[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 7-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Экономика ] А.МУРАЛИЕВ: КАРЖЫ САЯСАТЫН ӨЗГӨРТҮҮ ЗАРЫЛ
Өкмөт менен Улуттук банк кечээ күнү инфляцияны ооздуктоо боюнча билдирүү кабыл алган. Андагы өкмөттүн чаралары тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев жооп берди.


-Амангелди мырза, өкмөт билдирүу таратты. Ошондо инфляцияны ооздуктоонун негизги рычагы катары бюджеттик тартипти бекемдөөнү атаган экен. Ал канчалык натыйжалуу болот?

-Чынын айтканда, мен ойлоп жатам, муну өкмөттүн ондон бир чарасы деп койсо болот. Негизинен туура эле чечим кабыл алынган. Бюджетти аябай үнөмдөш керек. Эмне үчүн дегенде, чиновниктердин көпчүлүгү “Джип” минип жүрөт. Жакшы, жаңы унааларды алат, жаңы орунду ээлесе эле кабинеттерин ремонттошот. Килем, машине жана башкаларды алып келишет. Мен кээде карап туруп ойлойм, элди ойлойбу булар же ойлобойбу?

Экинчиден, чиновниктердин санын кескин кыскартыш керек. Бул жагынан мамлекеттик бюджетти үнөмдөө көз караш менен бекем кармаш керек. Бул элдин акчасы. Анан рынокто акчаны сарптабай кармап туруш керек.

-Ошол сиз айткан накталай акчанын көлөмүн көзөмөлдөөнү дагы көңүл сыртында калтырбоо каралган экен. Бирок ошону менен катар өкмөт өзү жолкире, энергетикага тарифтерди көбөйтүүгө баратат. Бул инфляциянын парасын андан дагы күчөтүп жибербейби?

-Негизинен баанын көтөрүлүшү боюнча дүйнөдө, анан биздин өлкөдө процесстер болуп жатпайбы. Негизинен күйүүчү майларга, газга жана башка элге керектүү азык-түлүк товарларга баалар көтөрүлүп жатат. Биздин өкмөт бул жактан чараларды жакшы көрбөй жатат.

Эми электрэнергияны дагы көтөрөбүз деп жатат. Негизинен мен ойлоп жатам бул дагы өзүнүн терс таасирин тийгизет. Себеби дүйнөлүк баалар өсүп жатат. Анын тийген таасири импорт жолу менен келе жатпайбы. Ал эми бизде импорт экспорттон 2 жарым эсе көбүрөөк. Дүйнөлүк басым эми бизге өзүнүн терс таасирин көрсөтүп жатат. Өзүбүздүн дагы баа көтөрмөй саясатыбыз дагы абдан жаман абалга алып келди.

-Демек өкмөт тарабынан соодада дагы терс балансты кыскартууга дагы аракет жасалыш керек экен да?

-Ооба жасалыш керек. Анын дагы жолдору бар, кыйын, бирок мүмкүн. Бирок убакыт өтүп жатат. Мына жарым жылдык жакындап калды. Андан ары дагы көп маселелер турат деп ойлойм. Мына энергетиканын баасы көтөрүлсө, анда коммуналдык чарбанын баасы көтөрүлөт. Чыгарылган товарлардын баасы көтөрүлөт. Мен ойлойм, кыйын эле болот.

-Ушундай шартта быйыл өкмөт инфляцияны 12-15 пайызда кармоону караштырып жатат. Бирок алгачкы эки айда эле инфляция төрт пайызга жеткен экен. Ошондуктан өкмөттүн максаты канчалык реалдуу?

-Мен ойлойм, инфляция азыр алты жарым, жети пайыздын деңгээлинде болуп жатат. Бирок өзү койгон максатына өкмөт жетише албайт. Менимче, инфляция 20 пайыздын деңгээлинде болот. Мына ошого көз салыш керек. Ошону карап, чараларды колдонуш керек. Себеби инфляция биздин кедей, жакыр элибизге абдан чоң жүк болуп калат.

-Ушул шартта дүйнөлүк резервдик валюта болгон доллардын инфляциясы, сомдун долларга салыштырмалуу курсунун сакталышы дагы жалпы дүйнөлүк инфляция жүрүп жаткандай болуп жатат. Туурабы?

-Мына, Орусия дагы айтып жатат, алар дагы өздөрү максат коюп жаткан, быйыл инфляция 10-12 пайыздын деңгээлинде болот деп. Азыр болсо айтып жатат 15 пайыздын деңгээлинде кармайбыз деп. Башка мамлекеттер деле ошол маселени карап жатышат. Бирок менимче биздин өкмөт жакшы чараларды колдонуш керек.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]