Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

24-МАРТ: ЫҢКЫЛАППЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?


“Азаттык” үналгысынын тегерек үстөлүндө “Март ыңкылабы Кыргызстанга эмне алып келди? Анын оң жана терс жактары” деген темада талкуу болду. Ага марттагы толкундоолордо Жалалабаттагы ыңкылапчылардын алдыңкы сабында жүргөн саясатчы, азыр Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков, ошол эле марттагы толкундоолор маалында ички иштер министри болгон, учурда “Акыйкат” партиясын жетектеп турган Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясат таануучу, тарыхчы Табылды Акеров катышты.

Бурулкан Сарыгулова: 24-марттын Кыргызстанга кандай оң жана терс таасири болду? Мына ушул суроону талкуулоонун алдында, биз өзүбүз үчүн бир нерсени аныктап алсак. Жусупжан мырза, 24-марттын келип чыгышынын башкы себептери эмнеде болду?

Жусупжан Жээнбеков: Мен ага негизги себеп шайлоо болду деп эсептейм. Себеби жылдан-жылга шайлоо өз нугунан чыгып, ошол маалда бийликтегилер Кыргызстандагы шайлоо маселесин оюн көрүп алды. “Каалаган адамды өткөрөбүз” деп, кара тизме, ак тизме түзүп, Кыргызстанды ак-карага бөлүп алды. Мына ушунун негизинде чыкты деп ойлойм.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Марттагы окуяларга балким шайлоо негизги түрткүлөрдүн бири болгондур, бирок менимче, маңызы андан тереңирээк жатат. Ошол кездеги бийликтин мамлекеттик башкаруу системасында болгон катачылыктары эң негизги себеби болду деп эсептейм. Ошонун бири шайлоодогу катачылыктар болду. Андан тышкары экономикада, саясатта, коомдук карым-катнаш байланыштарда болобу, бир топ орчундуу кемчиликтер кетти.

Бурулкан Сарыгулова: Сиз ошол кездеги бийликтин өкүлү катары айтсаңыз, мына азыр ошондон кийин үч жыл өттү, 24-марттагы ыңкылапты сиз кандай баалап жатасыз? Аны алдын-алуу мүмкүн беле?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Эми сиз айтып жатпайсызбы, ошол кезде мени күч органдарынын башында турган деп. Мен күч органдарынын башында турган эмесмин. Революциябы, же төңкөрүш болобу, ошого бир күн калганда ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып коюп койду. Бир күндө албетте кандайдыр бир чараларды көрүш кыйын эле. Ага чейин мен Шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп, шаардагы тартипке, коопсуздукка гана жооп берип келгем.



Табылды Акеров: 13 жыл мурда башкарып келген президент менен өкмөттүн экономика жана саясатта кетирген катачылыктарынын негизинде, 2005-жылы революция келип чыкты. Ал эми шайлоо болсо, ага жөн гана түрткү болуп берди. Себеби Борбордук Азия өлкөлөрүндө эгемендүүлүк алгандан бери кландык система башкарып келүүдө. Мейли Казакстан, ошол эле Өзбекстан, же Кыргызстан болбосун, бардык өлкөлөрдө тең бирдей үйбүлөлүк-кландык система башкарып келүүдө. Ошого карата буга чейин эле кландар арасында дагы пикир келишпестиктер болгон.

Кийин ошол күчөп отуруп, регионалдык мүнөзгө өттү дагы, түндүк-түштүк маселеси көп көтөрүлдү. Мына ушунун негизинде шайлоодо ошол система түрткү болду. Анткени бийликтин саясаты боюнча, алар оппозициядагы саясатчыларды парламентке киргизбей коебуз деп ойлогон да. Мына ошол эле Текебаев, Бакиев, Адахан Мадумаров жана башкаларды киргизбей коебуз деп ойлогон.

“Ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү?”



Бурулкан Сарыгулова: Бийлик алмашкандан бери мына үч жыл өттү. “Ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү?” деген маселе дагы эле талкуунун үстүндө келе жатат. Бирок бул жерде президенттик шайлоо болду, жалпы таанымга ээ болду. Парламенттик шайлоо дагы өттү. Ал партиялык система менен иштеп жатат. Саясий жагынан Кыргызстан алдыга жылып кетип баратат. Жусупжан мырза, ошол эле мезгилде биздин маанилүү күнүбүз деп эсептелген 24-марттын Кыргызстан үчүн оң жактары кайсы, өксүп турган терс жактары кандай?

Жусупжан Жээнбеков: Мен бир тараптуу айта алам: ыңкылап болду. Ошол маалда бийлигин алдырып койгондор төңкөрүш болду деп жатышат. Бирок тилекке каршы эл өзүнүн ойлогон ой-максатына жетпей калды. Ошол маалда 14 жылда талап-тоноп алгандардын бардыгын жок кылышты. Мына ушуну революциялык түрдө, бардыгын кайра алып туруп, өкмөт кайрадан аукциондон сатып, бүгүн тышкы карызыбыз болгон 2 миллиард доллардан кутулуш керек болчу. 2 миллиард карыздан азыр ким кутулат? Кадр маселесине кайрыла турган болсок, биз башын гана алмаштырган экенбиз, моюну ошол бойдон калды.

Кечээги парламенттик шайлоодо дагы жүрдүм, кыдырбаган жерим калбады. Бардык жерде кадр маселесине келгенде аксап жатабыз. Ачыгын эле айталы, “Аскар Акаевге 450 миң доллар бердим” деген адамдар бүгүнкү күндө кайда иштеп жатышат? Оң колу болуп иштеп жатат. Туура, экономикабыз бир аз көтөрүлүп жатат, буга карапайым элдин, жөнөкөй студенттин, ар бир жетекчинин салымы бар. Бирок ошол ыңкылап ой-максатка жетпей калды.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен юрист катары жооп берет элем. Төңкөрүш болдубу, революция болдубу, ал мыйзамдын негизине кандай жатат? Эгерде мыйзамдын чегинде, Конституциянын негизинде болсо, аны мыйзамдуу көрүнүш деп, бийлик мыйзамдуу түрдө кетти десек болот. Эгерде Акүйдү басып алып, талап-тоноп, талкалап алуу жолу менен болсо, аны төңкөрүштүн классикалык түрү деп койсо болот. Ошондуктан бул жерде талаш болушу мүмкүн эмес. Ал эми ага катышкан адамдар “төңкөрүш жасадык” деп эч качан айтпайт. Уяты дагы, намысы дагы ага жол бербейт. Анткени өзүн-өзү кылмышкер деп кантип атайт?

Ошондуктан алар “революция жасадык” десе, албетте алардын иши. Аны тарыхый, укуктук баасы башкача болот, убакыт келгенде бардыгы өз ордуна турат болуш керек. Ал эми канчалык жакшы болду, канчалык жаман болду - муну эл өзү бааласын.

Орустарда “жөжөнү күзүндө санайбыз” деген жакшы макал бар эмеспи. Үч жыл болуп калды, турмуш жакшы болдубу, кайсы тарапка баратат, чынчылдык, ак ниеттик, тазалык мамлекеттик деңгээлде көбөйдүбү, же азайдыбы - эл бааласын. Мына ошондон эле тыянак чыгарып койсок болот.

Бурулкан Сарыгулова: Сиз айтып жатасыз, 24-марттын келип чыгышына бийликтеги кадрга байланыштуу катачылык болгон деп. Сиз Бакиевдин бийлигинин тушунда ушул үч жылдын ичинде буга байланыштуу кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?



Кеңешбек Дүйшөбаев: Албетте позитивдүү өзгөрүүлөр бар деп койсок болот. Кыргызстан өзүнүн стабилдүүлүгүн сактап калып, эл аралык карым-катнаштарды өнүктүрүп, башка мамлекеттер менен кол үзбөй келе жатат. Алар менен жакшынакай иштегенге аракет кылып жатат. Ал эми экономикалык жактан көзгө басаар ийгиликтер барбы же жокпу? Анткени кайсы жерге барбасаңыз кыйналган элдин эле кебетесин көрөсүз.

Баалар өсүп, бардыгы кымбаттап жатат. Эл жакырчылыкка мурункудан дагы ылдый түшүп кетти. Анан бардык бийлик органдарына бир нерсе бербесең эч кандай маселе чечилбей калды. Ошонун бардыгын алып келгенде, элибиз мурун кандай кыйналып жатса, анысы жеңилденбей, тескерисинче кайра эле оорлошуп баратат. Ошондуктан экономикалык жактан алып караганда, мурдагыга карганда эл көбүрөөк кыйналып жатат деп эсептейм.

Бурулкан Сарыгулова: Жусупжан мырза, азыр сиз депутатсыз, конструктивдүү оппозициянын катарында турасыз. Бирок сиз алгачкы жылдары бийлик структурасында түздөн-түз аткаруу бийлигинде иштедиңиз, эки облуста губернатор болдуңуз. Азыркы башкаруу саясатында сизди канааттандырган, сиз кубаттай турган кандай өңүттөр бар?

Жусупжан Жээнбеков: Кенешбек мырза айтып кетпедиби “силерди шашпагыла” дегендей кылып. Менин Аскар Акаев тууралуу катуу айтканым, мурунку бийликтин адамдары дегеним катуу тийип кетти окшойт, “силерди шашпагыла, жөжөнү күздө санайбыз” дейт. Санаганга күчтөнөлү. (Күлүп)

Азыркы күндө позитивдүү жагын айтсам, эң башкысы ыңкылап маалында кан төгүлбөй, бири-бирине өчөшүп, бөлүнүп калбагандыгы болду. Кайра-кайра митинг, пикет болду. “Бүгүнкү бийликти жоготобуз” деп ошол акчаны кайдан таап жатышты? Позитивдүү жагы деп мына экономиканы айтып жатабыз. Бүгүнкү күндө ички дүң продукциябыз 8 пайызга көтөрүлгөнү анык. Айлыктарды, мектептерди караңыз. Ар бир адамдын чөнтөгүндө мобилдик телефонду көрөлү. Бишкекке, Ошко, Жалалабатка батпай кеткен машинелерди көрөлү. Бул дагы кичине жылыш да. Жылыш болуп жатат.

14 жылда эмне кылды? Үч жылда 187 мектеп курулду. 14 жылда канча мектеп курулду? Ушуну дагы эсепке алалы да. Анан “биз жакшы иштегенбиз, силер жаман иштегенсиңер” дегениңер, кечирип коюңуз, эми “жөжөнү санайбыз” десеңер, анда санашсак санаша беребиз да.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен бул жерден “биз жакшы иштеп кыйраттык, силер жаман иштеп жатасыңар” деген жокмун. Мына силердин сурооңор абдан туура болду. Негизи эмне болду? Мен айттым, мурунку бийликтин экономикада, саясатта, коомдук карым-катнаштарда келип чыккан кемчилигине байланыштуу 24-марттагы окуялар болду деп мен ачыгын айттым. Анан бул Жээнбеков мырза өзү да жүрөгүнө жакын кабыл албасын, “коркутуп жатат” деп.

Ыңкылаптан кийин элдин турмушу оңолдубу?



Бурулкан Сарыгулова: Табылды мырза, 24-мартка чейинки жана андан кийинки Кыргызстандын жашоосунда социалдык, саясий, экономикалык багыттарда кандай өзгөрүүлөр болду? Кайсы жагы көбүрөөк артыкчылык кылды? Анын себептери эмнеде болду?

Табылды Акеров: 13 жыл мурда башкарган Акаевдин учурунда Кыргызстанда бир топ эле алга жылыштар болду. Мисалы демократия, сөз эркиндиги, экономика, саясат, Кыргызстанды дүйнөгө алып чыгуу боюнча көп иштер аткарылды. Бирок приватизация кландык системанын негизинде жүрдү дагы, көп объектилер сатылып, кыйратылып, ошол кызыкчылыктын негизинде жок болуп кетти.

Азыркы күндө деле ошол эле турумда турабыз. Бир дагы ишкана курулган жок, эксплуатацияга берилген жок, жумуш орундары жок. Эң негизгиси чет өлкөдөн келип жаткан гранттар НПОго түшпөй калды дагы, элдин бардыгы айылда дагы, шаарда дагы өтө жаман абалда калды. Эң жаман жери ушул болуп жатат. Анткени элдин нааразычылыгын күчөткөн приватизация жана башкалар ошол эле бойдон кландык негизде жүрүп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жээнбеков мырза айтып жатпайбы, “ички дүң продукциябыз сегиз пайызга өстү, мобилдик телефондор, машинелер көбөйүп жатат” деп. Мен бир нерсени түшүнбөйм да. Мына президентибиз чыгып алып, сегиз пайызга өстүк, деп жатат. Расмий статистика эки пайызга өстү деп жатат. КМШ өлкөлөрүнүн финансылык органдарынын бардыгы Кыргызстан өсүшү жагынан коңшу өлкөлөрүнүн эң артында дейт. Инфляция бизде 5-6 пайыз болду, деп чиновниктерибиз айтып жатат. Инфляция 20 пайыздан ашып кетти деп жатат.

Ушунун бардыгы экономиканын өсүшүбү же болбосо тескери кетишиби? Мен ушуну түшүнбөйм да. Экинчиден, 24-мартта болгон окуялар элдик революция, элдин мүдөөсүн аткарган бир окуя болду деп жатат. Балким ошондойдур. Чынында элдин аң-сезими ойгонду. Бирок ал элге кандай жыйынтык берди? Карап көрсөңүздөр, тескерисинче экономикалык объектилерди басып алуу, бөлүнүп-жарылуу ре-приватизация, басып алуу деген абдан көбөйүп кетти.

Өкмөттүк эмес уюмдардын иштешине кандай шарттар түзүлүп жатат? Мурункудайбы же азыр башкача болуп калдыбы? Коомдук, эркин массалык маалымат каражаттарынын иштеши кандай болуп калды? Ошолордун бардыгын салмактап, таразага салганда билбейм, оң жагы көбүрөөк болобу, же сол жагыбы. Мен айтсам, кайра “Акаевдин кадрлары” деп тескерисинен бурап жатышпайбы, ошон үчүн акыйкат эл айтсын.

Жусупжан Жээнбеков: Туура, Акаев эркиндик берди. Акаевдин ордунда башка бирөө болгондо деле ошондой болмок. Жөн эле арифметиканы алалы. Биринчи жети жыл биздин ата-бабадан, СССР маалынан калган нерселердин ташталканын чыгарып, сатып, жей баштадык. Бир койду эки бөтөлкө арака алмаштырып, кийинки жети жылда ошонун эсебинен байыган адамдар мекеме ишканаларды сатып, тоноп, кайра ала баштады. Кландык система болгон дегенге мен кошулам. Ошол нерсе элдин арасында нааразылык туудурду.

“Он айырма тап...”



Бурулкан Сарыгулова: Акаев менен Бакиевдин бийлигиндеги айырмачылыктар жана окшоштуктар кайсылар? Бул жерде негизинен сын пикирлердин бардыгы үйбүлөлүк башкаруу, коррупция, түндүк-түштүк ажырымы, кадр маселеси чогулуп, 24-март ушуга байланыштуу болуп өттү. Ошон үчүн ушул өңүттөрдө окшоштуктар жана айырмачылыктар кандай?

Жусупжан Жээнбеков: Мен башында айтып кетпедимби, кадр маселесине келгенде биз башын алмаштырган экенбиз, моюну ошол бойдон калыптыр. Экинчиден, үйбүлөлүк башкаруу дагы аралашып кетип жатат. Туура, Акаев балким жети жылдан кийин, балдары чоңойгондон кийин аралаша баштагандыр. Бирок азыркы күндө эл арасында “азыртадан аралаша баштады” деген сөз көп болуп жатат. 2000-жылы түндүк-түштүк маселеси абдан күчөгөн. “Шайлоодо ким өтөт, ким өтпөйт?” деп уруу-уруу, топ-топко бөлүп атайын жүргүзгөн. Ошол күчөдү, азыр дагы күчөп жаткан маалы.

Азыр биз ачыгын айтып жүрөбүз, бул парламенттик шайлоодо дагы элди кыдырып жүргөндө байкадык. Окуучулар байрактарды алып, “Ак жол” партиясын тосуп алуу, көчөлөрдү шыпырып-тазалоо, башка партиялардын жолун тосуу болду. Биз мындай болот деп ойлогон эмеспиз. Бул маселени чечүү үчүн биринчи элге ишеним берүү керек. Эл өзү чыгып, каалаганын тандап алышы керек. Эч качан элди бөлүп-жарбастан, “кайсы партияны, кайсы адамды кааласаң, өзүң тандап ал” деп эркиндик бериш керек. Менин эсебимде Жалалабат облусу боюнча болгону 43 пайыз гана эл катышты.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жээнбеков мырзаны абдан колдойм. Толугу менен колдойт элем, бирок бир нерсени түшүнбөйм: жанталашып, эмне мынча аракет кылдыңар? Көрсө, “поменяли шило на мыло” дегендей болуп жатат да. Анан эми алып келген бийлигиңер үчүн жооп бергиле. (Күлүп)

Жусупжан Жээнбеков: Мен ошон үчүн “башын алмаштырып, мойну ошол бойдон калды” деп айтпадымбы. Чындыгында эле абдан өкүнүчтүү нерсе.



Бурулкан Сарыгулова: Мындай болгондо, кайра дагы ыңкылапка багыт алышы мүмкүнбү? Ушундай бир кырдаал түзүлүшү мүмкүнбү?

Жусупжан Жээнбеков: Эми менин тилей турганым, биз мындай жолго барбашыбыз керек. Эгерде азыр ошону дагы бир кайталайбыз дей турган болсок, кан төгүлүп кетиши мүмкүн.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен дагы колдойм, Кудай сактасын андан. Жээнбеков мырза абдан туура айтат, бийликтин аты өзгөрүлгөнү менен заты өзгөрүлбөй калыптыр. Акаев 15 жылда жасаган катачылыктын бардыгын, азыркы бийлик үч жылдын ичинде мындан дагы көп жасап жатат. Кан төгүлүүдөн , кагылышуудан сактасын.

Табылды Акеров: Саясатта эч кандай өзгөрүү болгон жок десек болот. Себеби кландык система ошол бойдон сакталып калды. Экономикалык жактан акыркы эле кадамдарды алалы: Орусиянын ишкерлери Кыргызстанга көп келе баштады деп жатышат жана ошону бийлик кубаттап жатат. Бирок ошонун негизинде эмне жатаарын элге айтпай жатат.

Мисалы “Газпромду” алалы. “Газпром” Чалдыбардан Токмокко чейинки трубаларды ит бекерге алган жатат. Кыргызстандын көз карандысыздыгы каякта? Анда президент көз карандылыктын, мамлекеттин гаранты катары жооп бериши керек да. Алар ошону саткан жатышат.

Мына эми жакында гезиттердин бардыгына Чудиновдун кандай уруулук кылып жашагандыгы, доллар менен канча миллиондогон акчаларды жегендиги чыкты. Мына президенттин администрациясы дагы, өкмөттүн аппараты дагы, президенттин өзү дагы бир сөз айткан жок. Тыптынч Москвага кетип калды. Элдин бардыгына бул жарыя болуп чыгып жатат. Бир реакция керек да. Эч нерсе жок.

Башкача айтканда, эл өзү менен өзү, бийлик бөлүштүрүү иш аракеттеринин артында өзү менен өзү. Мына Баяман, Рыспек, Сурабалдиев, Худайбергенов жана башка 40тан ашуун адам киши колдуу болушту, буйрутма өлтүрүүлөр болду. Эмне үчүн? Себеп дегенде ошол бөлүштүрүүнүн бардыгы тең кландык негизде жүрүп, өз ара пикир табыша албай жатышат. Мунун дагы эң жаман нерсеси, “Мен ишенбейм” деген акциянын катышуучуларын алалы. Алардын бардыгын көчөгө чыкканда эле камап жатышпайбы.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Табылды мырза абдан туура айтты. Энергия система менен газды айтып кетпедиби. Акыркы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда болгон жер байлыктар, суулар, тоо-таштарыбыз, мөңгүлөрүбүздөн бери сатылып кеткенге шарт түзүлгөн.

Ошолордун бардыгын сатып алганга кыргыздын бирөөнүн дагы колунан келбейт болуш керек. Бийликте тургандарды эсептебегенде. Бирок аларда патриоттук сезимдер бар экенине мен ишенбейм. Ошонун бардыгы чет мамлекеттерден келген байлыкка сатылып кетиши мүмкүн. Алар сатылып кете турган болсо, биз кийинки муундарга эмнени калтырып, кийинки муундар биз жөнүндө эмне деген ойдо калат? Биздин мамлекеттин, элдин келечеги кандай болот? Ушуну терең ойлонгон бизде чоң саясатчы калбай калганбы деген ой келет.

“Эл ишеними чексиз эмес...”



Бурулкан Сарыгулова: Табылды мырза, Акаевге мисалы 15 жылдык башкаруудан кийин элдин ишеними түгөнгөн. Ага салыштырмалуу Бакиев азыр үч жыл башкарып жатат. Өзүнүн ой-максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү канчалык?

Табылды Акеров: Негизинен кыргыз эли көчмөн калк болгондон кийин саясатка көп деле катышпайт да. Эл керектүү гана учурда катышып берет. Мисалы, 24-мартта эл чыгып берди. Президентти качырды, болду, андан кийин катышпайт. Көчмөн элдерде негизги саясий катышуусу ушундай түшүндүрүлөт да. Президент Бакиевде деле ошондой болот. Эгерде ал ушундай каталарды көп кетире берсе, элдин жүрөгүнө тийгенде чыдабай бир күнү толкуп чыгат.

Бурулкан Сарыгулова: Табылды мырза, 24-марттын алдында Акаевдин кетиши ар бир үйбүлөдө айтылып калган жана башкы маселе болгон. 24-марттын алдында Акаевдин ситуациясы менен бүгүнкү Бакиевдин ситуациясын салыштырууга мүмкүнбү?

Табылды Акеров: Мүмкүн. Себеп дегенде эл эмне үчүн Акаевге ишенбей, аны “кетсин” деп калган? Ар бир ашканада чай ичип отурган адамдар “кетсин” деп сүйлөшүп калган болчу. Эмне үчүн? Анткени элдин бардыгы аны мөөнөтү бүтүп жаткан президент катары билген. Эми жаңы кишини көрөлү деп, ушундай бир сезим бар болчу. Ошону гана көксөп эл чыккан да. Эми азыркы бийликтин тушунда деле баягы эле кайталанып жатпайбы.

Жусупжан Жээнбеков: 14 жылда мурунку президентке элдин ишеними кетип калган. Эки адам чогулган жерде тема ошол болуп калган. Ага салыштырмалуу азыркы күндө Курманбек Бакиевге элдин ишеними дагы деле күчтүү. Бирок Кокон хандыгын алмаштыргандай чабылып, бир күнү “жарк” этип чыга коюп эле алмаштыра берсек анда биз өнүкпөйбүз. Ишенимди берели. Мөөнөтү бүтсүн. Мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзам негизинде кайра Курманбек Бакиевди шайлап алабы, же башкасын шайлап алабы, аны эл өзү чечет. Элге ишеним бериш керек.

Француздун бир окумуштуусу айткан экен, “менин элим кандай гана адамды президент кылып шайлабасын, мен ошол президент менен иштешемин” деп. Азыр эл көпчүлүк добуш менен шайлады. Биз иштейбиз.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Чындыгында эле Табылды мырза айткандай, биз көчмөн калкпыз. Көчмөн деп илгери болгондурбуз, бирок азыр көчмөн эмеспиз да. Азыр биз цивилазициянын катарына кирип, өнүккөн мамлекеттерге кошулсак, элдин арасын кирсек деп аракет кылып жатпайбызбы. Анан өзүбүздү көчмөндөрдөй алып жүрсөк, албетте туура эмес. Ошондуктан мамлекеттик иш кандай барат, коомубуз кандай өнүгөт - биринчи кезекте президенттен, бийлик бутактарынан көз каранды.

Эл качан оңолот, мамлекет качан түз жолго түшөт? Качан гана бийликтин башында турган адамдар Конституцияны касиетиндей сыйлап, өзү биринчи кезекте мыйзамдардын бардыгын аткарганда. Анан өздөрү мыйзамды, Баш мыйзамды тебелеп, ошол эле мезгилде “мыйзамды сакта!” деп элден талап кылса бул кандай болот? Ал элге кандай үлгү болот? Ошондуктан мен айтат элем, бийлик башында тургандар мыйзамды сактоонун үлгүсү болуп бериши керек.

Табылды Акеров: Биринчи кезекте президенттин өзүнөн көз каранды. Азыр айтып жатышат го, “шайлоо болсун, шайлоодо көрөлү” деп. Шайлоодо эл “көрбөйбүз” деп койсо эмне болот? Мисалы, парламенттик шайлоо булганыч бүткөнүн бардыгы билет. Мына Жээнбеков мырза айтып жатат “мен өзүм 43 пайыз эл келгенин көрдүм” деп далил берип жатат. Анда эл кийинки президенттик шайлоодо “көрбөйбүз” деп койсо эмне болот? Ошондуктан президент мамлекет башчы катары өзүнүн саясатын жана стратегиялык багыттарын так аныктап алып, ошонун негизинде аракеттениш керек.

Жусупжан Жээнбеков: Ошону бизге окшогон, ушул жерде эл аралап жүргөн адамдар “биз мамлекетти түзүп жатабыз, Кокон хандыгындай кылып чаап жибербейли, мындай кылбайлы” деп элге ишеним берели деп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG