Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

КУМТӨР: ӨКМӨТ МЕНЕН СОТ ШАШПАЙТ


Мындан үч жыл илгерки өкмөттүн “Кумтөр” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/95D4AABB-9318-4384-980B-CD2B5BF32908.asp алтын кени тууралуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү паралменттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун доо-арызын Бишкектеги райондор ортолук сотунда кароо 26-мартка жылдырылды. К.Исабеков өкмөттүн өзү талаштуу иштин тезирээк териштирилип, укуктук баасын алышына кызыкдар эмес деген пикирде. Өкмөт канадалыктар менен түзгөн келишимдерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы сакталганын билдирүүдө.

Он бир жыл ичинде “Кумтөр” кенинен 190 ашуун тонна алтын казылып алынды. Лондондо өткөн соңку биржа соодасында 1 трой унций же 31,1035 грамм алтындын баасы 1000 долларды чапчып жетер чегине жетти. Доллардын куну качып, экономикалык өсүш арасат абалга кептелип турган чакта алтындын баасы дагы көкөлөй бериши мүмкүн экендигин адистер кыйладан бери айтып келатышат.

Алтын баасы көтөрүлө баштагандан бери кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылы канадалыктар менен түзгөн эки келишиминин Жогорку Кеңештен өтүшү арсар абалга кептелүүдө. Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясынан шайланган палатанын төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн Бишкектин райондор ортолук сотуна жолдоп, бирок да ишти териштирүү создуккандан создугуп баратат. К.Исабековдун өзү маселенин тактыгына жетишүүгө өкмөттүн өзү кызыкдар эмес деген пикирде.

- Бул дагыле оюн болуп атат деп эсептейм. 2003-жылы июнь айында, 10-июндагы Мыйзам чыгаруу палатасынын токтомун аткарган эмес. Эми менин катымдын акыркысын аткарып калыптырбы? Андан кийин 2004-жылкы, 2005-жылкы Жогорку Кеңештин токтомдору аткарылган эмес. Андан кийин дагы үч протоколдук тапшырма берилген. Бирөө да аткарылган эмес. Эми дагы бир оюн кылып жатышпайбы. Бир айдан бери бир дагы токтомду алып келишкен эмес.

Өкмөт кеңсесинин укук бөлүмүнүн кызматкери Чынара Мамединова доо-арызга кошо тиркелчү документтерди окуп чыгууга убакыт керектигин белгилеп, Бишкектин райондор ортолук сотунан ишти кароону кийинкиге жылдырууну суранды.

- Биз соттон ишти караштырууну кийинкиге жылдырууну же токтотууну сурайбыз. Кайрылууну өкмөт өзүнүн отурумунда карап чыгышы керек. Өкмөт тууралуу конституциялык мыйзамдын 5-беренесине ылайык өкмөт коллегиялуу орган. Бул маселе боюнча белгилүү чечимге келиш үчүн бизге убакыт керек.

Өкмөт менен парламенттин вице-спикеринин ортосундагы соттук териштирүүнүн чыгышын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигин кеңешчиси, соттогу өкмөттүн расмий өкүлү Владимир Зубков мындайча түшүндүрдү.

- Түшүнүксүз. Менимче бул К.Исабековдун жеке демилгеси деле болушу ыктымал. Мен жана айтпадымбы, өкмөт ушу тапта келишимди жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Чет элдик компанияны чындап эпке келтирүү аракетин жасоодо.

В.Зубковдун ырасташынча, кыргызстандыктар “Кумтөр” алтын кенине өзгөчө чоң үмүт артып, ал аркылуу экономикалык кескин өнүгүү болоруна ишенип келишкен.

- Башкы келишимге кайрылып келсек, жыл сайын алтындан 5 – 6 миллиард доллар киреше таап байыйт элек деп жакында эле бирөө жазыптыр. Бул эми апачык алдоо да. Мына карап көрүңүз, эгер 10 тонна алтын казылып алынса азыркы кымбат баа боюнча бир граммы 30 доллардан болгондо бул жыйынтыгында 300 миллион долларды түзөт. Сатылгандагы баасы ушунча эле болот. Бул акчадан өндүрүштүк чыгымдарга, башка төлөмдөргө кетет. Алынчу киреше тууралуу башында эле көтөрүңкү баа берилип калган.

Өкмөттүн “Камеко” корпорациясы менен буга чейинки түзгөн келишимдеринин бир да бирөө парламент кароосунан өтө элек. 2007-жылдын августундагы “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд Инк” компаниясы менен келишимдеринин парламенттен жактырылышы кечеңдеп бир жылга жакын убактан бери арасат келатат.

Сүрөт ferghana.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG