Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

И.КАДЫРБЕКОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ ӨЗГӨРГӨН ЖОК


Кечээ Кыргызстандын архитектура, курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/DE7DE608-7252-45DD-9899-EE3F2E8EAA30.asp баш коргоо чарасын Бишкектин Ленин райондук соту 6-августка чейин өзгөртүүсүз калтыруу тууралуу чечимин чыгарды. Ишенбай Кадырбековдун өзү эч кандай мыйзам бузбаганын, бул бийликтен адилеттикти күтүү болбостугун билдирүүдө.

Бишкектин Ленин райондук соту Кыргызстандын архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын 6-августка чейин өзгөртпөө тууралуу чечимин чыгарды. Буга чейин ушул эле райондук сот И.Кадырбековдун адвокаттарынын анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу эки жолку кайрылуусун канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту да Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Ишенбай Кадырбековдун өзүнө каршы козголгон кылмыш иши ойлонулуп табылгандыгын, күнөөсү жок адамды кармап жатышканын сот залына кирип баратып “Азаттыкка” билдирди.

Ишенбай Кадырбеков: -Шартым СИЗОдогудай эле. СИЗОдо кандай болсо ошондой эле. Элдин шарты кандай болсо ошондой эле.

”Азаттык”: - Ден соолугуңуз кандай?

Ишенбай Кадырбеков: -Эми ден соолук аз-аздан оңолуп келатат.

”Азаттык”: - Бул иш жөнүндө эмне деп айта аласыз?

Ишенбай Кадырбеков: - Иш жөнүндө эми тергөө бүткөндө айтпаса болбойт да. Азыр тергөө жүрүп жатпайбы. Анан баары соттон айтылат.

”Азаттык”: -Өзүңүздү жакшы эле сезип жатасызбы?

Ишенбай Кадырбеков: - Камакта отурганда жакшы сезе албайсың да. Өзгөчө өзүңдүн күнөөң жок экенин билип туруп камактоо отуруy бул өзү чоң оор жүк экен. Баягы Кудайга койдум деп айтат го. Анан элиме ырахмат! Жакшы сөзүн айтып мени колдоп турганына. Өзгөчө Нарын элиме ырахмат айткым келип атат. Бир гана айтарым, менде күнөө жок. Мага ишениш керек. Акыры жүрүп баары бир чындык чыгат. Бүгүн болобу, эртең болобу! Калган күнөөлөрдүн баары ойдон, ойлонулган эле сөздөр.

Ишенбай Кадырбековду айыптап жаткан Кыргызстандын Каржы полициясынын тергөө башкармасынын жетекчи орунбасары Ислам Боров азырынча эч нерсе айта албастыгын билдирип тим болду.

- Азыр иш бүтө элек. Эч кандай комментарийдин кереги жок. Мен эч нерсе айткым келбейт.

Райондук сотко агасын көргөнү келген Ишенбай Кадырбековдун иниси Нарынбай Дүйшөмбиев өз пикирин ортого салды.

- И.Кадырбеков деп алмаштырып алып кармап алыппыз деп мени кармап, чынында бул өзү оюн болчу. А негизи мына бир айдан ашты, көрүп атасыңар, койгон күнөөлөрүнүн баары негизсиз деп адвокаттар журналисттер үчүн маалымат жыйынында айтышты. Күнөөлүү кишилерди кармабай, көзөмөлдөөчү жерде иштегенди келип кармап жатышат. Эми анысы аз келгенсип, бир туугандарга тийишип жатышат. 1989-жылы мен жаш адис катары келинчегим экөөбүз алган үйгө чейин финансы полициясы келиптир. Ким жашайт, дешиптир. Бул эми чектен чыккандык. Баягы 30-жылдар болуп жатат да. Бүт Кыргызстанда эмнеси бар деп бир туугандарга, алыскы туугандарга деле булар кийлигишип жатат. Аягы акыры жакшылык менен бүтпөйт.

Соттун И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү-өзгөртпөө туyралуу жыйыны жабык эшик артында өттү. И.Кадырбековго каршы коюлуп жаткан курулуш иштерине берилчү уруксат кагаз үчүн пара алган деген айып азырынча тактала элек.

И.Кадырбековдун өзү мунун баары ойлонуп табылган нерсе деп эсептейт. Ал эми анын адвокаты В.Лужанский И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко кайрыла тургандыгын, Каржы полициясы болсо баш коргоо чарасы өзгөрүлсө И.Кадырбеков тергөө амалдарынын жүрүшүнө тоскоолдук кыларын белгилеп жатышканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG