[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Ишемби, 3-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Маданият ] БОРБОРДО “ПИШПЕК-ФРУНЗЕ-БИШКЕК” КӨРГӨЗМӨСҮ
Быйыл борбор калаабызга 130 жыл толду. Мааракеге карата Бишкек шаардык маданият башкармалыгы бир топ маданий иш-чараларды пландаштырган. Алардын бири борбордогу Исхак Разаковдун үй музейинде ачылган “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” көргөзмөсү.


Көргөзмөдө эски Пишпек шаарынын көркү, андан соң Фрунзе болуп аты өзгөргөндөн кийинки көрүнүшү, ошол кездеги тургундардын жашоо-шартынан кабар берген сүрөттөр, ошондой эле учурдагы Бишкек шаары, борбор калаадагы имараттарды чагылдырган эмгектер коюлган.

Борбордогу мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханованын айтуусунда, бул материалдарды мамлекеттик архивден, китепканалардан алышкан. Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү ошондой эле борбор калаага келип отурукташкан башка улуттардын колдонгон буюмдарын да көрө алышат. Бул буюмдар тууралуу Разаковдун үй музейинин башчысы Гулзат Касымова баяндайт:

-Калаага келип отурукташкан башка улуттун өкүлдөрү көбүнчө жерди иштеттүү менен алектенишкен. Ошондо колдонгон кетмен, керки деген чарбачылык буюмдарын койдук. Мындан сырткары эң биринчи келген орус калкы тигүүчү машиналарды, самоор жана башка буюмдарды ала келишкен.

Ошондой эле үйгө кооздук катары коюлган буюмдар бар. Ал эми буюмдарды коллекционерлерден, Бишкектин айрым тургундарынан табышкан. Көргөзмөнүн айрым көрүүчүлөрүнө бул иш-чара жакшы таасирлерди калтырды. Өзгөчө улуу муундагы адамдар жаш кездерин эске салганын айтышты. Алардын катарында Бишкек шаарынын тургуну Айгүл Жумалиева да ой бөлүштү.

-Илгерки Фрунзе болуп турган кезин чагылдырган сүрөттөр жана башка буюмдар коюлган экен. Жакшы уюштурулуптур. Өзүбүз дагы союз учурундагы кишилерден болгондуктан көзүбүзгө жакшы көрүнүп жатат.

Бишкек шаарынын 130 жылдык мааракесине карата шаардык маданият башкармалыгы бир топ маданий иш-чараларды пландаштырган. Буга чейин жаш таланттардын фестивалын, курамы ардагерлерден турган чыгармачыл топтордун арасында сынактар уюштурулду. Алдыда болсо жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда “Студенттик жаз” фестивалы өтөөрү күтүлүүдө.

Айжан Шаботоева, Бишкек



[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]