Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

“ТЫНЧ МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ УКУГУБУЗДАН АЖЫРАТПАГЫЛА!”


Жалалабат облусунун бир катар адам укугун коргоо уюмдары парламенттин кошумчаларды кийирген «Элдин куралсыз, тынч чогулуу, митинг, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, президентти ага кол койбоого чакырууда. Алар мыйзамды кабыл алуу менен бийлик өз турумдарын бекемдеп жатканын белгилешүүдө. Облустук бийликтин бөлүм башчысынын пикири боюнча мыйзамга кол коюу, кол койбоо иши - ал президенттин өз эрки, бирок, белгиленген жайларда митинг өткөрүүгө тоскоолдук жок.

Жогорку Кеңештин «элдин куралсыз, тынч жыйын-митингдерди жана көчө жүрүштөрү менен демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү «мыйзамы менен макул болбогон жарандар облуста бир топ. Байызкан Көчөрбаеванын айтымында, Чаткал районундагы Жаңыбазар айыл өкмөт башчысы өңдүү жергиликтүү бийлик жарандардын арыз-муңун угуп, үй-бүлө чатагына дейре көңүл буруп, көйгөйлүү маселесин чечип берсе, митингге эч ким чыкпайт. Мыйзам жолу менен жарандардын тынч чогулуу, өз оюн эркин айтуу укуктарын чектөө туура эмес. Бийликке болгон нааразылыгы күчөп, талаптары аткарылбай калганда, эл көчөгө аргасыздыктан чыгаарын март ыңкылабы далилдеп берген, деп айтты Байызкан Көчөрбаева:

- Митинг өткөргөндү чектебеш керек. Алкылдап-жулкулдаган, 10 сомго сатылган аялдар бар, андайлардын кереги жок. Революцияны деле бүт демонстрация менен баштап, демонстрация менен бүтүрдүк. Чек коюп койгон болбойт. Жерин тарттырып койсо, колунда жок болсо айласы жок менин добушумду угар бекен деп чыгат алар. Жөн эле чыга бербейт адамдар.

Облустагы адам укугун коргоочу «Адилеттик» уюмунун төрайым орунбасары Абдымалик Шариповдун ою боюнча чектөөлөр коюлган мыйзамдын кабыл алынышы – митинг, пикет, ачкачылык өңдүү акцияларды алдын алуунун амалы. Аталган мыйзамдын айынан жарандардын конституциялык укуктары бузулду. Ансыз деле жумалап өсүп жаткан кымбатчылык жарандардын нааразылыгын пайда кылып, негизги укуктарга доо кетирүүдө. Экономикалык талаптарды саясий ыкмалар менен чечүү мүмкүн эмес:

- Биздин мамлекетте авторитардык режимдин үлгүлөрү калыптана баштады. Элдин нааразылыгын жарата турган көптөгөн негиздер бар. Митингге чектөө коюу тууралуу мыйзам ошолорго тоскоолдук кылуу үчүн жасалган аракет болду. Президент мындай мыйзамга кол койбоосу зарыл.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманованын пикири боюнча адам укугун бузган мыйзамдар аркылуу бүгүнкү бийликти чыңдоонун чаралары жасалууда.

Бирок, облустук бийликтин укук коргоо уюмдары бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдун көз карашында нааразылык акцияларын белгиленген жайларда өткөрүүгө тоскоолдук жок. Стратегиялык маанилүү өнөр жана аскердик жайлардын, социалдык имараттардын, чоң жолдордун боюнда митинг болгондо башкалардын укугу бузулат. Ал нерселер унутулуп, бийлик имаратын ээлеп алуу максаты болсо, андай митигдерди сөзсүз чектөө керек:

- Мыйзамга кол коебу, кол койбойбу ал президенттин өзүнүн эрки. Менимче бул адамдардын укуктарын демонстрация, митингге чыгуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип атышпайбы.

Адам укугун коргоочу «Аба» деп аталган уюмдун өкүлү Феруза Ташбулатованын көз карашында Базаркоргон районунда жарандардын арыз-даттанууларына бийлик уюмдары анча көңүл бура беришпейт. Ошондуктан митинг аркылуу маселе чечип алуу адатка айланып калды:

- Мисалы бир кайрылсаң натыйжа чыкпайт. Эл күтөт, анан митинг жолу менен кайрылууга туура келет, эгерде митинг кылбасак президентке жетпей калат деген максатта алар чыгышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG