Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Б.МАМБЕТОВ: АРЗАН ГАЗ АЛУУ ҮЧҮН КАЗАКТАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ КЕРЕК


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Казакстан өзүнүн батыш чегинен Алматыны карай жаңы газ куурун куруп жатат. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов жооп берди.

-Базарбай мырза, бул ишке кирсе, Кыргызстан үчүн таасири кандай болот? Биздин энегетика менен камсыздоодо кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?

-Булардын бардыгы Борбордук Азиядагы мамлекеттердин өнүгүп-өсүп жатканына байланыштуу геостратегиялык кырдаал деп эсептейм. Эмне дегенде Өзбекстан көп жылдан бери жылына 3 миллиард кубка чейин Бухара-Ташкент-Бишкек-Алмата деген газ куурунан газ алып, ошол эле газ куурунда Кыргызстандын түндүгү, Чүй өрөөнү дагы камсыз болуп келген.

Ошондуктан Казакстан азыр Өзбекстандан жаратылыш газынан көз каранды болбош үчүн Казакстандын батыш жагындагы Теңгиз, Кашаган деген газ чыккан жерден Чымкентке чейин түз Бозой-Самсоновка деген маршруту боюнча 1500 километр турган газ куурларын курууга киришти, буга байланыштуу өткөн жумада Казакстандын өкмөтүнүн чечими чыкты.

-Бул ишке кирсе, бизге кандай таасир болот?

-Эгерде бул ишке кирсе, биз анда Өзбекстандын газы менен жападан жалгыз калабыз дагы, казактар өзүнүн арзан газына бизди кошпой эле Алмата, Талдыкурган, Жамбылды, Чимкентти камсыз кылат.

-Абалды жеңилдетиш үчүн Кыргызстан эмне кылыш керек?

-Аны жеңилдетиш үчүн биз Чүй өрөөнүндөгү газ тармактарынын бардыгын казактар менен биргелешип түзгөн мекемелерге өткөрүп берип, алар менен сүйлөшүп, ошол труба аркылуу 2 жылдан кийин келе турган арзан газга бизди дагы камсыз кылып турсун деген сунуш кылышыбыз керек.

- Кыргызстан аймагындагы Бухара-Бишкек-Алмата газ куурун берип коюу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна туздөн-түз коркунуч алып келбейби? Биз толук көз каранды болуп калбайбызбы?

-Көз каранды болбойбуз. Эмне дегенде биз Казакстандын “Казтрансгаз” деген компаниясына эбегейсиз чоң карыздарыбыз бар. 18 миллион доллар карызбыз. Биз бул карызды эч качан кутула албайбыз. Анан башка биздин “Кыргызгаздын” Өзбекстанга, Кыргызстандын өзүнүн Улуттук банк, Каржы министрлигине карыздары абдан көп.

-Базарбай мырза, Кашаган газ кени чыккан жерден Кыргызстан үчүн дагы жетиштүү газ запасы барбы?

-Ал жерде запасы абдан көп. Түтүктүн диаметри 1 метр. Ошол трубаны 2 жылдын ичинде куруп бүтүп, Казакстан өзүнүн түштүгүнө 6-7 миллиард кубметр газ беребиз деп жатат. Азыр Өзбекстандан алар бир жылда 3 миллиардка жакын алып жатат. Аларга 7 миллиард болсо, бизге 1 миллиардка чейин болгон газдын көлөмү аз деп ойлом. Казак туугандар ошого барат эле деген оюм бар.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG