[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Жума, 2-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] БЕЛОРУСТУН ДИПЛОМАТТЫК ДЕМАРШЫ АКШны ОЙЛОНТУП КОЙДУ
Вашингтон америкалык 10 дипломатты Белорустан айдап чыгууну «мыйзамсыз жана акылга сыйбас» кадам деп атады. Ага кандай жооп берүү жагы ойлонулуп жатканын Мамдепартаменттин өкүлү Том Кэйси маалымдады. Белорус өкмөтү АКШны эки өлкө арасындагы дипломаттык мамилелер жөнүндөгү келишимди бузду деп, америкалык 10 дипломаттын үч күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Натыйжада, Минскидеги АКШ элчилигинде төрт гана дипломат калат.


Бейшембинин кечине чейин АКШ тарап Белоруска татыктуу жобун берет, Вашингтондогу Белорус элчилиги менен Нью-Йорктогу консулдукта иштеген алты дипломатты айдап чыгат деп айтылып жаткан.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Том Кэйси 1-майда өткөн маалымат жыйынында америкалык 10 дипломат 72 саат аралыгында Белорустан чыгып кетээрин тастыктады. АКШнын Евробиримдик менен чогуу мартабалуу белорус чиновниктерин, анын ичинде президент Лукашенкону виза укугунан ажыратуусуна, ошондой эле «Белнефт» кампаниясынын банктардагы эсептерин убактылуу камакка алуусуна ырасмий Минск ушундай жооп берди. Береги чаралар Белорустагы адам укугун бузууларга байланыштуу кабыл алынган эле.

Жыл башында эле АКШнын Минскидеги элчилигинде 35 өкүл иштечү. Белорус тараптын соңку кадамынан кийин америкалык элчиликте төрт эле дипломат калат. Том Кэйси ырасмий Минскинин дипломаттык майдандагы кысымын «мыйзамсыз жоро» деп атады:

-Бул негизи жок чара. Ага Кошмо Штаттардын Белорустагы демократияны жана адам укугун коргоочу кыймылдардын активистерин колдогону себеп болду. Белорус бийликтеринин аракети өлкөнү ого бетер изоляцияга түртөт жана Белорусту эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү болуу максатынан алыстатат.

Том Кэйси ошол эле учурда Мамлекеттик департамент Белорустун америкалык дипломаттарды айдап чыгуусуна каршы кандай чара көрүүнү ойлоп жатканын кулак какты кылды:

- Биз алардын аракетине тынчсыздануубузду билдирдик. Бул өз ара дипломаттык мамилелердин болочогу үстүнөн олуттуу ойлонобуз дегенди түшүндүрөт. Бирок ушу тапта кандайдыр бир чечим кабыл алына элек.

Непада белорус дипломаттары Кошмо Штаттардан айдалып чыкса, АКШ- Белорус ортосундагы дипломаттык алакаларга кандай таасир этиши мүмкүн? Бул суроого Кэйси дипломаттык байланышты кармап туруу мүмкүн экенин, бирок өлкөдө экинчи тараптын ырасмий өкүлдөрү болбогон шартта өз ара иштешүү абдан татаал болот деди.

«Ассошэйтед пресс» агенттигинин Мамдепартаменттеги булактарга шилтеп кабарлашынча, Вашингтон азыр Белорустагы элчилигин жаап, АКШнын кызыкчылыгын коргоочу үчүнчү тарапты издечү абалда турат. Мындай кабарды Том Кэйси дегеле укпаганын айтты.

Амирбек Усманов, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]