[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шаршемби, 14-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- ДҮЙНӨ
[ Саясат ] ЛИТВА ОРУСИЯНЫ БРЮССЕЛДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЭПКЕ КЕЛТИРЕТ
Литва Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосундагы кызматташттык тууралуу сүйлөшүү баштоого каршы чыгып келген эле. Мына эми Европа Биримдигинин бир нече тышкы иштер министрлери Литва менен макулдашуу жетишилгенин, Вильнюс өкмөтү бул сүйлөшүүнү баштоого макул болгонун жарыялашты. Литванын, Польшанын, Швециянын жана Словениянын министрлери жарыялаган билдирүүдө тараптар Литванын тынчсыздануусун көңүлгө алуунун жол-жобосун аныкташкандыгы айтылат. Ошентип, Литва эмнеге жетише алды?


Литва дипломатиялык жеңишке жетишкенин, Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда түзүлө турган келишимде өлкөнүн эң маанилүү кызыкчылыктары көңүлгө алына турган болгондугун айтууда.

Литванын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Виолета Гайзаускайте “Азаттык” үналгысына бул келишимди "Литва үчүн чоң жетишкендик" деп мүнөздөдү:

- Биз чоң жеңишке жетиштик. Европа Комиссиясы Орусия менен сүйлөшүүдө бизди тынчсыздандырган бардык маселелерди көңүлгө алууга макул болду.

Ал эми Литванын тышкы иштер министри Петрас Вайтиекунас өлкө конкреттүү кепилдиктерге ээ болоорун бышыктады:

- Бүгүн Европанын биримдиги бекем экендигин моюнга алышым керек. Коопсуздук, акыйкаттык, глобалдык мыйзам жаатында Европада биримдик бар. Литванын бардык кызыкчылыктары жазуу жүзүндө көңүлгө алынды.

Жекшембиде Европа Биримдигине кирген Швециянын, Польшанын жана Словениянын тышкы иштер министрлери Карл Билдт, Радослав Сикорский жана Дмитрий Рупел Вайтиекунас менен ийри отуруп, түз кеңешкен эле. Словения учурда Евробиримдиктин төрагасы экени маалым. Бул маселе эми биримдиктин тышкы иштер министрлеринин 26-майда өтө турган кеңири отурумунда талкууланат.

Ай башында Литва Европа биримдигинин Орусия менен кызматташттык сүйлөшүүсүнө вето кое тургандыгын жарыялаган.

Литванын талаптары кайсылар? Биринчиден, ал Орусянын Литванын “Мазейкиу” мунай тазалоочу ишканасына мунай жибере баштоосун талап кылууда. Литва ошондой эле Орусиядан энергетикалык коопсуздукту кепилдешин каалайт. Польшанын тышкы иштер министри Сикорский бул маселеде анын өлкөсү Литваны толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Литва ошондой эле 1991-жылдын январында атуулдарга каршы советтик аскерлерди ким жибергенин, ошол эле жылы көз карандысыз Литванын чек арасында куралсыз жети тартип коргоочуну жана бажы кызматкерин өлтүрүүнү ким уюштургандыгын билүүгө кызыкдар.

Литва мындан тышкары Орусиянын Молдова менен Грузиядагы дымып жаткан жаңжалдарды жөнгө салышын каалар эле. Гайзаускайтенин айтымында, бул жаңжалдар Литванын жана жалпы эле Европа Биримдигинин коопсуздугу менен байланышкан. Ал эми Вайтиекунас бул жаңжалдарды жөнгө салууну Орусия менен Европа Биримдигинин оротосундагы сүйлөшүүнүн ийгилигинин "башкы шарты" деп баалады.

Литванын, Польшанын, Швециянын жана Словениянын тышкы иштер министрлери Вильнюстан кийин эртеси Грузиянын баш калаасы Тбилисиге жол тартышты.

Жаңыл Жусубжан, Прага


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]