Чехиядагы “Ала-Тоо” уюму бул өлкөнүн ар кайсы аймагында иштеген, окуган кыргызстандыктардын башын бириктирип, жардам көрсөтүү максатында беш жыл мурда түзүлгөн. Уюмдун жетекчиси Айжан Байшүкүрова "Азаттыкка" экскоюзивдүү маек курду.
Орусиялык Вадим (аты өзгөртүлгөн) жакында эле кыргызстандык Айжан (аты өзгөртүлгөн) менен баш кошту. Учурда жубайлар Чүйдөгү айылдардын биринде жашайт. Вадим Орусиянын Украинага бастырып киришин сындап жүрүп, акыры мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоону жеңди. Батыштагы бир катар лидерлер өнөктүктү “эркин жана калыс өткөн жок” деп сыпатташты. Саясий оппоненттердин камалышын, репрессияларды жана Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында добуш берүү уюштурулганын да сындашты.
Ырчы Аскат Жетигенди сот эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту. Жети айдан бери абакта отурган жазуучу Олжобай Шакирди сот камакта калтырды. Владимир Путин Орусиянын президенти болуп шайланды. Казак президенти Токаев Улуттук курултайда аялдардын бети-башын чүмкөп жүрүүсүнө каршы экенин айтты.
Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди.
Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Владимир Путин 2000-жылы Орусияда президенттик кызматка расмий киришкен. Ал кезде Батышта Орусиянын жигердүү лидери катары таанылса, 24 жылдан кийин кантип Эл аралык кылмыш соту камакка алууга ордер чыгарган саясатчыга айланды? Мындай кырдаалга эмне түрткү болду?
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак мектеби жаңы имаратка муктаж. Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир кылым мурда салынган окуу жайдын имаратын кооптуу абалда деп корутунду чыгарган. Ушул тапта ал жерде 36 бала жашап, билим алууда.
Кыргызстандын айрым аймактарындагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Саламаттык сактоо министри муну төгүндөп жатат.
1937-1949-жылдары СССРде жашаган гректер репрессияга - массалык камоого жана атууга туш болгон. Алар Краснодар аймагынан, Крымдан, Абхазиядан жана Ажариядан депортациянын үч жолку толкунуна кабылган. Сталин режиминин убагында мамлекеттик террордон кеминде 75 миң советтик грек жабыркаган.
Ачарчылыкка кабылган Газага деңиз коридору менен 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. Израил парламенти бюджетке согушту каржылоого кошумча каражат киргизүүнү жактырды.
Орусия Украинага дрондор менен чабуул койду. Кривой Рог шаарындагы соккудан улам үч киши каза таап, дагы 38 адам жараат алды. Ошол эле күнү өздөрүн Кремлге каршы күрөшкөн күчтөр деп атаган ыктыярчылар Орусиянын бир нече облусуна кол салганы кабарланды.
Дагы жүктөңүз