[image][.azattyk.org]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
[image]
[RADIO FREE EUROPE/RADIO LIBERTY]
Бейшемби, 1-май 2008 [e-mail to a friend] [print friendly version]
ОКУЯЛАР жана ФАКТЫЛАР -- КЫРГЫЗСТАН
[ Коопсуздук жана коргонуу ] Ж.ИМАНОВ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮ КЫЗМАТЫ ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕП КЕТЕ АЛАТ
Кыргызстандагы Өрт өчүрүү кызматынын абалы боюнча “Азаттык” үналгысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы өрт өчүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Жаныбек Иманов маек куруп берди.


-Жаныбек мырза, өрт өчүрүү кызматы кыйла убакыттан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катарынан чыгып, өз алдынча иштөө демилгесин көтөрүп жаткан экен. Буга эмне себеп болуп жатат?

-Себеби 5 жыл болду, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караганыбызга. Буга чейин беш министр алмашылды. Ички иштер министрине караганда деле, өзгөчө кырдаалдар министрине караганда деле такыр жетим балдардай бизди карап жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнүп чыгуу үчүн 2006-жылы демилге көтөрүлгөн. Мунун себептери, биздин балдардын айтымында, компетентүү адамдар, компетентүү эмес адамдар ар кандай суук мамиле менен кордоо көрсөтүп келген. Жанагындай аттестацияларды жылдан жылга алып, ушундай туура эмес мамиле кылып келген.

-Сиз кесипкөйлөрдү тандоо боюнча аттестациялоо жагын айтып жатасызбы?

-Ооба, өздөрү билбеген адамдар аттестацияларды өткөргөн. Ошондон улам демилге көтөрүлүп, облус-облустарда чогулуп, протоколдор бар, ошого чейин ушул маселе көтөрүлүп келген. Жакында биздин ардагерлер дагы көтөрдү ушул маселени. Анан аймак-аймактарга бөлүнүп, протоколдорду жаздырып. Анан азыр бизге жаш министрибиз келди. Бирок Камчыбек Ташиев келгенден бери көз караштар ушул биздин өрт өчүрүү кызматына өзгөрө баштады.

-Бул эми ээнбаштык катары кабылданбайбы? Мамлекеттик структурада тартип бар экен да. Маселен, кечээ министр Ташиев демилге көтөрүүдөн мурда аны президент, өкмөт менен макулдашуу керек деп айткан экен сиздер менен жолугушууда. Министр эмне дейт? Жолугушууда эмне сөз болду?

-Бул маселе боюнча биз 2006-жылы президентибизге кайрылуу жасаганбыз. Анда ушул өкмөт жагынан курам болуп калган бул жылы. “Кечигип калдыңар” деген өкмөт жактан жооп болгон. Быйыл дагы бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Азыркы учурда биздин ардагерлер ушул демилге көтөргөндөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бизге көз карашы өзгөрдү деп ойлойм.

- Ушул өрт өчүрүү кызматынын өзүнчө жашап кеткенге мүмкүнчүлүгү барбы? Өз алдынча мамлекеттен каржы алыш керек да, туурабы?

-Биздин финансылык каржылоо өз алдынча болуп келген, азыр деле өз алдынча. Эгер ошондой бөлүү маселеси каралган болсо, биз ошол эле каржыланган акча гана жумшап, кошумча эч кандай өкмөттөн эч нерсе сурабайбыз деле. Ошол боюнча азыр жер-жерлерде ачык кат жазганбыз министрге.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек


[news]
Негизги бет
Aрхив

English content


[image]
СИЗДИН ПИКИРИҢИЗ
E-mail адресиңиз:
Ой-пикириңиз:
[image]
[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]