[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 14-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] БУШТУН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САПАРЫ БАШТАЛДЫ
АКШ президенти Жорж Буш Израилге келди. Бул жерде ал майрамдык иш чараларга катышат жана тынчтык процессин активдештиргенге аракет кылат. Буш келер алдында Израилдин премьери Эхуд Олмерт палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуп, айрым жылыштар байкалганын айткан эле.


Жорж Буш Израил мамлекетинин 60 жылдык мааракесин белгилегени келди. Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэрортунда аны президент Шимон Перес, премьер Эхуд Олмерт, кнессеттин спикери Далия Ицик, министрлер, депутаттар тосуп алышты. Буштун коопсуздугун камсыз кылганы Израил тараптан эле 800 полицмен, атайын кызматтардын агенттери ажыратылды.

Иерусалимде Буш Израилдин мааракесине арналган “президенттик конференцияга” катышат. Мунун алдында израил жетекчилери менен эки тараптуу мамилелерди жана тынчтык процессинин жүрүшүн талкуулайт.

Вашингтондон сапарга аттанып жатып Буш Израил менен Палестин автономиясы ортосунда быйыл жыл этегине чейин тынчтык келишими түзүлүп каларына чоң ишеничи бар экенин билдирди. “Муну биз чын эле жасай алабыз”,- деп айтты ал. Ошол эле учурда бул оңой милдет эместигин, тараптардын көп күч-аракети талап кылынарын да моюнга алды.

Буштун Израилдеги сапары жума күнү аяктайт. Андан соң ал Сауд Аравиясында жана Египетте болот.

Буш Тел-Авивге келерден бир күн мурда Израилдин премьери Эхуд Олмерт палестиналыктар менен жүрүп жаткан жүйүр сүйлөшүүлөрдө “реалдуу прогресс байкалганын, баары болбосо да маанилүү көп маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жана макулдашууга жетишилгенин” айткан эле.

Олмерттин сөздөрүн комментариялап, Палестин улуттук администрация башчысынын кеңешчиси Саид Эрекат “олуттуу жана терең сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бардык маселелерде али каскактар көп экенин” ырастады.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]