Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ЖЫПАР АРЫКОВАНЫ СОТ СУРАЙ БАШТАДЫ


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жыпара Арыкованын үстүнөн сот жараяны башталды. Ага Коопсуздук кызматы тарабынан мамлекеттик жашырын сырды сыртка чыгарды деген айып тагылып, алты айдан бери камакта.

Сот ишинин биринчи күндөгү отуруму жабык өттү, деп маалымдады Арыкованын жактоочусу Айжан Касымалиева:

- Сотко Арыкованын адвокаттары жана мамлекеттик айыптоочу, Жыпара Арыкова катышты. Эмнегедир жабык деп жарыялады. Ага Кылмыш кодексинин 292, 302 беренеси боюнча чыккынчы деген айып коюлууда. Сот жыйынтыгы болмоюн бир тараптуу пикир айтууга болбойт деп ойлойм. Соттун алгачкы жүрүшүнө биздин дооматыбыз жок. Жактоочулардын өтүнүчтөрүн эске алуу сотко жетекчилик кылып жаткан судья тарабынан колдоого алынды.

Мамлекеттик айыптоочу катары Арыкованын сот ишине катышып жаткан прокуратура өкүлү Кудайберди Чыраков айыпталуучунун үстүнөн жүргүзүлгөн тергөө жыйынтыгына таянып, айыбын угузганын билдирди:

- Өкмөт айыптаса биз да айыптайбыз. Арыкованын үстүнөн ачылган кылмыш иш боюнча тергөө жыйынтыгына таянып анын айыбын угуздук.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова парламент кызматкеринин, ары жалгыз бой айымдын алты айдан бери камакта отурганына каршы болуп, Коопсуздук кызматынын Арыкованын айыбы боюнча ачык-айкын маалымат бербегенин сындады:

- Жыпар Арыкова – парламент кызматкери, экинчиден журналист. Аны камагандыгынын жөн жайын ачык-айкын айтып, Коопсуздук кызматы буга чейин маалымат бериш керек эле. Ошон үчүн бул жерде бир сыр же саясат бар. Сотту тездетип, тез арада камактан чыгарыш керек.

Коомчулукта Арыкованын айыпталышы жөн эмес, кандайдыр саясат бар деген ойлор байма-бай айтылууда. Арыкова өзү да күнөөнү четке кагып келет.

Коопсуздук кызматынын өкүлү, полковник Талант Разаковдун ою мындай:

Арыкованын айыптуу, айыптуу эместиги боюнча тааныштыгым жок. Ал боюнча тергөө жүргүзүлбөдүбү. Айтарым эч кандай себепсиз эле күнөөлөп камакка алынды деген кошулбайм. Коопсуздук кызматында иштегендер жөн жеринен камакка алуунун арты эмне менен бүтөрүн жакшы билишет. Сот аныктайт го деп ойлойм.

Буга чейин Жыпара Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча бир топ депутаттардын өтүнүчүн соттор аткарбай койгон эле.

XS
SM
MD
LG