Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

RFE/RL: БЕЛАРУС КЫЗМАТЫНА ИНТЕРНЕТТЕ ТИЛЕКТЕШТИК КӨРГӨЗҮЛДҮ


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун интернет сайттарына ишемби күнү виртуалдык чабуул --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/C4CD2122-8880-4547-BA12-2A1A394179EE.asp жасалган эле. Бутага биринчи кезекте радионун беларус кызматынын сайты алынган. Бирок анын таасиринен улам башка тогуз кызматтын сайттарына да окурмандар бир кыйла убакыт кире алышкан жок. Интернетте иштеген беларусиялык журналисттердин жамааты жана демократияны колдогон активисттер мындай шартта редакцияга жардам көргөзүүгө ашыгышты жана бул Интернеттеги тилектештик үчүн өрнөк жараткандай болду.

26-апрель күнү эртең менен журналисттер Чернобыль кырсыгынын 22 жылдыгына байланыштуу Минскиде өтүүчү нааразылык акциясын чагылдырууга даярданып жаткан кезде болгон массалык жана координацияланган чабуул "Азатттык жана Эркин Европа" радиосунун беларус кызматынын сайтын Интернеттен толук эки күн бою үзүп салды. Анын иши дүйшөмбү күнү кечинде гана калыбына келе алды. Анткен менен бул мезгил аралыгында беларус кызматынын кабарчыларынын макалалары менен маалыматтары өлкөдөгү башка 22 сайтта коюлуп турду.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун беларус кызматынын директору Александр Лукашуктун айтымында, бул чабуулга жооп ирээтинде жасалган аракеттер журналисттер менен демократиянын жактоочуларынын Интернеттеги тилектештиги үчүн прецедент жараткандай болду:

-Биз азыр көрүп жаткан нерсе - басма сөз эркиндигине карата чабуулга каршы Беларусиянын интернет жамаатынын тилектештик көргөзүүсүнүн биринчи аракети. Бул азыркы чабуулдун өтө баалуу жана күтүлбөгөн жыйынтыгы болушу мүмкүн.

Чабуулдун артында ким турганы азыр деле так белгисиз. Бирок "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун беларус кызматы менен катар Хартия 97 өңдүү оппозициялык уюмдун жана Беларус үчүн Европа радиосунун сайттарына да бир эле учурда чабуул жасалганынан улам көпчүлүк буга президент Александр Лукашенконун авторитардык режими жоопкер деген жыйынтык чыгаруусуна негиз берүүдө.

"Азаттыкттын" беларус кызматы Интернетте өткөргөн сурамжылоо ага катышкандардын 87%ы бул чабуулдун артында бийлик турат деп эсептерин билдирген. Чабуулга кабылган Хартия 97 сайтынын баш редактору Наталья Радина да ушундай эле ойдо:

-Чабуулдун мүнөзү беларус бийликтери Интернеттеги эркин маалыматтарды блокадалоону улантып жатканын көргөздү. Адатта мындай көрүнүш нааразылык акциялары же шайлоо өнөктүктөрү учурунда орун алат. Азыркы учурдун өзгөчөлөгү сайтка тоскоолдук Беларус телекому тарабынан жасалган жок, "тейлөө жок" деген чабуул болду. Бул беларус бийлиги оппозициячыл сайттарга каршы кылмыштуу ыкмаларды колдонуп жатканынын далили.

Интернет боюнча адистерин айтымында, чабуулдун сайтты окутпай коюуучу "Denial-of-service" (DOS) же "Тейлөө жок" деп аталган түрүнүн өзгөчөлүгү - анын башатын билүү өтө кыйын экендиги. Бул ыкма демейде бутага алынган сайтты калп эле байланышка чакырган өтүнүч катка толтуруу аркылуу керектен чыгарат.

Беларусия болсо көптөн бери эле маалымат каражаттары үчүн эң репрессиячыл чөйрө түзүлгөн өлкөлөрдүн бири катары аталып жүрөт. Башкеңсеси АКШда жайгашкан "Фридом Хаус" уюму 29-апрелде жарыяланган жаңы отчетунда аны 195 мамлекеттин ичинен 188-орунга жайгаштырган. "Фридом Хаустун" өкүлү Кристофер Уолкердин айтымында, Минск жалпысынан басма сөзгө жана Интернетке каршы чабуулду кеңейтти:

- Быйыл ансыз деле начар упайынын артка кетиши биз байкагандай, укуктук жактан куугунутуктоо, коркутуунун күчөгөнүнө жана Интернетти дагы көбүрөөк чектөө боюнча аракеттерге байланыштуу болду. Интернет - бул өлкөдөгү саналуу оң көрүнүштөрдүн бири. Бирок бул жерде да маалымат эркиндигин чектөө үчүн бийликтер ынтаа менен иштеп жатышат жана менимче бул бир нече жылдан берки ачык тенденция болуп калды.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун беларус кызматынан сайтына жасалган чабуулду АКШнын Мамлекеттик депратаменти да айыптады. Мамдепартаменттин өкүлү Жессикка Саймон муну Беларусияда көз карандысыз жана эркин маалымат каражатарына кол салуунун ачык мисалы катары мүнөздөдү.

Чабуул ошондой эле Вашингтон менен Минскинин мамилеси курчуп турган учурга туш келди. Беларус бийликтери демократияны колдогон активисттерди камакка алуусун күчөтүп, АКШдан Минскидеги элчилигинде беш эле кызматкерди калтырууну талап кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG