[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Дүйшөмбү, 5-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] АКШ ИЗРАИЛ-ПАЛЕСТИН КЕЛИШИМИ БЫЙЫЛ ТҮЗҮЛӨРҮНӨ ИШЕНЕТ
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс быйыл жыл этегине чейин израил-палестин тынчтык келишими түзүлүшү мүмкүн деп эсептейт. Райс Жакынкы Чыгыштагы эки күндүк сапары маалында Израилдин жана Палестинанын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Былтыр ноябрда АКШнын Аннаполис шаарындагы эл аралык жыйында Израил менен Палестин автономиясы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантмак болушкан. Андан бери олуттуу прогресс байкала элек.

Ошентсе да Кондолиза Райс “белгиленген максатка – израилдиктер менен палестиналыктар ортосундагы тынчтык келишимге - быйыл жыл этегине жана президент Буштун бийликтеги мөөнөтү бүткөнгө чейин жетишкенге болоруна АКШ ишене тургандыгын” билдирди.

Райс жекшемби күнү Рамаллада автономиянын башчысы Махмуд Аббас менен жолугуп, сүйлөштү. Андан бир күн мурда палестин бийликтери Иордан дарыясынын батыш өйүзүндөгү Женин шаарына алты жүздөй полицменди киргизип, калааны өз көзөмөлүнө алышкан эле. Райс бул кадамды жакшы апазда баалап, палестиналыктар өз жериндеги коопсуздук үчүн жоопкерчиликтин көп үлүшүн өздөрүнө алышы керектигин эске салды.

Буга катарлаш израил полициясы батыш өйүздө Хевронго жакын жерде тургузулган маалалардын бирин сүрдүрүп, бузуп таштады. Мыйзамсыз үй куруп алгандар каршылык көрсөткөнгө аракет кылышты.

Палестин жериндеги жөөт маалаларынын проблемасын Райс ишемби күнү Иерусалимде Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда кайрадан сөз кылды. Райс ырастагандай, Кошмо Штаттары курулуш иштерин “жол картасында” аныкталган милдеттенмелерге ылайык келбейт деп эсептейт. Ошол себептүү келишимге жетишүүнүн өбөлгөсү катары ишеним кырдаалын түзүүнү израилдиктердин эсине салып келатат.

Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу боюнча эл аралык арачылар да жума күнү Лондондогу жыйында Израилди курулуштарды токтотууга чакырган эле. Аскери күзөт пункттары, жол боюндагы башка тоскун жайлар темасына Райс Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен жолуккан учурда да атайын кайрылды.

Райстын сапарынан соң Аббас менен Олмерт жолукканы жатышат. Жолугушуу бүгүн, дүйшөмбү күнү болушу мүмкүн. Айдын этегинде болсо Жакынкы Чыгышка Израил мамлекетинин 60 жылдык мааракесине катышканы президент Жорж Буш өзү келет.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]