Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

КЫТАЙ: ЗИЛЗАЛА КУРМАНДЫКТАРЫНЫН САНЫ АЛТЫМЫШ МИҢДЕН АШТЫ


Кытайда мындан эки апта мурдагы зилзала курмандыктарынын саны азыр алтымыш миңден ашты жана сексен миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул жөнүндө бүгүн өлкөнүн премьер- министри Вэнь Цзябао билдирди жана жогорудагы сан өкмөттүн жер титирөөдөн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/16B1062E-BCF8-4142-AA0B-2B68386F17C7.asp 55 миң адам мерт болгондугу тууралуу мурдагы маалыматы кыйлага көбөйгөнүн көргөзүүдө. Ишембиде Кытай премьер- министри жана Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сычуан провинциясынын жер титирөөнүн эпицентрине кабылган Инсю шаарында болушту.

Ошентип, зилзаладан дээрлик эки апта өткөндөн кийин эми урандылар алдында калгандар тирүү табыларына үмүт аз. Кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун ырастоосунда жер титирөөнүн курмандыктары унутулбайт:

-Акыркы бир нече күндүн аралыгында бүткүл өлкө жер титирөөдөн жабыр тарткан мекендештирибизди эскерип, аза күттү. Бул Кытай аларды унутпаганын туюндурат.

Кытай өкмөт башчысы менен кошо ишембиде жер титирөөнүн эпицентри болгон, Сычуан провинциясынын эң көп жабыр тарткан Инсю шаарына барган БУУнун башкатчысы Кытай лидерлерин зилзаларын кесепеттерин жоюу боюнча алгачкы күндөрдөн тарта эле жигердүү жана натыйжалуу чараларды көрүп жатканы үчүн мактады. Алдыдагы кайра куруу ишинде Улуттар уюмунан жардам болорун убада кылды.

Пан Ги Мун Кытайга чейин Азиянын ири жаратылыш кырсыгына тропикалык ураганга кабылган өлкөсү Бирмада болгон эле. Кытайдан айрымаланып Бирма өлкөнүн бир топ жерин кыйраткан бороондон кийинки куткаруу чараларын илең –салаң жүргүзгөнү, эл аралык жардамдын келишие тоскоолдук кылганы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган эле.

Бул өлкөнүн аскерий жетекчилиги жалпысынан 2,5 миллион адамга таасири тийген ал кырсыктын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн четтен жардамчы күчтөрдүн, дарыгерлердин, адистердин келишине ушул жума күнү Пан Ги Мун алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн соң гана макул болду. Тропикалык ураган 2- майда болгон эле, анткен менен азыркы чейин 130 миңден ашуун адам дайынсыз жоголгон же өлгөн деп эсептелүүдө.

Кытайда да урандылар алдында калгандарды эми аман табууга үмүт аз, өкмөт болсо эпидемияны, жер көчкү, суу ташкын өңдүү кийинки ыктымал кырсыктарды алдын алууга көңүл буруп жатканын билдирүүдө.

Анткени жер титирөөнүн соңунан 30га жакын жаңы көлдөр пайда болду. Талкаланган курулаштар айрым дарыялардын агымын бөгөп калгандан улам жаралган ал жасалма көлдөр суу ташкын коркунучун жаратууда. Ошондой эле радиация булактары ачылып кетеби деген коркунуч бар. Өлкөнүн Айлана–чөйрөнү коргоо министрлигинин ушул жума күнкү билдирүүсүнө караганда, радиациянын 50дөй булагы көмүлдү, дагы 35тей булагы коопсуздандырылды, радиация тарабаганы менен 15тейи талкаланган имараттардын алдында калууда.

Жер титирөөдөн 15 миллиондой турак үй кыйрады. Эми өкмөттүн алдында оболу алардын ээлерине баш калканч таап берип, андан кийин үй салуу милдети турат. Премьер-министр Вэнь Цзябаонун билдиргение караганда, жер титирөөдөн жабыр тарткандарды жайгаштыруу үчүн азыр өкмөткө тез арада 900 миң чатыр керек, ал Кытай ишканаларын күнүнө 30 миңден чатыр жасоого чакырды.

Зилзаладан аман чыгып, бирок үй-жайынан кол жуугандардын көбү башка провинцияларга көчүрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG