Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын катышуусунда өткөн Масилет кеңешинин алгачкы отурумунда кадр саясаты, мыйзамдын сакталышы, жумушсуздук маселеси көтөрүлдү. Толук
Мурдагы президент К.Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Белорусиянын Башкы прокуратурасына өтүнүч жөнөтүлгөнүн Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А. Бекназаров билдирди. 7-апрелдеги канабайрамды уюштурууга 12 кишинин тиешеси бар деген шек менен издөө жарыяланган. Алардын айрымдары сурак беришүүдө. Толук
Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев тергөө органдары тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү далилдер топтолгонун, жакын арада аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кескин чаралар көрүлөөрүн билдирди. Толук
3-май - эркин басма сөздүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата медиа эксперт, көз карандысыз талдоочу Кубан Абдыменди сөзгө тарттык. Толук
Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама угулганы турат. Ушуга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов мырза "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди. Толук
Толук
7-апрелдеги Элдик ыңкылап маалында Алияс Алымкуловдун башына ок тийип, аман калган. Азыркынын баатыры, куралсыз топтун лидери, кесиби боюнча тарых мугалими Алияс мырза ошол тарыхый күндү эскерип, "Азаттыкка" маек курду. KJ. 24.4.2010.
Мурдагы өкмөт башчынын 1-орунбасары Акылбек Жапаров 6-апрелдеги Таластагы нааразылык, ыңкылапка алып келген жагдайлар боюнча кабарчыбыз Бекташ Шамшиевге кеп салып берди.