Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыз-келиндердин жүзүн толук жапкан паранжы кийишине каршы экенин билдирди. Ал муну "радикалдар таңуулоого аракет кылып жаткан диний кийим" деп атады. Казакстанда соңку учурда диний кийимдер боюнча талкуулар байма-бай болуп жатат.
Стамбулда жашаган тажикстандык эки оппозициячыл активисттин табышмактуу жагдайда жоголушу Түркия мурдагыдай борбор азиялык активисттер үчүн коопсуз болбой калганынан кабар берет.
Кыргызстанда өкмөт билим берүү тармагын реформалоо аракетин баштаганын билдирүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 12 жылдык окутуу системасын камтыган "Алтын Казык" программасын сунуштап жатат. Буга чейин мындай ондогон демилгелер көтөрүлүп, ишке ашкан эмес.
Орусиялык Вадим (аты өзгөртүлгөн) жакында эле кыргызстандык Айжан (аты өзгөртүлгөн) менен баш кошту. Учурда жубайлар Чүйдөгү айылдардын биринде жашайт. Вадим Орусиянын Украинага бастырып киришин сындап жүрүп, акыры мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргызстандагы ири маалымат агенттиктеринин бири - 24.kg агенттигинин кожоюну алмашты. Юстиция министрлигинин сайтындагы жаңыланган маалыматка ылайык, агенттиктин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болуп калды.
Израилдин армиясы Газадагы аш-Шифа ооруканасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун террорчуларына каршы 18-мартта жогорку тактыктагы аскердик операция баштаганын билдирди.
Кыргызстанда кезектеги жолу билим берүү тармагын реформалоо демилгеси көтөрүлдү. Анын алкагында 12 жылдык окутуу системасы сунушталды. Бул программанын өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейинки реформалоо аракеттери сыяктуу ара жолдо калбайбы?
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн айыпка жыгылып же абакка кесилген окуялар уланууда. Узап бараткан жумада оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн Нурбек Кайназаровду Жалал-Абад шаардык соту үч жылга абакка кескени маалым болду.
Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди.
Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо, алдын ала эсептөөлөр боюнча, добуштардын 87% ээ болду. Маалыматтарда бюллетендердин 98% саналып бүткөн. Бул Путиндин бешинчи жолку президенттик мөөнөтү болот жана ал өлкөнү 2030-жылга чейин башкармакчы.
Юрий Дудь, Моргенштерн, Максим Галкин, Oxxxymiron - буларды таанысаңыз керек. Белгилүү блогердин, рэп жана хип-хоп ырчыларынын, куудулдун башын “чет элдик агент” деген макам бириктирет. Эми орус бийлиги алардын кирешесин, капчыгын бутага алууда.
Дагы жүктөңүз