Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

ЖЫПАР АРЫКОВА МЕДИЦИНАЛЫК ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮП ЖАТАТ


Улуттук коопсуздук комитетинин абагында 19-июндан бери жаткан Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова бүгүн 23-августта дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттү. Арыкованын өзү болсо онкологиялык бейтапканада каттоодо турат. Анын оорусу боюнча чыккан жыйынтыктар анын кылмыш иши боюнча тергөөсүнүн тездетилишине көмөк болмокчу.

Текшерүү адвокаттын өтүнүчүнүн негизинде өтүп жатат. Себеби Жыпар Арыкованын ден соолугу начарлап баратат. Бирок медициналык текшерүүнүн өзүнө жактоочунун өзүнүн катышуусуна уруксат берилген жок.

-Тергөөчүлөр өздөрү алып барат. Мага да уруксат беришкен жок, өзүбүз апарабыз деп. Мен айткамын, “врачтардын барын чакырып, текшерүүдөн өткөрбөсөңөр күндөн-күнгө начарлап баратат, тамаша көрбөгүлө, анын оорусу онкологиялык илдет” деп. Анализдери чыккандан кийин билинет эми.

Айжан Касымалиеванын айтымында, Жыпар Арыкованын оорусу күчөп, абалы өтө эле оорлошуп баратканына Улуттук коопсуздук кызматы маани бербей келатат. Арыкова буга чейин онкологиялык оорусу козголуп, ошол себептүү баш коргоо чарасын сот башталганга чейин өзгөртүп туруу өтүнүчү менен кайрылган эле. Ал өтүнүчтөр колдоо таппаган соң Айжан Касымалиева атайын дарыгерлер Арыкованын ден соолугун текшерүүсүн өтүнүп, кат жазган:

- Ооруп жатканына байланыштуу эртерээк тергөөсүн бүтүрүп, сотко жөнөтүлсүн деп жасаган аракетим болууда. Тергөө иши 19-сентябрда бүтөт го.

Эми Арыкованын абалы боюнча медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы дагы эки-үч күндөн кийин чыгышы мүмкүн. Ал эми айрым дарыгерлер болсо Жыпар Арыкованын ден соолугу боюнча бир бүтүм айтуудан баш тартышып, корутунду кагазын күтүш керек дешти.

Буга чейин бир топ депутаттардын Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчү аткарылбаган бойдон турат. Бул боюнча адвокаттын Биринчи май райондук сотуна берген арызы канагаттандырылган жок. Арыковага ачылган кылмыш ишти тергөө сентябр айына чейин узартылган.

Арыкованын ата-энеси жана туугандары ага коюлуп жаткан айыпты четке кагышат. Алар өлкөдө адам укуктарын коргоо начарлап кетти дешет. Арыкованын энеси Тамара Кыязова кызы камалгандан бери жүрөгү ооруп, кыйын абалга дуушар болгонун айтат:

-34 жаштагы, жалгыз бой аялдын камерда отурушу мен үчүн өтө оор. Мен абдан тынчсыздануудамын. Медициналык кароосун каяктан өткөрөрү бизге белгисиз. Менин кызымдан өткөн күнөөлүүлөр эркиндикте жүрбөйбү? Мен бассам-турсам ыйлап жүрөм. Өзүмдүн кулагым да жакшы укпай калды. Мен экинчи топтогу майыпмын.

Тамара Кыязова кызынын айыпсыз экенин жазып, деп, кайрылбаган жери калбаганын айтып, эмне болсо да бул иш калыс жана адилет чечилет деп үмүт кылат. Ал эми Арыкова болсо кармалган күндөн тарта коюлган айыпты мойнуна албайт. Өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Коопсуздук кызматы болсо Жыпаргүл Арыкованын камалышынын чоо-жайын коомчулукка алигиче билдире элек.

XS
SM
MD
LG