[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 2-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Экономика ] КЫРГЫЗСТАНДА 80 КАБАТТУУ ҮЙЛӨР – КЫЯЛ ЭМЕС
Кыргыз-корей кызматташтыгы боюнча “Азаттык” үналгысына Кыргыз-корей кызматташтык боюнча инвестициялык фонддун төрагасы Жумакадыр Акенеев маек куруп берди.


-Жумакадыр мырза, мына кечээ жакында Түштүк Кореянын жер корпорациясы менен Кыргыз архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги ыңгайлуу өнөктөш болуу тилектеги бир меморандум кабыл алган экен. Кореянын Кыргызстан менен курулуш жаатындагы кызматташтыгынын конкреттүү багыттары кайсылар болот?

-Туура айтасыз, мындай болуп жатат: бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын куруучулары дүйнө жүзүндөгү эң жаңы технологияны колдонуп, мына бүгүнкү күнү Кореяда 100-120 кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бул жагынан булардын абдан чоң тажырыйбасы бар. Былтыр премьер-министр Атамбаев барганда бир сыйра кол коюлган меморандумга. Курулуш жагынан жакындашалы, чогуу чечели деп.

Анан декабрь айында Кореяда жаңы президент шайланды, жаңы өкмөт келди. Ошого байланыштуу өткөн жума күнү биринчи вице-премьер-министр Айдаралиев Искендер делегацияны жетектеп барып, кызматташууга дагы меморандумга кол коюлду. Так ушул курулуш жагынан Түштүк Кореянын инвесторлору келип, Кыргызстандын куруучулары менен чогуу иштешип, чогуу жумуш жасайлы деди. Ошонун негизинде буюрса кийинки айда Түштүк Кореядан чоң делегация келет.

-Менин укканыма караганда эксперттик топ келет экен...

-Ооба, эксперттик топ келет. Алар келип, комплекстик түрдө изилдейт, ушул Кыргызстандын курулушунун кайсы жагына кореялык куруучулар катыша алат деген чоң изилдөө жүргүзөт.

-Сиз 100-120 кабаттуу үйлөр деп жатасыз, бирок Кыргызстанда жер силкинүү себептерин эске алганда, корей долбоорлорунун ыңгайлуулугу, жарамдуулугу канчалык экен биздин Кыргызстанда?

-Абдан жарамдуу. Себеби мен мисал келтирип, айтып жатам 100-120 кабаттуу үй деп. Алардыкы дле тоолуу жер. Бирок сиз туура айтасыз, бизде жер көп болгондуктан, биз андай деле кабаттуу үйлөргө мажбур эмеспиз. Бирок курулуш жагынан түштүк кореялыктар орто эсеп менен ошол 60-80 кабаттуу үйлөрдү жарым жылда салат. Алар жаңы технологияны колдонот. Бизде айтып жатпайбызбы, көп жарандардын үйү жок деп, 2-3 жылдын ичинде ошолорду жакшы үйлөр менен камсыз кылышыбыз керек. Ошолор келип, бизге өздөрүнүн тажырыйбасы менен бөлүшүп, чогуу иш жасасак, бул абдан жакшы болмок.

-Жумакадыр мырза, адатта чет өлкөлүк инвесторлор Кыргызстанда коррупция бар деп кооптонушат эмеспи. Маселен жакында эле курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчисинин камакка алынышы өңдүү фактылар болуп жатат. Бул өңүттө, Кыргызстан тарап инвесторлорго кандай кепилдиктерди бере алат?

-Эми мен бул жагынан айтат элем: курулуш жагынан мына азыр жаңыдан келип, иштеген жатышат. Бирок былтыр премьер-министр барганда жакшы келишимдерге кол койгонбуз. Кыргызстанга “Датка-500” деген өзүбүзгө подстанция куралы деп, андан тышкары түштүктү буюрса келечекте жылуулукту, тамак-ашты жасоону электрэнергияга өткөрөлү деп жакшы келишимдерге кол коюлган.

Анан алар келип эле биздин министрликтердин, өкмөт тарап жакта орто звенодогу чиновниктердин түшүнбөстүгүнө такалып, мына бүгүнкү күнгө чейин ошол долбоорлор ишке ашырылбай жатышат. Мына жакында биз ошол болгон документтердин бардыгын айла жок Жогорку Кеңешке берүүгө туура келди. Мына жакында парламенттик угуу болот.

-Демек үзгүлтүктөр азырынча Кыргызстан тараптан болуп жаткан экен?

-Сөзсүз түрдө. Бизде кээде эски мыйзамдарды алып чыгып, чиновниктер укмуштуудай чоң тоскоолдук кылып жатат. Эми алар ошол тоскоолдуктан өтүш үчүн өзүңөр билесиңер алар чет мамлекеттик инвесторлордон эмне, кандай талап кылат. Аны өтүш үчүн айтат биз силерге жардам берели, бирок силер бизге бир нерсе жасашыңар керек деп. Бул жагынан абдан чоң коррупциялык иштер болуп жатат.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]