[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Шейшемби, 6-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Саясат ] И. КАДЫРБЕКОВ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА ДАГЫ БИР АЙ КАРМАЛАТ
6-майда Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Сот аны бир ай убактылуу кармоочу жайга камоону узарткан чечимин чыгарды. Кадырбеков муну саясий тапшырма катары баалады. Ушул эле күнү Нарындан келишкен Ишенбай Кадырбековду коргоо кыймылынын мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, ага карата сот баш коргоо чарасын өзгөртпөсө ар кандай акцияларды өткөрүшөрүн билдиришти. Каржы полициясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Зулкайнар Сарытаев бул иш боюнча тергөө иштери мыйзамдын чегинде жүрүп жатканын, бул боюнча толук маалыматты жакын арада коомчулукка жарыялашарын кабарлады.


Ишенбай Кадырбеков Ленин райондук сотунун чечимин саясий тапшырма деп эсептеп, ага байланыштуу козголуп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө кылышпай эч кандай далилсиз камакка алууну бийликтин анын эркин сындырууга жасаган аракети катары баалады. Соттун чечимине анын жактоочусу Владислав Лужанский дагы макул эмес. Анын айтымында, сот жогору жактын тапшырмасын аткарып, бул маселени жарандык иш катары кароонун ордуна оор кылмыш жасаган айыпкерге жасагандай мамиле кылды.

Ал эми Каржы полициясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Зулкайнар Сарытаев Кадырбековго байланыштуу иш боюнча тергөө амалдары мыйзамдын чегинде жүрүп жатканын, буга байланыштуу толук маалыматты жакында коомчулукка жарыялаша тургандыктарын билдирди.

Кадырбековду коргоо комитетинин Нарындан келген төрт мүчөсү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кадырбековду камактан бошотуу талабын коюшту. Аталган комитеттин мүчөсү Токторбай Жетибаев буга чейин Кадырбековго байланыштуу маселе боюнча президентке чейин кайрылышканын кошумчалады.

- Биз Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну талап кылабыз. Бул боюнча президентке, Башкы прокуратурага кайрылдык. Бирок али күнчө бизге жооп берише элек.

Кадырбековдун тарапкерлеринин талаптары аткарылбаса Нарын шаарынын айрым тургундары ар кандай саясий акцияларды баштоого даяр экендигин Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманбаева билдирди.

Анын айтымында, Нарын аймагында Ишенбай Кадырбековдун укугун коргоо боюнча эки миңден ашуун адам кол топтогон.

Кыргызстан коммунисттери партиясынын парламенттеги депутаты Гүлжамал Султаналиева болсо коммунисттер фракциясы Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылуу жолдошконун, бирок сот парламент депутаттарынын кайрылуусуна көңүл бурбаганын белгиледи.

Аманбек Жапаров, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]