Гезити болсо, жазуучулар өздөрү чогулткан акчага чыкмыш болуп жатат. Балдарыбыз компьютерге азгырылып, адабиятты окубай коюшту. Ошондон улам да балдарыбызда патриоттук сезим төмөндөп кетти.

-Майрамкан эже, сиз табият тууралуу чыгармаларыңызда да, коомдо болуп аткан көрүнүштөр жөнүндө жазасызбы, талуу маселелерди көтөрүп келатасыз. Чыгармачылыгыңыздагы ушул маанай учурда уланып атабы?

-“Үшүк” деген китебимде сыркоологон Атажуртумду жаздым эле... Теңтуштарым улам айтып жатышат: “Үшүгүңдү” токтот эми ... Сенин “Үшүгүңөн” тарта жылда алма-өрүктү үшүк уруп кетип жатат деп... Кана эле, мага койсо Атажуртумдун гүлдөгөн күндөрүн эле жазсам... Учурда деле патриоттук темаларда ырларды жазып, “Түлкү Баатыр” менен түйшөлүп атам.

-Майрамкан эже, сизге дагы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Фатима Абдалова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]