Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ТАМАК-АШ КЫМБАТ, ИНФЛЯЦИЯ БИЙИК, АЙЫЛДА КИШИ АЗ


Кыргызстандагы экономикалык жагдайдын оордошуна азык-түлүк, энергия баасынын көкөлөп кетиши, инфляция деңгээлинин жогору болушу таасирин тийгизүүдө. Баалардын көтөрүлүшүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/5185A682-FA51-4398-84AB-986FF28C87CE.asp өкмөт жалпы дүйнөлүк жагдайга байланыштырып, азык-түлүктүн баасы бышыкчылыкта бираз түшөрүн айтууда. Азырынча алардын баасы жыл башынан бери 12% менен 32% ортосунда турат. Айылда кол күчү жетишпейт.

Жаңы экономикалык саясаттын, өнүгүү стратегиянын негизги багыты ириде аймактар ортосундагы экономикалык өнүгүү ыраатын теңдештирүү, кедеринен кетип бараткан инфраструктураны жаңылоо, социалдык тармакта кескин жаңыланууну көздөйт.

Азык-түлүк, энергия бааларынын кескин көтөрүлүп кетиши, инфляциянын жогорулашы алдагыдай милдеттин ишке ашырылышын бүдөмүк калтырууда. Өкмөттүн экономика бөлүмүнүн башчысы Учкун Ташбаевдин ырасташынча, Кыргызстандагы экономикалык жагдай мурдатан келаткан калыбынан чыгып кетти. Анын себепкери - баалардын көтөрүлүшү, инфляциянын жогорку деңгээли.

- Бул шаардык маселе болуп жатпайбы. Айылда өсүп, айыл чарба менен алек болгон кишилерге баалардын өскөнү кайра жакшы болуп жатат. Бир жагынан эмне үчүн баалар өскөнүн биз талдап көрсөк, айылдан элдер шаарга кетип калган. Айыл чарбада иштегендер аз болуп калды. Ошондон буудайдын да, арпанын да көлөмдөрү түшүп кеткен. Себеп дегенде ал жерде эч ким калган жок.

Экономикалык жагдайды жакшыртууга өбөлгө түзчү шарттардын бири катары өкмөт жаңы Салык кодексин, айрым салыктардын алынып салынышын, башкаларынын кыйла азайтылышын көрсөтүүдө. Өкмөт, У.Ташбаевдин ырасташынча, социалдык аялуу катмарга колдоо көрсөтүп, колунан иш келе турган жарандардын текши баары өз оокатын өзү кылышы керек.

- Көбүнчө ушу социалисттик ой жүгүртүү. Ушул жок болуп кетсе милдеттер 100% аткарылат деп эсептейм. Өзүбүздүн эле оюбуз, саясатыбыз башкача болуп жатат да. Бул чоң проблема. Бирок бир нерсени айта кетишим керек: баалардын өсүшү бул жалгыз эле Кыргызстандын проблемасы эмес. Бул жалпы чөлкөмдүн, дүйнөнүн проблемасы.

Быйылкы жылдагы кыйынчылыктарга карабай Кыргызстанда инфляция деңгээли ашып барса 12-15% жогору көтөрүлбөй калышы деле мүмкүн. Мындай божомолун Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров алдыга жайды.

- Кийинки үч-төрт апта бизди абдан кубантууда. Сырьелук биржаларда буудайдын баасы аз-аздан арзандоодо. Билесиздер, керектөө баштыгында азык-түлүк көлөмү көбүрөөк орунду ээлейт. Биздин министрлик Каржы министрлиги, Улуттук банк менен биргелешип иштеп чыккан инфляцияга каршы иш-чаралары дурус натыйжасын берип, биз чектен чыкпайбыз го, деп ойлоп жатам.

Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Санжар Мукамбетов өкмөт дыйкандар өстүргөн эгиндерди сатып алуу, банк кредиттеринин үстөк пайызын төмөндөтүү аракетин көрүп жатканын маалымдады.

- Азыркы күндө ошолорду сатып алууга жакшы өбөлгөлөр түзүлүп жатат. Ошону менен дагы бир маанилүү маселе - кредиттерди берүүнүн шарттарын жакшыртуу керек деп ойлойм. Азыр банктардын кредитке үстөк пайызы жогору болуп жатат, ал 25-30% болуп жатат.

Анткен менен өкмөттүн экономикалык жагдайды жакшыртуу аракеттеринин көбү ишке ашпай эле калат. Парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин пикиринде, өлкөнүн экономикалык жагдайы биротоло кургуйга кулап кетпешине чет жерде иштеген кыргызстандыктар жөнөткөн каражаттар өбөлгө түзүүдө.

- Багайын деп кеткендердин күчү менен кармалып турабыз. Мен таптакыр жаман деп айткым келбейт. Бирок абдан чоң кыйынчылыктар бар.

Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан оорчулуктардын көбү кадр чукактыгынан, ишке жарамдуу калктын чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишкендигинен чыгууда. Жыл сайын биртоп айыл чарба жерлери иштетилбей калып келатканы деле белгилүү. Ошол себептүү Кытайдан күрүч сыртка чыкпай калса Кыргызстандагы баасы көтөрүлүп, Казакстан чек арасын бекем кайтарып калса нан баасы көкөлөп, андайда Бишкекте жалаң гана азык-түлүк коопсуздугу жайында кептин күнү тууп калат.

XS
SM
MD
LG