[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 15-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] ИЗРАИЛДИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮ – ПАЛЕСТИНДЕРДИН КАЙГЫСЫ
14-майда Израилдин эгемендүүлүк күнү белгиленди. Ага карата АКШ президенти Жорж Буш да атайын учуп келди. Батыш өлкөлөрү Израил мамлекетин эгемендүүлүгү менен куттуктап жаткан кезде араб дүйнөсү чоң кайгыга батты. Израил эгемендүүлүк алган соң өлкөдө жашаган 700 миңге жакын араб өз үйүнөн айдалган. Андыктан Палестинада бул күн расмий түрдө Кырсык күнү, же “Накба” деп эскерилет.


Палестиндер жашаган Газа шаарынын борбордук аянты аркылуу жүздөгөн мектеп окуучулары оюнчук автомат жана ракеталарды көтөрүп алып жөө жүрүш уюштурушту. Иерусалимде жашаган палестиндер Израилдин түптөлүшүнөн берки ар бир күндү эсептеп, ага жараша 22 миң кара шарды асманга учурушту. Бул иш-чара Израил түптөлгөн 60 жылдан бери Иерусалимди караңгы түн басканын чагылдырат.

Израилдин «туулган күнү» палестиналыктарда “Кырсык” күнү деп эскерилет. Израил эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийинки күнү эле өлкөдөгү арабдар өз үйүнөн айдалган, деп айтылат Палестин тарыхында.

Расмий Тел-Авив бул окуяны башкача сүрөттөйт. Алардын айтымында, Израил бийлиги эч кимди үйүнөн айдаган эмес. Ал эми палестиндер эгемендүүлүктөн кийин дароо башталган согуштун айынан өздөрү качып кетишкен.

Ошентип, Израилдин 60 жылдыгы Жакынкы Чыгыштын өзүндө талаштарды жаратып келет. АКШ президенти Жорж Буш келип, Израилдин эгемендүүлүк күнүн жөөттөр менен кошо майрамдаганы палестиндер арасында терс кабыл алынып жатат, дейт Хамас кыймылынын өкүлү Махмуд ал-Захар.

- Буш биздин кырылып жок болуп атканыбызды, жашоого мүмкүн эмес шарттарда күн өткөргөнүбүздү, биздин улуттук укуктарыбыз тепсендиде калгандыгынын 60 жылдыгын майрам катары тосуп жатат.

Жорж Буш Палестин-Израил талашын тынчтык жолу менен аяктап, бир жалпы бүтүмгө келүүгө үндөйт. Анын айтымында, АКШ 60 жыл мурун “жөөттөр мекени” түптөлгөнүн кантип колдосо, “палестиндер мекенин” кайра курууну да ошондой колдойт. Анткен менен, мындай долбоор эки тарапты тең канааттандыргыдай болуп иш жүзүнө кантип ашырылаары такталган жок.

Жөөттөр да, палестиндер да Иерусалимди өз мекенинин борбору деп эсептейт. Мындан тышкары, палестиндер мурун жашаган жерлерине кайтып баруу укугун талап кылып жатат. Израил бийлиги буга макул эмес, анткени ал жерлерде азыр жөөттөр жашайт.

Каарманбек Кулуев, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]