"Азаттык үналгысынын" чыгармачыл жамааты даярдаган видео жана сыналгы материалдар Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү ар кыл окуялардын жана жалпы эле коомдук турмуштун үзүмүн ар кыл өңүттө чагылдырат.
Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу толук метраждуу даректүү тасмасы “Санжыра” кинокомпаниясы тарабынан чыгарылды. Автор фильмде мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт. Тасманын бет ачары 30-августта “Ала-Тоо” кинотеатрында болот.
Алматы полициясы казак сопуларынын үстүнөн жүргөн сот жараянын чагылдырган айрым журналисттерди убактылуу кармап, кайра койо берди. Алматы, 2010-жылдын 26-августу.
Маскөөнүн четиндеги Химки токоюн коргоого чакырган концерт-жыйынга катышкандар “Путин кетсин!”, “Айланма жол салынсын” деген ураандарды чакырышты. 2010-жылдын 22-августундагы бул нааразылык чарасынан бир көрүнүш. Маскөө, Орусия.
АКШнын соңку күжүрмөн аскер бөлүгү президент Барак Обаманын өткөн айдын соңунда Ирактагы согуш аракеттерин токтотуу тууралуу айткан сөзүнө ылайык Ирактан чыгарылып кетти. Эми Иракта калган 56 миңдей АКШ жоокери жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктыруу иштери менен гана алектенип, өлкөдөгү аскердик өнөктүктөргө катышпайт. 2010-ж., 19-август.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарында борбордук аянтта чогулгандардын алдында Мелисбек Мырзакматовдун мэр кызматында кала берерин жарыя кылды. Ошто эки күндөн бери шаар башчысы кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү мэрдин миңдеген жактоочулары каршылык акциясын өткөрүп жатышкан.
Бишкекте 7-апрелдеги окуядан кийин өлкөдөгү стабилдүүлүктү кармап, тартипти орнотууга ИИМ кызматкерлерине көмөк көрсөткөн элдик кошуундун жигердүү мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Жеңил унаалар үчүн техникалык кароодон өтүүнүн мөөнөтү өтүп атканына байланыштуу МАИ кызматкерлери рейд уюштуруп, текшерүүлөрдү жүргүзүшмөкчү. Техникалык кароодон өтө элек жеңил унааларга 300 сомдон айып салынат. 2-августтан калбай өздөрү келип техникалык кароодон өткөн жеңил унааларга айып пул салынбайт. MiT
Пакистанда селден 3 миллиондой адам жабыркап, 1400 киши набыт болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү Хайбер Пахтункхва регионунда айрым айылдар толугу менен шырылып калган. Жүз миңдеген эл там-жайсыз калып, жаракат алганы айтылууда.
Быйыл жайда Европада катуу ысыктан өрт көбөйүп, сууга түшөбүз деп чөккөндөрдүн саны өстү. Испаниядан Орусияга чейинки мейкиндикте август да ысык болот деп күтүлүүдө. Бул аймактын чок ортосунда – Чехиянын борборундагы Пардубице шаарында тургундар аптаптын күчү кайткан бир кечте кандай дем алганын Жаңыл Жусупжан тасмага түшүрүп алды.
Чехияда тогуз коргоол боюнча мелдеш аяктады. Кыргыз-казактын акыл оюнуна быйыл Кыргызстандын командасы келген жок. Байгелүү орундар бүт казактардын энчисине тийди. Тогуз коргоолду тогуз кумалак деп атаган казактар аны эл аралык деңгээлде күжүрмөн сүрөөнгө алып жаткандыктан, Чехиядагы мелдеште оюндун казакча аталышы үстөмдүк кылып кеткени байкалды. (JC)
Орусияда быйыл күн өзгөчө ысып, дүйнөдөгү эң суук аймактардын бири деп эсептелген Якутияда муздар ээрий баштады. Якутиянын зоопарктарында айбанаттарга муздак суу чачышууда. Күндүн катуу ысыганынан улам айрым токойлордо өрт чыгып, Орусиянын кээ бир аймактарында өзгөчө абал киргизилди.
Быйылкы окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алуу чыккан мезгил. Бирок айылга барып сүт ичип, лагерге барып курбулары менен чер жазгандын ордуна турмуштун айынан базарды аралап коробка, желим бөтөлкө, баштык чогултуп акча тапкан өспүрүмдөр көбөйүүдө. MiT
Оштогу өзбек улутундагы айрым жарандар кыргыз аскерлери аларды калабадан куткарып калганына ыраазычылык билдиришүүдө. (JaK)
Оштогу кандуу кагылышта өмүрү кыйылган кырчындай жигиттердин бири, шаардагы Ак-Тилек кичи районунун тургуну, 26 жаштагы Улан Кочкорбек уулун жакындары жоктоп кала берди. Ал 12-июндагы кагылышта окко учкан.
Тажикстанда жүздөгөн адамдар дартка чалдыккан тийешелүү дене мүчөсүнүн алмаштырылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бирок көптөгөн тажиктер донор болууну каалабайт, ал эми өз дене мүчөсүн башка кишиге сунуштоо мүмкүнчүлүгү адеп-ахлактык жана диний көз караштарга байланыштуу кызуу талкуу жаратууда. ZMa
Казак сүрөтчүсү Сауле Сулейманованы өз мекенинде өтө салкын кабыл алышты. Буга себеп ал өз сүрөттөрүндө жердештерин терс маанайда чагылдырганы болду. Бирок Сауле айым сулуулукту жасалмалабастан, кадимки турмуштагыдай көрөөрүн айтат. ZMa
Алты баланын энеси Даворка Вргоч Боснияда талаада миналарды тазалаган жалгыз аял адис. Даворка айым бул кооптуу ишти 13 жылдан бери жасайт жана ар жолу үйүнө кетип баратып аман калганы үчүн Кудайга ыраазы болот. ZMa
Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуялар маалында аскерлер карапайым адамдарга ок ачкан деген сөздөр айтылууда. Ош облусу боюнча комендант Бакыт Алымбеков тополоңду уюштурду деп шектелгендер арасында аскер кийим кийген адамдар болгонун айтты. Аскер кийимдери эркин эле сатылабы? Бул суроого жоопту Мирлан Токталиев издеген.
“7-апрель” кыймылы “Айчүрөк” дүкөнүнүн алдында Жаштар министрлигинин түзүлүшүнө каршы акция өткөрдү. Ага укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров өзү жалгыз катышып, шаар тургундарынан “Жаштар министрлиги керекпи?” деген суроосуна кол чогултту. MiT