Кыргызстандын эксклавы, коңшу Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айылынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Он жылча мурда Ташкент аталган эксклавга түз өтчү жолду жаап, анын тургундарын айланып каттоого мажбур кылган.
Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавынын тургундары толук көчүп келди. Кыргыз бийлиги Баракты Өзбекстанга алмашып, ал үчүн 208 гектар жер алганын билдирген. 2013-жылы Өзбекстан эксклавга кеткен жолду бир тараптуу жапкан соң барактыктар 300 чакырымдай аймакты айланып өтүүгө аргасыз болушкан.
Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын чек арасын мурдагы абалына кайтарууну көздөп жатат. Парктын бир топ бөлүгү жеке менчикке өтүп, турак жай курулган эле. Үй салып алгандардын катарында аткаминерлер да бар.
Украинада согуш башталгандан бери Борбор Азиядан Орусияга барган миграциянын чоң агымы башка багыттарга бурулууда. Анын ичинен АКШга барып иштөөгө умтулгандар көбөйдү.
Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан 1,5 жыл мурда "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган.
Жүрүм-турумду коррекциялоочу борбор аутист, тили чыкпай же психомоторикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар менен иш алып барат. Азыркы тапта түрдүү ыкма менен сабак алып жаткан балдар да, кезек күтүп жаткандар дагы көп. Муну атайын борбордун окутуучулары маалымдашты.
Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкындан кыргыздар дагы жабыркады. "Азаттык" орус жарандыгын алган кыргыз тектүү 10дой үй-бүлөнүн там-ташы суу астында калганын тактады.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецктеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн.
Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлөсүнө карата орус полициясынын орой мамилесин айыптап, нота тапшырды. Орусия тарап окуяны териштирүүнү убада кылды.
Орусияда “Крокус-ситидеги” кандуу кол салууга байланыштуу камалган тажикстандыктардын саны ондон ашты. Бул теракттан көп өтпөй кандуу калабаны даярдаган деген шек менен Тажикстандын жана Кыргызстандын бирден жараны Түркияда кармалганы белгилүү болду.
Маалыматтарга караганда, орус аскерлери дрондор жана ракеталар менен чабуул коюшту. Алар кайрадан энергетикалык инфрастүзүмдөрдү бутага алганы, Киевдин жанындагы ири жылуулук электрстанциясы талкаланганы кабарланды. Николаев облусунда эки киши каза тапты.
Дагы жүктөңүз