Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

ТАГАЕВ ТИЛИНЕН ТАЙДЫБЫ, ЖЕ ШАЙЛОО КАМПАНИЯСЫ ЧЫН ЭЛЕ БАШТАЛДЫБЫ?


Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев 8-июлда Баткенде “Ак жол” партиясынын жыйынына катышып, баткендиктерди кезектеги президенттик шайлоодо азыркы президент Курманбек Бакиевди колдоого чакырды. Мыйзамга ылайык 2010-жылы боло турган президенттик шайлоо кампаниясын мынчалык эрте баштоо төраганын жеке демилгесиби, же атайын ойлонуштурулган нерсеби?

Азыркы президент Курманбек Бакиев 2005-жылы 10-июлда 88.65 пайыз добуш менен беш жылга президент болуп шайланган. Конституциянын талаптарына ылайык кезектеги президенттик шайлоо 2010-жылы өткөрүлүш керек. Ага чейин дээрлик эки жыл бар. Бирок азыркы учурда эле саясатчылардын ортосунда кезектеги президенттик шайлоо боюнча сүйлөшүүлөр башталганы айтылууда. Андай аракеттер бийлик тарабынан да жасалып жатканын Жогорку Кенештин төрагасы Айтибай Тагаев 8-июлда Баткенде “Ак жол” партиясынын жыйынында тастыктады. Ал 2010-жылы боло турган президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди кеминде 95 пайыз менен колдоого жергиликтүү калкты чакырды:

-Ошондо, президенттик шайлоодо жок дегенде 95% добуш менен “Ак жол” партиясынын лидери Курманбек Салиевичти шайлоого чакырып кетет элем.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Айтибай Тагаевдин сөзүн президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы катары баалады. “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев да мына ошондой пикирде:

-Мен ойлоп атам, шайлоого даярдык негизинен башталды. Кадрларды дайындоолор, өзгөчө тартип коргоо органдарга дайындоолор шайлоого карай кадам десек болот. Анан эми төраганын ачык сөз менен үгүт кылганы бул эми бир жагынан өзүнүн демилгеси, экинчи жактан бул Бакиевди колдогула деген атайын сценарий го.

“Ак шумкар “ партиясынын лидери Темир Сариев болсо Тагаевдин билдирүүсүн анын саясий тажрыйбасыздыгы менен байланыштырды:

-Бүгүн президент болуп турган адам үчүн шайлоо кампаниясын мынча эрте башташ саясий опурталдуу нерсе. Эгерде президент эмес, президенттикке талапкерлигимди коем деп жүргөн адамдардын мындай иш-аракеттери түшүнүктүү болмок. Мен ойлоймун, бул жерде төраганын саясий тажрыйбасынын жоктугу өзүнүн ролун ойноду окшойт.

“Ак жол” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков төраганын демилгесине карата мындай пикирин билдирди:

-Айтибай Султанович Тагаев өзүнүн оюн айтты. Ал чогулушка мен да катышкан элем. Азыр президенттик шайлоого дагы бир топ убакыт бар. Ошол эле убакта мен дагы “Ак жол” партиясынын мүчөсүмүн. Президенттин саясатын колдогон кишимин.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев “Ак жол” партиясынын мүчөсү болгон Айтибай Тагаевдин Курманбек Бакиевди колдоо тууралуу үгүтүн кадыресе көрүнүш катары баалап, Тагаев өз партиясынын лидерин колдоосун көрсөтүп жатат деген пикирин айтты.

Саясат таануучу Валентин Богатыревдин пикиринде, Айтибай Тагаевдин Баткендеги демилегси жеке ага тиешелүү жана ага Акүйдүн катышы жок. Ал жогору тургандар алдында көрүнүп коюу максатын көздөп, ошондой кадамга барган болуш керек. Ошол эле мезгилде Богатырев
оппозициялык саясатчылар
арасында президенттик шайлоого даярдык көрүү башталганын кошумчалай кетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, азыркы кезде президенттик шайлоо тууралуу эч кандай сөз жок экенин айтып, Жогорку Кеңештин төрагасынын сөзүнө комментарий бере алышпасын белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG